Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Тапканын түрмөгө ташыган эне


Абактагылардын жакындары менен кошо Жаңыл апа да Ак үйдүн алдына арыз-арманын айтып чыкты. 23-январь.
Абактагылардын жакындары менен кошо Жаңыл апа да Ак үйдүн алдына арыз-арманын айтып чыкты. 23-январь.

Кыргызстанда акыркы күндөрү абактардагы абал коомчулуктун назарында. Абактагы кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылган камактагылардын аракеттери тууралуу ар түркүн пикирлер бар.


Абактагылар тууралуу кандай сөз айтылбасын, оозуна наар албай жаткан камактагыларга жакындары кабатыр.


"Элден чыккысы" келбеген Улан эс-учунан танды


Кара-Балта шаарынын 76 жаштагы тургуну Жаңыл Мукашеванын небереси Ново-Покровкадагы абакта жазасын өтөп жатат. Небересинен санаасы чыдабаган чоң эне апта сайын абакка казанындагы ырыстуу тамагын көтөрүп, Кара-Балтадан Ново-Покровкага келип турат.

-Эптеп колумдагы тамакты көтөрүп алып келем. Киргизген тамагымдын канчасы өзүнө жетип, канчасы жетпей жатканын билбейм. Колума эмне түшсө, пенсия тийген сайын ырыстуу тамагымды алып барып турам. Азыр көзүм көрүп, бутум басып турган учурда эптеп келип турбасам, кокус алдан-күчтөн тайсам ким келмек эле?

19-ноябрдан тартып ачкачылык кармап жаткан Улан эки күн мурун эсин жоготуп, ооруканага жаткырылыптыр. “Ачкачылык кармабай эле койсоңчу” деген чоң энесинин сөзүнө небереси “абакта эреже ушундай деп” ынабай койгон экен:

- Ачкачылыкты мурун да бир жолу кармаган эле. "Кармабай эле койбосуңбу, жаныңды карачы" десем, “түрмөдө эреже ушундай, элден чыкканга болбойт”, - дейт. Ошентип жатып эки күн мурун кулап калыптыр, атайын ооруканага жаткырылган экен. Азыр жолуга албай жатабыз. Аны мага жанындагылар айтышты.

Абактагы небересине тамак ташыганы аз келгенсип, 76 жаштагы байбиченин мойнунда буту-колу иштебеген майып уулу, абактагы небересинин 6 жаштагы уулу жана эч жерде иштебеген келини бар. Чоң эне аларды багуу бир тең, түрмөдөгү небересин багуу бир тең болуп жатканын айтып кейийт.

- Улан менин неберем, өзүм багып чоңойтком. Атасы 1-топтогу майып. Ал да ооруп жатат. Неберем деле ооруп жүргөн. Эптеп дарыларын алып келип жүрдүм эле. Анысына кошул-ташыл болуп, ачкачылык кармай коюп, эс-учунан танып жыгылды.


Жалган жалаа курмандыгыбы?


Отуздан жаңы ашкан Улан үч жыл мурун адам өлтүрдү деп 13 жылга кесилген. Уландын келинчеги Анара Майтикованын айтымында, ага жалган жалаа жабылып, милициянын уруп-согуусуна чыдабай бул күнөөнү моюнуна алууга аргасыз болгон.

- Бишкекте курулушта иштеп жүрчү. Өзү менен иштеген жолдошторунун бири каза болуп калыптыр. Аны болсо жалган жалаа менен менин жолдошума илип коюшту. Жолдошум болсо Кудай астында ак экенин айтып жатат. Андан башка эмне кылабыз? Милициялар болсо башына кленка кийгизип, бөйрөктөргө ургулап, мойнуна алдырып коюшту. “Кыйноолорго чыдай албай эле, айла жоктон моюнума алып койдум”, - деп айтып жатат. Ошол кыйноолордун азабынан бөйрөктөрү ооруп, ашказаны болбой калды.
Түрмөнүн кызматкерлери кесилгендердин жакындарына да өтө орой мамиле кылышат. Документтериң туура эмес деп шылтоо кылышат. Акча сурашат.


Анара Майтикованын туруктуу иштеген иши жок. Жаз-күз талаага чыгып, бир аз иштегени болбосо уулу экөө улгайган чоң кайненесинин мойнунда. Бир аз акча тапса эле, абактагы күйөөсүнө тамак киргизүүгө ашыгышат. Себеби абактагы күйөөсү телефон чалып, тамак киргизип, телефонго бирдик жүктөп коюшун суранып турат экен. “Түрмөдөгү шарт кичине оңолсо, биздин аз да болсо санаабыз тынчыйт эле ”, - дейт Анара.

Анаранын айтымында, тапкан-ташынганын түрмөгө алып келген күндө деле аны күйөөсүнүн колуна тийгизүү өзүнчө чоң машакат.

- Түрмөнүн кызматкерлери кесилгендердин жакындарына да өтө орой мамиле кылышат. "Документтериң туура эмес" деп шылтоо кылышат. Акча сурашат. Атайын бөлүнгөн убакытта кире албай, канча ыйлаган күндөрүм болду. Жок дегенде алып барган тамагыбызды киргизишпейт. Түрмөнүн жетекчилери болсо ким акча берсе, ошолорду киргизет экен. Ал тургай бизге бөлүнгөн убакытта акча бергендерди киргизип коюшат.

Уландын 6 жаштагы уулу болсо эс тартканы атасын көрө элек. Уулун атасына жолуктуралы десе түрмө кызматкерлери акча сурап киргизбей коюшкан экен.

Кыргызстанда 19-январдан тартып 13 абакта 2 миңден ашык кармалгандар ачкачылык кармоодо. Алар түрмөдөгү кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылып жатышат. Ал эми алардын жакындары коюлган талаптарды аткарууну бийликтерден суранып, нараазычылык акциясын уюштурууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG