Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Абактарда кургак учук күчүндө


Бишкектин четиндеги №3 түрмө, 2011-жылдын 12-июлу.
Бишкектин четиндеги №3 түрмө, 2011-жылдын 12-июлу.

Депутаттар өлкө абактарында кургак учук менен ооругандардын саны өсүп, абак жайлардын кышка даярдыгы жоктугун айтууда.

Ал эми өкмөттүн алдындагы Жаза аткаруу башкармалыгы абактарда кургак учук менен ооругандар азайганын айтып, бирок быйыл кышка даярдык жоктугун моюнга алышууда. Өлкөдөгү абактарда кармалгандардын үчтөн экиси кургак учук менен ооруй турганын адистер белгилеп келишет.


Куруткан кургак учук


Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Камила Талиева абактарда өткөн жылга салыштырмалуу кургак учук менен ооругандардын саны алда канча көбөйгөнүн билдирди. Анын оюнча, бул өкмөттүн алдындагы Жаза аткаруу башкармалыгынын кандай иштеп жаткандыгынын көрүнүшү:

- 2011-жылдын биринчи жарымында эле 2010-жылдын ушу мезгилине чейин кургак учук менен ооруп каза болгондор 92 адамга көп. Демек алардын саны өтө көп болуп жатат.

Бирок мындай маалыматты Жаза аткаруу башкармалыгынын мединициналык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жакшылык Турсункулов четке какты. Анын айтымында, кургак учук менен ооругандардын саны тескерисинче жыл сайын кыскарып баратат:

- Кургак учуктан ооруп каза болгондор анчалык көп эмес. Бул айтылып жаткандар статистикалык маалыматтарга дал келбейт экен. Биз квартал сайын жана ар айдын бешинде эсеп жүргүзүп турабыз. 2011-жылдын октябрь айынын бешине карата кургак учуктан каза болгондор 14 адам, ал эми жалпы каза болгондордун саны 75 адам болгон.


Абактагылар эмне дейт?


Адистердин айтымында, кургак учук бул социалдык оору. Аны менен суук тийгизип алгандар жана жакшы тамактабагандар оорушат. Маселен, абактарда кургак учук менен ооругандарга күнүнө 170 сом каралган. Бирок тамак-ашка бул каражаттын 84 сому гана бөлүнөт. Тамак-аштан тышкары абактардагы жашоо-шарттын начардыгы, суук жана сыз бөлмөлөр да бул ооруга чалдыккандардын санын көбөйтүп жатканын белгилешүүдө.

Атын ачык атагысы келбеген, түрмөлөрдүн биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир аял абактарда кургак учук менен ооругандардын саны арбын экенин айтты:

- Ооругандар чындыгында эле көп, бирок алардын баары эле ооруп жатканын билгизбейт, дарыланышпайт. Эгер акчаң болсо, ооруканага алып барып, дарылап беришет. Эгер акчаң жок болсо карабайт. Эркектер түрмөсүндө болсо абдан эле арбын. Рентгенге түшүп турушат, бирок ооруса деле жүрө беришет.


Жаза аткарууда баары жайындабы?


Ноябрь айы кирип келгени менен Кыргызстандын абактары кышка али даярданган эмес. Ага ылайык, депутаттар Жаза аткаруу башкармалыгынын ишин катуу сынга алып, каражаттарды максатсыз пайдаланган деп кине коюшууда. Мындай сын-пикирлерди Жаза аткаруу кызматынын айрым жекечилери да моюнга алды.

Жаза аткаруу департаментинин штаб башчысы Тургунбек Токтосунов да абактар кышка даяр эмес экендигин билдирди.

- Биздин жетекчилик Каржы министрлигинен кошумча акча сурап жатат. Эгер берип калса, кышка даярык көрүлөт го, буйруса. Бирок бир күндө эле бүтпөйт да бул жумуш. Тендер өткөрүш керек жана башка жумуштар менен бир-эки айга созулат. Декабрь жана январда кышка даяр болуп калса да, кудайга шүгүр. Мунун баары эмнеден улам болуп жатканын биз депутаттарга ачык айттык. Себеби, акчаны биздин төрага өзү жумшап жатат иштерге. Ар кайсы иштерге жумшап жатат, бирок бир гана шартты жакшыртуу үчүн эмес.

Акыркы кездери Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун дарегине да катуу сындар айтылып келатат. Аны кызматкерлерди жумуштан мыйзамсыз бошоткон, каражаттарды туура эмес пайдаланган деп айыптап, кызматтан кетишин талап кылгандар да бар. Маалыматтарга караганда, Шейшенбей Байзаковдун ден-соолугу начарлап, учурда ооруканага жатып калды.

Расмий маалыматтарда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын абактарында 12 миңдин тегерегиндеги адам жазасын өтөп жатат. Ал жактагы шартты жеңилдетүү, кургак учук менен ооругандарга жардам көрсөтүү максатында Эл аралык уюмдардын көмөгү жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда бир нече иштер жасалып, бирок абал айтарлык жакшырбай келатат.

XS
SM
MD
LG