Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Түрмөдөн качып кармалгандардын үчөө өлдү


Солдон оңго карай: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев
Солдон оңго карай: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев

Эки күндө абактан качып, кармалгандардын үчөө өлдү. Айрым укук коргоочулар абактагылар атайылап өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп айтып чыгышты.

№50 түрмөдөн качып, ошол эле түнү кармалган беш адам №1 тергөө абагына которулган. Ушул күндө алардын үчөө кайтыш болду. Мындан башка абактан качып, издөөдө жүргөн төрт адамдын экөө өлтүрүлүп, ошону менен өлгөндөрдүн саны беш кишиге жетти.

Эки күндө үч өлүм

Чүйдөгү №50 абактан качып, кармалган беш кишинин бири, 37 жаштагы Бакыт Кенжегулов 21-октябрда таңга жуук оорудан өлдү делсе, түштөн кийин дагы бири, 33 жаштагы Муратбек Жумалиев ооруканада жан берди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын “Азаттыкка” билдиришинче, Бакыт Кенжегуловдун мээсине зак кетсе, Жумалиевдин өлүмү да баш мээсинен жаракат алганына байланыштуу болгону аныкталды.

- Кенжегулов Бишкектеги №47 ооруканада каза болду. Алдын ала маалыматтарга караганда мээсине зак кеткен. Ал эми Жумалиев баш сөөгүнөн жаракат алып, мээсине кан куюлуп кеткен. Тиешелүү кызмат тарабынан учурда иликтөө уланып жатат.

"Тартип сакчылары өч алууда"

Укук коргоочулар абактарда күзөтчүлөр тарабынан ачыктан ачык эле өч алуу жүрүп жатканын айтып чыгышты. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева №50 түрмөдө 12-октябрдагы качууга тиешеси бары да, жогу да массалык сабалып, кызматкерлер абакка камалгандардын туугандарын, жактоочуларды киргизбей жатканын билдирип, абактарда абал колдон чыгып кетүү алдында турганына тынчсызданууда.

Токтайым Үмөталиева жагдайга жогорку кызматтагы адамдар кийлигишпесе, №50 түрмө менен №1 тергөө абагында кызматкерлер өз билгенин жасап жатат деп, өлкө президентине чейин кайрылды.

- Балдардын баарын токмоктошууда. Туугандары бизге арты-артынан арызданып каттарды алып келип жатышат. Кенжегуловдун буту-колу сындырылган деп айтышты. Эч кимди киргизген жок, туугандары чыркырап атышат. 12-октябрда түрмөдөн эшиктер ачык болуп турса да качпай койгон балдарды да сабап жатышат.

Бул маалыматты Мамлекеттик жаза атакаруу кызматы толугу менен төгүндөдү. Аталган кызматтын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова абактардагыларды сабоо көрүнүшү бүгүнкү күндө жок экенин айтты.

- Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, адвокаттарга биздин эшик ачык. Дайыма эле киргизип жүрөбүз. Бизде кыйноолор катталган эмес. Алар канча жолу мониторинг жүргүзгөн, бир дагы жолу кыйноо фактылары аныкталган эмес.

Мыйзамдарга ылайык, терроризм үчүн айыпталып, эркинен ажыратылган адам өлгөндө сөөгү туугандарына берилбейт. Сабатарова атайын органдар тергөө ишин жүргүзүп жатканда абактан качкандар аларга каршылык көрсөткөнүн, тартип сакчылар күч колдонууга мажбур болгонун кошумчалады.

Тасмада: Абактан качкан Мүсүралиев жок кылынды

Абактан качкан Мүсүралиев жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

20-октябрда жүрөгү кармап СИЗОдон өлдү делген 45 жаштагы Таалайбек Жумановдун адвокаты Жамангул Жусупов “Азаттыкка” билдиргендей, кармалган беш адамды жалгыздап тергөө абагындагы камераларда кармап, бирден кыйноого алышкан фактылар бар. Өлөөргө аз калганда аларды ооруканага жиберишип, ошол жерден өлдү деп чечим чыгарышууда.

Адвокат Жамангул Жусупов тартип сакчылар өч алып жатканын айтты.

- Тартип сакчылар канга-кан менен жооп берүүнү чечишти. Аларды УКМКнын тергөө абагына эбак которуш керек болчу. Болбосо Жаза аткаруу кызматынын адамдары буларды жайына койбойт. Бул жерде өйдө жакта отурган жетекчилер да аралашып, буйрутма берип тогузун тең өлтүрүш керек деп жатат. Булар бардыгынын көзүн тазалайбыз деген максат менен киришти.

Реформага муктаж система

Ал арада Жаза аткаруу кызматы төрт колониянын жана 50-СИЗОнун жетекчилери кызматтан алынганын билдирди. Кадрдык алмашуулар түздөн түз 50-түрмөдөгү окуяга байланыштуу экени маалымдалып, №2, 3, 8, 16-түзөтүү колонияларынын башчыларынан тышкары бир катар жетекчилер да кызматынан четтетилди.

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов окуя болгон күндөн кийин дароо эле шалаакылыкка жол берген жетекчилер кызматтан алынганда абакта өлүмдөрдү болтурбай коюу мүмкүн болчу деп эсептейт. Марат Кайыпов тергөө иштери Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинен башталыш керек деген пикирде:

- Кызматтык тергөө бир сутканын ичинде жүрүп, жетекчилер ошол күнү иштен алыныш керек болчу. Ошондо бүгүнкү күндө биз көрүп жаткан өч алуулар болмок эмес. Эгерде мындай жол менен бара турган болсок, эртең бир дагы киши абактагы адамдар аман келет дегенге кепилдик бере албайт. Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы толугу менен реформага муктаж. Бул кызматка өз алдынчалуулук берип койгону туура эмес.

Тасмада: Абактан качкан беш кылмышкер кармалды

Абактан качкан беш кылмышкер кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:35 0:00

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алар үч түрмө кызматкерин - ички кызматтын майору Таалайбек Өмүрзаковду, Туратбек Садыбакасовду жана Фархад Орозбек уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, дагы бир кызматкерди чала жан кылып сабап качып кетишкен. Жарадар болгон абактын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиев төрт күндөн кийин эсине келбей жатып көз жумган. Төртөөнүн артында он бала жетим калды.

Абактан качкан тогуз кишинин бешөө бир сааттан кийин кармалган. Качып кетүүгө үлгүргөн 39 жаштагы Данияр Кадыралиев Дордой-1 конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мүсүралиев 20-октябрда Сокулуктагы ээн сарайда өлтүрүлгөн. Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов азыркыга чейин издөөдө.

XS
SM
MD
LG