Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жанышка кошомат кылып күйгөндөр


Жаныш Бакиев. Минск.
Жаныш Бакиев. Минск.

"Ачык сөз" гезити Жаныш Бакиевдин "кайрымдуулук фондуна" салган акчалары акталбай, бөөдө чыгым болушканын жазып чыкты.

“Азия ньюс” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында биринчи беттен орун алып, коррупцияга байланыштуу камалган чиновниктердин дээрлик бардыгы түрмөдөн ар кандай себептер менен бошотулуп жатканын, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев дагы оорусуна байланыштуу абактан бошотулушу ажеп эместигин маалымдады.

Кабарчы Керим Мурастын “Криминалга каршы күрөшпү же пиар компаниябы?”- деген макаласында "Ата Мекен" фракциясынын кечээги отурумунда өлкөдө криминалга каршы күрөштүн абалы тууралуу сөз болуп, криминалдардын тойлоруна бийлик адамдары да барып, куттуктап жүргөнү, Аксы районунун акиминин 1 миллионго жакын акчаны карактаган баласын жергиликтүү соттун актаганы, укук коргоо органдары кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүдө чабалдык кылып жатканын айтып чыкты. Автор бул макалада "Ата Мекен" фракциясы өткөн шайлоодо дагы ушул маселени көтөрүп чыгып, парламентке келгенден кийин “унутуп” койгонун белгилеген.

Ушул эле гезит аркылуу президенттик аппараттын 1-орун басары Икрам Илмияновго “Икрам Ак үйгө лейлектиктерди толтурдубу?” деген суроо узатып, президенттин, өкмөттүн аппаратына лейлектик 39 адамды жумушка киргизгени тууралуу кептин чын-төгүнүн билүүгө жооп издеген. “Данчиктин досу Күмүшбек Курманалиевге кызыгып көрсөк”, “Молдомуса Конгантиевге түрмөнүн тузу буюрбай калабы?”, "Баш прокурор Аида Сальянова Чүй облусунун прокурордук кызматына нарындык жердешин түртүүдө" деген учкай маалыматтар, "Жаныш Бакиевдин 50 жылдык тоюнда Жусубали Төрөмаматов болгонбу?" деген сүрөттүү кыстырма, "Министр А.Суранчиев УКТ менен байланышы бар депутаттарды жана аткаминерлерди атады" деген куш кабар, “Кыз-келиндердин шорун катырабы?”, “Хонду сыздаткан Бабанов” деген темадагы макала дагы окурмандарды кайдыгер калтырчудай эмес.

“АЗИЯ ньюс” экс-премьер-министр И.Чудинов менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго күзүндө кылмыш иши козголорун кыйытты. Маалыматка караганда Чудинов “Кыргызгазды” жетектеп турганда шектүү иштери күч органдарынын кылтагына илинсе, Пирматов болсо Жалал-Абаддагы “Кыргызнефтегазды” башкарып байыганы, андагы “калбыры” менен кылтакка оңой илинерин ишеничтүү булактары кабарлаганын билдирди.

Ал эми “Комсомльская правда - Кыргызстан” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында “Бишкек гүлдөшү үчүн көп жана сапаттуу иштеш керек” деген темада баш калаанын мурдагы мэри Иса Өмүркуловдун маеги жарык көрдү. Журналист Юлия Шитованын суроолоруна жооп берип жатып Өмүркулов ага карата козголгон кылмыш ишинде саясий боектор бар экенин белгилеп, кымындай дагы күнөөсү жоктугун айтып, келечекте чоң саясатка аралашарын кыйыткан.

“Ачык сөз” гезити болсо “Жантөрө нени кыйытты?”, “Ак шумкар эми күүлөнөт”, Башына “алтын” жааган Жапаровдор" деген макалаларга орун берип, “Алтын жумуртка баскан “Мегаком” катырылды, башкаларчы?" деген макалада март төңкөрүшүнөн кийин Акаевдин менчик мүлктөрүн Курманбек Бакиевдин жакындары тартып алып ээлик кылганы, атүгүл Жусуп Бакиев атындагы фонд уюштуруп акчага туйтунганы жөнүндө : “- Кошомат кылып долларын көтөрүп барганды Жаныш фондго жөнөтүп жиберчү. Анан кадимкидей кассасына кошумчасын төлөп, акыры бир кызмат берет деп үмүттөнүп жүргөндөрдүн көбү күйдү. Кээ бир эргулдар тамын сатып акчасын ошол “кайрымдуулук” фондго салышкан. Бирок ыңкылап чыгып кетип, шору куругандар болду”,- дейт автор.

XS
SM
MD
LG