Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Гезиттер: жарышка бети калыңдар аттанды


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары шайлоого аттанган партиялар, лидерлер, депутат болчумун деп тизмеге киргендер тууралуу макалаларды, маектерди басты.

“Де-факто” гезитине Өмүрбек Бабанов, Чолпон Жакупова, Бакыт Төрөбаев, Кылычбек Исамамбетов, Садык Шернияз чыкты. Ушул эле гезит президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай сапарынан фоторепортаж берди. Өкмөт башчы Темир Сариевдин Ош сапары тууралуу жазды. Өмүрдөн эрте кеткен акын Азада Бегимкулова тууралуу сиңдиси Сабира Бегимкулова сөз кылды. Атактуу актриса Жамал Сейдакматованын маеги “Азырынча элибиз театрга эмес, тойлорго көп барат” деп аталды. “Де-факто” гезити ушул эле санына Үзөңгү-Куушту жана Каркыраны сатуу үчүн добуш берген депутаттардын тизмесин жарыя кылды.

“Кыргыз туусу” гезити кыргыз президенти менен кытай президентинин жолугушуусун “Улуу кошуна менен мамилелер үзүрлүү болууда” деп атады. Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Жибек оңбос болсочу да, жигит өлбөс болсочу?” деген ат менен атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевди эскерген баяны басыла баштады.

"Айат” гезити “АКШ: Кыргызстан жөнүндө “жашыруун” кат” деген макала басты. Анда Нью-Йорктогу адам укугу боюнча эл аралык лиганын президенти Скотт Хортондун АКШнын агездеги Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонго жөнөткөн каты ачыкка чыкканын жар салды. Профессор Клинтонго жолдогон катында 2010-жылы Кыргызстанга келип таанышып, Бакиевдин башкаруу саясаты кылмыштуу жана арамза стратегия экендигин жазуу менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө мүнөздөмө берген, кыргыз өлкөсүнүн ошол кездеги ал-абалын толук баяндаган.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын “шайтан оюн” деген чакан макала менен ачып, бүгүндөн баштап шайлоого старт берилгенин, жарышка криминалга аралашкан баягы эле эски маслократтар, элдин эсебинен байыган экс-чиновниктер, беттери беш ирет жешилип бүткөн сүткор-көпөстөр аттанганын, караламан калк кайдыгер болсо, ага жараша баягы эле жулкунгандар, куру убадалары менен курсак тойгузгандар парламентке келерин, ал үчүн эч кимге таарынууга акыбыз жоктугун, анткени баарын кылган өзүбүз экендигин жазды.

БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов интервьюсун “Шайлоого ОПГ мүчөлөрү менен оор кылмыш кылгандар да аттанды” деп атап, депутат болом дегендердин арасында оор кылмыш кылгандар, адам өлтүрүүгө аракет кылгандар, кыз зордуктагандар, үйүнө мыйзамсыз курал сактап жүргөндөр, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, 8 килограмм героин менен кармалып, 10 жыл качып жүрүп, сот аркылуу кылмышынын мөөнөтү өтүп кетти деп жаптырып салгандар, алдамчылык кылган аферисттер, дагы башкалар бар экенин, буларды каттабай койууга акысы жоктугун, анткени алардын баарынын колунда сот чыгарып берген “соттолгон эмес” деген кагаздары барын айтты.

“ПолитКлиника” гезити эксперт Аман Салиевдин “ИГИЛ жана Европа–“күңүрттөнгөн каршылык” деген макаласынын корутунду бөлүгүн жарыялады. Анда “Ислам мамлекети” деген эмне деген экстремисттик уюм экенин кенен түшүндүрүп берген. Кол өнөрчү Алмаз Өмүров бут кийим тигүү бизнесин 350 сом менен баштаганын, бүгүн анын тиккен бут кийимдерин быягы казактар, тиягы америкалыктарга чейин сатып алып жатканын айтып берген. Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын журналист Айгүл Бакеева менен маеги да ушул “ПолитКлиникада”

“Айбат” гезити “Шайлоо ар беш жылда бир болот, мамлекет бирөө гана!” деген макалага шайлоочулардын көңүлүн бурду. Гезитке Минск шаарында өткөн сулуулардын конкурсунда “Миссис сулуу” деген титулга татыган Таңсулуу Өмүрзакова маек куруп, дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсү катышкан сулуулардын сынагында кыргыз деген элдин кыздары кандай экендигин, кыргыз кыздарынын өңү эле эмес, жан дүйнөсү да сулуу болорун, ыймандуу, маданиятуу болорун көздөрүнө көрсөтүп жеңишке жеткенин айтып берди.

“Фабула” гезити айрым адамдардан “Эл өкүлдөрү эртелеп иштен кеткенине кандай карайсыз?” деген суроо менен кайрылып, алардын жообун тартуулады. Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулова “Билек түрүп иштээр кез келди” деп маек куруп, административдик-башкаруучу кызматкерлер кыскартылып, ушундан эле 60 млн. сом үнөмдөлгөнүнө, окуу жайдын келечегине токтолду.

“Асман плюс” гезитинен журналист Динара Бейшеналиеванын “Каскадерлор жанын оозуна тиштеп жүрүп тасмага тартылышат” деген кызыктуу макаласын, Лариса Асанбекованын “Асман тиреген Токио” деген сапар баянын окуйсуздар.

“Азия пресс” гезити журналист Жума Мамбетовдун “Кыргыз тилин кыйнабайлы, сыйлайлы” деген макаласына окурман көңүлүн бурду.

Ушул күнү калыңдап чыкчу “Вечерний Бишкек” гезити да жарык көрдү. Гезиттен “Пекиндеги миссия” тууралуу макаланы, республиканын Социалдык фонду кайра эсептөө жүргүзүп жаткандыктан пенсиялар кечигип калганын, эми 10-сентябрдан тартып пенсионерлер пенсияларын мурдагыдай эле ала башташарын кабарлады. Ошондой эле үй түрмөсүндө жүргөн депутат Хаджимурат Коркмазов 15-сентябрга чейин кайрадан СИЗОго жаткырылганын жазып чыкты.

Гезитте мындан башка дагы көптөгөн маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG