Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Бабанов-Ташиев тандеми соңуна чыктыбы?


"Республика-Ата-Журттун" курултайы
"Республика-Ата-Журттун" курултайы

Эл аралык байкоочулардын баары 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого жогору баа беришкенин бүгүнкү гезиттер жазышты.

Шайлоодо жеңген партиялар Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирип калуу аракетин баштаганын жазган “Вечерний Бишкек” гезити журналист Элвира Темирдин “Жыйынытыгы толук чыга элек, соода болсо башталды” деген макаласын басты.

Макалада көпчүлүк коалицияны түзүү мандатын президент Алмазбек Атамбаев башкаларга эмес, көздөй киши катары КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырары логикалуу экендигин, анын үстүнө бул жагынан Чыныбайда тажырыйба жетиштүүлүгүн, бирок айрымдардын айтымында, Турсунбеков лидерлик орундан кетерин, ал эми көпчүлүк коалицияга кирем деген партиялардын ортосунда соода жүрөрүн, анткени парламентке келиш үчүн оңбогондой акча чачкан ар бир партия көпчүлүк коалицияга кирүүгө жанталашарын, анткени өкмөттү ушулар түзүп, өкмөттөгү орундарды ушулар устукандап бөлүштүрөрүн, демек шайлоого чачкандарын кайра жыйноо тилеги баарынын башында айланып тургандыгын жазды. Автор андан ары Бабанов Ташиевдин жарыштан алынып салганына нааразылыгын билдирип чыккан менен, бир балаадан кутулгандыгы үчүн ичинен кере-кере дем алганын, баары бир Бабанов-Ташиев тандеми көпкө созулмак эместигин, бирок Ташиевдин парламентте жоктугу качан болсо тузу кем шорподой болуп турарын, анткени мезгил-мезгили менен ал коюп турчу “концерттен” куру каларыбызды белгиледи. Дагы бир көңүлгө алып кое турган жагдай, Бабанов 30 депутаты менен депутаттык жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан баш тартарын жар салганын, көпчүлүк коалицияга кирүү ниетин “Өнүгүү” патриясынын лидери Бакыт Төрөбаев да билдиргенин, коалицияга кирүүнү “Кыргызстан” да кааларын, Канатбек Исаевдин партиясы азырынча тынч туруп, президенттин кетерине бир жыл, жарым жыл калары менен саясий салмагын арттырыш үчүн кескин оппозицияга өтөрүн, “Бир бол” менен “Ата Мекен” бирикпей, өз-өзүнчө оппозицияга айланарын, “Бир болдун” лидери Мыктыбек Абдылдаев деп саналганы менен, партиядагы маселелердин баарын Алтынбек Сулайманов - Жаныбек Бакчиев экөө чечерин, Мыктыбек Абдылдаев менен Игорь Чудинов башкы ролду ойнобой тургандыгын кеп кылды.

Парламентке келген партиялар жөнүндө жазган “Дело №” гезити жарышка түшкөндөр укмуш убадаларды биринен бири өтүп берип келишкенин, мисалы “Ар-намыс” партиясы “Биз парламентке келсек мугалимдердин айлыгын 20 миң сомго жеткиребиз” дегенин эске салып, “20 жыл мурда 20 миң сомго жеткирбе деп “Ар-намыстын” колун ким кармап жүрдү эле” деп жазуу менен, бул ирет эң эле тажырыйбалуу жана дымактуу делген “Ата Мекен” партиясы 7 проценттик тосмодон араң дегенде өткөнүн, демек, аталган партиянын күнү акырындап батып баратканын, анын үстүнө “Ата Мекен” позициясынын эки жүзү, ал тургай үч жүзү менен коомдогу кадыр-баркы менен сый-урматын жоготуп алганын, бирде өлкөнү Батыштын жолу менен барыш керек деп Американы көздөй чакырып, бирде парламенттин ичин удургутуп кутумчулук кылып, бирде Кыргызстан Бажы союзуна кирсе кыйроого учурайт деп, элди Евразиялык экономикалык союз менен коркутуп, бирде Орусияны көздөй ыктаган түр көрсөтүп жатып ушуга келгенин, эл деген бир багытта жүрүп турган стрелканын бирде тигил, бирде бул жакты көздөй секире бергенин жакшы көрбөй тургандыгын, саясатчылардын кечээ бирди, бүгүн бирди айтпаган чынчылдыгын, тазалыгын, бекемдигин жактырарын, анткени эл саясатчылардын ар кандай айла-амалына ороп берилген куулук-шумдугуна кокосунан тоюп бүткөнүн, буга дейре алданып келген элди бүгүн алдоого мүмкүн болбой калгандыгын айтты.

Ушул эле “Дело №” бүгүнкү санына “Президент эмоционалдуу жана ичине эч нерсени катпайт. Элге ушунусу жагат!” деген макала басып, паламенттик шайлоо күнү эл аралык байкоочулардын делегацияларынын башчылары менен жолуккандагы сүйлөгөнүн басты.

“Дело №” гезити ошондой эле окурмандардын көңүлүн дагы бир маселеге буруп, “Сөз жүзүндө баары жеңилдиктен баш тартты, а иш жүзүндөчү...” деген чакан кабарында, шайлоого катышкан 14 партиянын 9у депутаттык жеңилдиктер менен артыкчылыктардан баш тартуу декларациясына кол койгонун, мисалы “Кыргызстан”, “Республика - Ата Журт”, “Бир бол”, “Аалам”, “Ата Мекен”, “Замандаш”, “Кыргызстан элдеринин конгресси”, “Бүтүн Кыргызстан эмгек”, “Улуу Кыргызстан” партиялары кол койгонун, ал эми “Ар-намыс”, КСДП, “Азаттык”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекен Ынтымагы” жеңилдиктерден баш тартууга макул болгону менен, артыкчылыктардан баш тартууга макул болбогонун, айрымдар депутаттык кол тийбестик деген депутаттын жемиштүү иштешине шарт түзөт деп айтышканын, демек айрымдар депуттатыкка дагы эле кызылдай пайда табуу үчүн гана келгенин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG