Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

"Аюнун" ээси спортко кетти


“Кыргыз туусу” гезити “Балдар, таалайыңар тоодой болсун!” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу менен бүгүнкү санын ачты.

Баатыр акын Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгын куттуктаган президент акынга 500 миң сом тартуу кылганын, президент мындан тышкары “ЭлТР” телеканалынын мигранттардын турмушун чагылдырган “Мекендештер” теледолбоорунун журналисттерин кабыл алып, 200 миң сом акча бергенин кабарлады.

Окумуштуу Шейшембек Сатылганов “Чек аралар көйгөйү жана аны чечүү жолдору” деген макаласында чек ара маселеси боюнча бир катар баалуу сунуштарын айтты.

“Вечерний Бишкек” гезити “Сөздүн жана сөздүктүн мастери” деген макаласында Кыргызстандын илимий жана маданий коомчулугу көрүнүктүү түрколог, кыргыз тилине бүтүндөй өмүрүн арнаган, 40 миңден ашуун сөздү камтыган баа жеткис “Кыргызча-орусча” сөздүктүн автору, академик К. К. Юдахиндин 125 жылдыгын белгилегени турганын кубануу менен билдирди.

Ушул эле гезит Кыргызстандын Улуттук олимпида комитетинин президенти болуп “Аю” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов шайланганын белгилеп, 16-июнда Кыргызстанга Эл аралык Олимпиада Комитетинин президенти Томас Бах жана Азия Олимпиада Кеңешинин президенти шейх Ахмад Ал Сабах келерин, бул спорт жаатындагы чоң окуя экендигин маалымдады.

Журналист Нарын Айыптын “Жайкы түндөгү түшүркөө” деген макаласында Александр Рябушкин кечээ “Вечерний Бишкектин” жетекчилеринин бири Лондонго, бири Минскиге кетти, Александр Ким коллектив менен коштошту деп интернет аркылуу жар салганга үлгүргөнүн, бирок чындык андай эместигин, эч ким эч жакка кетпей тургандыгын, Александр Ким чындап эле жамаатты чогултуп сөз сүйлөп, гезитке байланышкан сотту бийлик бир айдын ичинде бүтүргөнү калганын, жамаатка мындан ары да туруктуулукту, бекемдикти каалаганын, Москвадан чакыртылып келген адвокат Василий Сайкин иш менен таанышып төбө чачы тик туруп жатканын, анткен менен биздеги сот иштери кандай жүрөрүн жакшы билген киши катары Сайкиндин оптимизмине деле анча ишене бербестигин жазып чыкты.

Аталган гезиттин айланасындагы мүлк талашка башка өңүттөн караган “Фабула” гезити “Рубикон” компаниясын негиздегендердин бири Александр Рябушкиндин билдиргенин далил катары кармап, анын айтканы боюнча Александр Ким Дина Маслованы ээрчитип алып Англияга кетсе, гезиттин башкы редактору Геннадий Кузьмин Минскиге кетерин, Минскиде Курманбек менен Жаныш Бакиев турса, Лондондо Максим Бакиев турарын, ал эми шайлоодо Өмүрбек Текебаевди колдоого чакырган Александр Ким убагында коллективин Акаевдин “Алга Кыргызстанын”, анын иши бүткөн соң Бакиевдин “Ак жолун” колдоого чакырганын, бул чакырык да ошондойлордун бири экенин айтканын жазды.

Ушул эле “Фабуладагы” “Шылуун коррупционерлерге “жашыл жол” деген макаласында Баратбай Аракеев бул жолу да “шайлоо таза болот”, “таза адамдарды шайлаш керек” деп өңгөчү үзүлгөнчө кыйкырган менен чөнтөктөрүн арамбы-адалбы, айтор акчага толтурган баягы эле шылуундар аттанып, айыл-айылдарды аралап “баш айланткыч” оюндарын баштаганын, демек Кыргызстанда булардан өткөн “таза адамдар” жоктугун, андыктан ушулар гана “накта тазалар”, калган шайлоочулардын баары “таза эместер” деген ой келип чыгарын, демек бул шайлоодо “таза эместер”, бир ууч “тазаларыбызды” шайлап, такка алып келерибизди жазып, зээнди дагы кейитти.

Айбек Шамшыкеев “Жаргылчак” деп аталган рубрикасындагы жаргылчакка бул ирет депутат Феликс Куловду “тартып”, генералдын Акаевдин маалында саясатка аралашып, кандай иштерди жасап, кандай кызматтарды басып өткөнүн, Бакиевдердин бийлигин чыңдоого кантип салым кошконун, достукка кантип туруксуздук кылганын баяндады.

Жангороз Эсенгелдиевдин макаласы “Эл өкүлдөрү өлкөнүн тоо-кен өндүрүшүн талкалаганы калды” деп ат менен жарык көрдү.

Президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысы Темир Сариевге багышталган кайрылууга кол койгон маданият ишмерлери тажик улутундагы кыргыз жазуучусу, эки элдин ынтымагы үчүн тоодой эмгек жасап келген Мирзохалим Каримовдун эмдигиче үйү жок жүргөнүн белгилөө менен үй жагынан да, башка жагынан да жардам берүүнү суранышты.

Академик Мамбет Мамакеевдин “Мезгил жана инсан” аттуу мемуары, академик Абдылдажан Акматалиевдин “Айтматов жөнүндө этюддары” басылууда.

Бул күнү “Лидер инфо” аттуу жаңы гезит жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG