Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Президенттерге "капчык" болгондор


Иллюстрация
Иллюстрация

“Кыргыз туусу” гезити президенттин майрамдык куттуктоосун басты.

Бүгүн 1-Май... Жаз жана эмгек майрамы менен кыргызстандыктарды президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу менен ачкан “Кыргыз туусу” гезити “Эмгек кайнап, береке жайнап турсун!” деген, “Жогорку Нарын каскады: Курулуш өз мөөнөтүндө жүрүүдө” деген макалалар менен жаңы санын ачты.

Гезиттен “Кыргызча-орусча сөздүктүн” автору, атактуу академик Юдахин Константин Кузьмичтин 125 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча биринчи жыйын болгонун, президент Атамбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына Жедигер Саалаев менен Курмантай Абдиевди көрсөткөнүн, Темир Сариев өкмөттүн 27-башчысы болгонун, үрөнчүлүк чарбаларына мониторинг өткөрүлөрүн, кыргыз кыздарынан чыккан миң кырдуу талант Жеңишгүл Өзүбекова да ат ойноткон 60 жашка чыгып келгенин жана акындын “Күн кыздары” деген термесин, залкар ырчы Болот Миңжылкыевдин акыркы маегин жана башкаларды окуйсуздар.

“Фабула” гезитинен Айтматовдун аты бүтүн эмес, жарты көчөгө берилгенин, Камчыбек Ташиев соттон акталып, “Чыңгызхан оюн салган” айыбы алынып салынганын, Абдыкапаровдун соту ары жылганын, Икрам Илмиянов “Замандаш” партиясын жетектейт деген кеп тараганын, “Вечерний Бишкектин” кожоюндугунан 100 процент ажырарын билген Александр Ким басма үйү жамаатын чогултуп, кызматкерлерди башка жактан жумуш караштыра берүүнү айтканын, аялы экөө болсо өз мүлктөрүн жакындарына каттатып жүргөнүн көргөндөр айтып келгенин, бийликтин алы жетпей койгон “Ата Түрк” паркында шаардын мэри Кубанычбек Кулматовдун өзүнүн хансарайы барын маалымдады.

“Фабула” гезити өкмөттүн башына келген Темир Сариев кандай болгон күндө да темирдей бекемдигин көрсөтүп, буга чейин ашмалтайы чыгып бүткөн, бар же жок экени билинбеген, оорукчан адамдай болгон өкмөттү иштетип, кежеңдегендерин кежигеге чаап, дем алыш, майрам, сайран дегендерин таштатып иштетмей болгонун кубаттап, ийгилик каалады.

Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметовдун “Уюшкан кылмыштуу топтун 300 мүчөсүнүн 50дөйү эле калды” деген маеги да ушул гезитте.

“Вечерний Бишкек” гезити “Эң башкы суроолор жоопсуз калууда” деген макаласында жамааттын Икрамжон Илмиянов, Эркин Мамбеталиев, Фарид Ниязов жөнүндө жазгандары суу кечпей калганын, Илмияновдун кызматынан кеткенинен эч нерсе өзгөрбөстүгүн, Акаевдин тушунда министрлер Адил Тойгонбаевдин Конституциялык соттун имаратындагы кабылдамасына келгендей эле, андан кийин Максим Бакиевдин Ботаникалык бактагы кабылдамасына келгендей эле, эми алар Илмияновдун “Форумдагы” кабинетине келе берерин, Адил да, Максим да, Илмиянов да президенттердин капчыктары болуп саналарын жазды.

Муну менен бирге “Вечерний Бишкек” басма үйү жамаатынын “Жалгансыз жашоо” деген каты да жарык көрдү. Аталган гезиттен Рина Приживойттун, Айымбек Садыбакасовдун, Эднан Карабаевдин макалаларын жана “Таразанын ташы каякка ооду?” деген “Вечерний Бишкектин” чырына байланыштуу өткөрүлгөн “Азаттыктын” кабарчысы Айзада Касымалиеванын “Ыңгайсыз суроолорунун” көчүрүлүп жарык көргөн тексти тартууланды.

“Айбат” гезитинин “Вечерний Бишкек” басылмасынын Илмиянов, Ниязов жана Мамбеталиевге койгон дооматтары тастыкталган жок” деген макаласында жогоруда аттары аталгандар тууралуу күнөөлөп жазгандарын “кимдер айтты эле?” десе, “Вечерка...” депутаттар, өкмөттүн жана президенттин аппаратындагы кызматкерлер, бизнесмендер айтып жатат” деп божомолдогонун, бирок ушундай маалыматтарды айткан кишилердин аттарын атап берүүдөн баш тартканын жазып чыкты.

“Де-факто” гезити Улуу Жеңиштин урматына карата “Мекен тынчтыгы баарынан кымбат” деген ат менен Ардакбек Каныбек уулунун согуштун катышуучусу, Жети-Өгүздүн Дархан айылында туулуп-өсүп, 42-жылы майданга аттанган жоокер, маркум Бектенов Аңыр тууралуу баянын жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз поэзиясынын залкары Сүйүнбай Эралиевдин “Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатып, айылды бир көрүп өлсөм арманым жок эле деген ой келди” деген аталыштагы журналист Назгүл Осмонова менен эскерүү маеги жарык көрдү.

Академик Абдылдажан Акматалиевдин “Манас”, Айтматов жана ааламды түйшөлткөн эмбрион” деген макаласы бүгүн аягына чыкты. Жакшылык Бердибек уулунун сүрөттөр менен коштолгон макаласы “Орустун саясий технологдору Бакыт Төрөбаев менен иштеп жатабы?” деп аталды.

Ушул эле автордун “Вице-спикер Төрөбай Зулпукаровду “каралоого” кызыккандар кимдер?” деген суроонун алдында муфтий Максатбек уулу Төлөмүштүн, устаз Чубак Ажы Жалиловдун, коомдук ишмерлер Руслан Бекназаровдун, Шамшыбек Медетбековдун, Жамалбек Ырсалиевдин, “Ыйман” фондунун башчысы Нуржигит Кадырбековдун, журналист Эрнис Кыязовдун ой-пикирлери ортого салынды.

XS
SM
MD
LG