Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

"Фабула": Салянова түз жолдон мүдүрүлдү


Аида Салянова
Аида Салянова

“Фабула” менен “Алиби” гезиттери “Эшек-гейт” тууралуу макалаларды жазып чыгышты.

“Фабула” гезити эшек кайтарып турган Юруслан Тойчубековдун сүрөтүн басуу менен “Эшектериң эт жасады эшектен, Элдин куну арзан болду тезектен, Башы сотка, иши интернет, банан бет, Балдар чыкты ата-энесин кекеткен” деген ыр саптары жана “Эл караткан бетибизди жер караткан “Эшек-гейт” деген баштема менен бүгүнкү санын ачты.

Президент Атамбаевдин Бакиевдерди кайтарып берүү талабын дүйнөнүн 23 мамлекетинин элчилери колдоорун билдиришкенин, Анапияевди жерге берүү зыйнатына “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев катышып, досун өлтүрткөн адамдарды таап, жазага тартарын айтып убада бергенин кабарлады. Ал арада мурдагы чекист Алик Орозов башка мамлекеттер кылмышкерлерди качан апкелип берет деп күтүп отура бербесин, ошондуктан ондогон жылдар бою жердин жети кабат түбүнө түшүп кеткен күндө да таап, жазасын берип келаткан Израилдин ыкмасын колдонуу керектигин белгилеп, анык чекисттик сөзүн айтканын жазып чыкты.

Баратбай Аракеев “Салянованы эл бийикке чыгарган... Секирип кеткен өзү болду” деген макаласын тартуулады. Чындыктан башканы жазбаган Баратбай Аракеев Аида Салянова түптүз келатып катуу мүдүрүлгөнүн, эми ал ошол мүдүрүлгөн жол менен басалбастыгын, башка жол издеши керектигин, анан мүдүрүлгөндүгүнүн себебин башкалардан көрбөй, өз бутунан көрүшү керектигин, шайлоого да аттанбай, саясий кадам да жасабай, сырдуу бойдон кала турганда Салянова буга чейинки калк ичиндеги калдайган кадыр-баркын сактаган бойдон калмагын баяндап өттү.

“Фабуланын бул санынан сиздер “Толуп барат көчөлөрү кыргыздын, мечити көп, Мекени жок балдарга” деген аталыштагы Баратбай экөөбүздүн маегибизди да окуйсуздар.

“Алиби” гезити да эшек маселесине кайрылып, учурда 601 эшек эти муздаткычтарда сакталып турганын, ызы-чуудан кийин гана эшектин баштары менен шыйрактары иттерге берилгенин, ал эми эшек багылган, эшек союлган кашар Юруслан Тойчубековдуку болуп чыкканын, “Кайтал” деген фирма анын тууганына катталган фирма экенин, эгер 15-мартка чейин эшектин чырын аягына чыгарбай турган болсо анда депутаттар өкмөттүн “ырын” чыкчу жеринен чыгарып, отставкага айдарын айтып узатканын жазды. Гезит ошондойле биометрикалык маалыматын тапшырбагандар шайлоодо добушун бералбай каларын да кабарлады.

Султанбек Аманбек уулу Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовду жылуу ордунан сыртка чыгып, машинасын айдатып алып “Баят” базарына келип кетүүгө чакырды. Жибек-Жолунан өткөндөн кийинки жолдун азабын толугу менен баяндап “колуңуздан иш келбесе кызматыңызды колунан иш келе турган, жыртылган жолду кандай кылып оңдошту, асфальт, топурак деген эмне экенин биле турган кишиге бербейсизби, креслого тырмышып олтура берип шаардыктарга жек көрүндү болуп бүттүңүз го” деп жаны кашайды.

Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов интервью берип тоолуу областа жасалып жаткан иштерге токтолду.

Бабырбек Жээнбековдун Аслан Сартбаевге тилектештик билдирген макаласы “Тымызын таймаш ачык согушка айланбасын” деген жана депутат Жылдызхан Жолдошеванын “2010-жылдын 6-апрелинде андагы оппозиционер Атамбаевди УКМК кызматкерлеринен Асланбек Сартбаев колдогон” деген макалалары жарык көрдү.

“Мөл булак” аттуу рубриканын алдында айтылуу окумуштуу, чоң публицист Совебек Байгазиевдин сандан санга кыргыздын руханий цивилизациясы жана ак калпак тууралуу баяны уланууда.

Министр Мелис Турганбаев “Алибинин” кабарчысынын “Жаныш Бакиевди жакындан билгендер Анапияевди өлтүргөнгө аралашпайт эле” деп жатышканын сураганда генерал 95 баланын башын жуткан Бакиевдерге Алманбеттин өлүмү анчалык деле маселе эместигин, кээ бирөөлөр аралашып жүргөнсүп оозуна келгенди оттоп жатканын, ага оодаргысы келгендер да барын, андайлардын айткан-дегендерине көңүл буруп да койбостугун, кудай алдында ак, таза болгондон кийин эч нерседен коркпой тургандыгын, ал эми ага келген маалыматтар боюнча бул өлүмгө Бакиевдердин тиешеси бар экенин, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча аны ачыкка чыгарууга болбой турганын сөз кылды.

XS
SM
MD
LG