Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Башмыйзамдын "баш оорусу"


“Азия ньюс” гезити Конституцияны өзгөртүү боюнча айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

“Бир бол” партиясынын мүчөсү Марат Султановдун бүгүн жарык көргөн “Асаба” гезитиндеги интервьюсу “Бажы биримдигине кирбесек, экономикалык кырдаал оорлойт” деп аталып, Бажы биримдигине кирүүгө каршы болуп жаткандар мамлекетти азыркы кырдаал менен карагысы келбегендер экенин белгилейт: “Эмне үчүн Орусия күйүүчү майларга экспорттук төлөм киргизген жок жана бизге ар кыл грант, кредиттерди берип жатат? Ошондой эле эмне үчүн Орусия газдын баасын да арзандатып жатат? Биз бажы төлөм үчүн эле Орусияга жылына 300 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Кыргыз өкмөтү ушуну алдыртууга жетишти. Эгер Бажы союзуна кирбей койсок, мен жогоруда айткан май, газ кымбаттап, бажы төлөм кайра киргизилет. Мигранттар кайрадан оор абалга туш болот. Бизге ансыз да өз проблемаларыбыз жетиштүү болуп турганда - дагы кошумча азап-тозоктун эмне кереги бар? Ошон үчүн биз Бажы союзуна киришибиз керек. Кичинекей өлкө болгон менен маселени чечүү үчүн добуш берүүгө келгенде, укугубуз килейген Орусияныкы менен бирдей болуп калат. Анын үстүнө Путин менен Назарбаевдин бизге көз караштары жакшы. Бир бололу деп колдорун сунуп жатат” деп айтты.

Ушул эле “Асаба” гезити маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун “Өкүрбөсөк, эч ким көңүл бөлмөк эмес” деген маегине орун берди. Жаңы министр бир катар суроолорго жооп берип, “жайсаңчы” деген эмне экенин билбестигин, жана аны “жайсаңчы” дегендердики жөн эле жалган жалаа экенин билдирди.

Ушул эле гезит “Дүйнөдө нефть (мунай заты) арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге бензин кымбаттодо?” деген макаланы басты. Кыргызстандагы нефтрейдерлер ассоциациясынын башчысы Медет Керимкуловдун айтуусунда, бензин Бажы союзуна кирип калсак, арзандайт имиш.

“Азия ньюс” гезити жаңы санын “Суранчиев жапкан ишти генерал Турганбаев ачтырды!” деген макала менен ачты. Макалада мугалим журналистти сабагандар милициянын өзүлөрү болгондугу, аларды мурдагы министр Абдылда Суранчиев жаап келгендиги туурасында сөз болот.

Аталган гезит “Конституцияны өзгөртүү кызуу талкууну жаратты” деген баштеманын алдында президенттин аппарат башчысы Данияр Нарынбаев сот системасы жетекчи органсыз калгандыктан башаламандык күчөп жатканын, ошондуктан Жогорку Сотто Президиумду түзүү керектигин айткан сунушу кызуу талкууну жаратканы боюнча айрымдардын ойлоруна орун берди.

Талдоочу Искендер Ормон уулу: - Башмыйзамды өзгөртүү менен президент мөөнөтүн узартууну көздөгөн жери жок,- деген оюн айтса;

Депутат Равшан Жээнбеков:- Жогорку Соттун Президиумун түзсө эле соттор адилеттүү болуп кетпейт,-деген пикирде.

Ал эми талдоочу Карыбек Байбосунов: -Президенттин сунушун колдойм, сот ишинин солгун болуп жатышы Башмыйзамга келип такалып жатат,-деп билдирет.

Саясатчы Кубатбек Кожоналиев: -Убагында президент Акаев дагы Конституцияны өзгөртө салып үчүнчү жолу шайланып алган. Атамбаев дагы ушул жолго барбайбы деген кооптонуу бар,- деген оюн ортого салса;

Талдоочу Марат Казакбаев:- Президенттин бул демилгесин колдош керек. Сот системасы бүт бойдон коррупцияга малынып иш жүрбөй жатат. Төрт жыл мурун бул Конституцияны Текебаев шашып-бушуп кабыл алган. Көп каталар, көп түшүнүксүз жагдайлар бар. Ошон үчүн соттордо коррупция болуп жатат. Маселен, Келдибеков боюнча соттор туура эмес чечимдерди чыгарды. Эл сотторго ишенбей калды. Ошон үчүн бул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек,-деп жооп берди.

“Асман плюс” гезити бул санында айтылуу укук коргоочу Турсунбек Акундун “Мен мышык сыяктуумун, кандайынан ыргытпасын жерге бутум менен түшө берем” деген маеги басылып, ал азыр жөн эле жатып албаганын, ушул жылдын башында Астана шаарында адам укуктары боюнча кеңеш болуп, ал жерде “Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресс” деп аталган уюм түзүлүп, анын координатору болуп шайланганын, кыргызча айтканда, бул Борбор Азиянын акыйкатчысы дегенди билдирерин, уюмга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан болуп беш өлкө мүчө болуп катталганын, штаб-квартирасы Бишкекте экенин, жакында төрагалык кызматка кирише тургандыгын билдирди.

Ушул эле гезит “Атаң тааныбаган Сирияда эмнең бар?” деген теманын алдында Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун макаласын басты.

Бүгүн “Айат” гезити да жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG