Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Күчүн жоготпогон Ширшовдун схемасы


24-апрелде чыккан “Азия ньюс” гезити отун-энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин ойлорун ортого салды.

“Айат” гезити депутат Карганбекк Самаковдун дагы бир пайдалуу демилгеси тууралуу жазып чыкты. “Жалаң жакшы иштери менен жалпы элдин алкышын алып келаткан депутат Карганбек Самаков өлкөдө үй-жайсыз, бирөөлөрдүн квартиринде көчүп-конуп жүргөн жаштардын арбын экендигин жакшы билгендиктен мындай көйгөйлүү маселени чечүү үчүн арзан баадагы үйлөрдү куруу демилгесин көтөрүп чыкканын, бул боюнча Самаков өкмөткө атайын программа иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин, буга ылайык арзан, узак мөөнөттүү ипотека менен, катардагы адамдар да квартиралуу боло тургандай үйлөрдү куруу керектигин билдирди” деп “Айат” гезити бүгүнкү санында жазып чыкты.

“Скрипкина тарабынан сунушталган мыйзамга каршыбыз!”. Ушундай аталыштагы катка кол койгон Бишкектеги гезиттердин башкы редакторлору президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Кат “Баягы Асабанын” жаңы санына жарыяланды.

Адил Турдукуловдун макаласы “Максимдин “мураскерлери” авиациялык майдан дале киреше алууда” деп аталды. Автор өзү өлкөдөн чыгып кеткен менен Максим Бакиевдин адамдары мурда кандай иштесе азыр деле ошондой иштеп, коррупциялык схемасын улантып келе жатканын кеп кылды.

Гүлмайрам Турусбекова аттуу автор мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун менен маектешти. Турсунбек Акун маегин “Батукаевди уюштургандардын башында Нарымбаев турат” деп атап, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев менен соттошуп, 50 миң сомго жыгылганын, ошондой эле Нарымбаевди “мите курт, крыса” дегени үчүн кечирим сураганын, бирок мындан ары деле анын саясаттагы былгытмаларын ачык айта берерин билдирди.

Акын Ысмайыл Кадыровдун “2180 метр бийикте жайгашкан Жаңы-Күч айылы” деген макаласын да “Баягы, баягы Асабадан” окуй аласыздар.

“Азия ньюс” гезити отун-энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин ойлорун ортого салды. Ал Токтогул суу сактагычында 8,5 миллиард куб суу калганын, бул өтө төмөнкү көрсөткүч экенин, энергетика министрлигинин карамагындагы эсеп жүргүзгөндөр суунун кирип-чыгышын эсеп-чотко алып турбагындыктын айынан 4 жылдан бери суу сактагычтагы суу текке кетип жатканын, муну айта берип тил да тешилгенин, электр энергиясын коңшу Казакстан менен Өзбекстанга 2,8 центтен, ал эми өзүбүздүн элге 3,5 центтен сатып келатышканын, экинчиден, жаңы бийлик келген менен энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар азайбаганын, мурдагы эле Ширшовдун схемаларын анын министрликтеги, энергия бөлүштүргүч компанияларда иштеп жаткан адамдары мурдагыдай эле “ийгиликтүү” улантып жатканын, президент Атамбаев “системалык коррупция менен күрөшөбүз” деген соң чындап күрөшсө дал ушул Ширшовдун схемалары менен күрөшсө болмогун белгиледи.

“Учур” гезити БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин “Текебаев көздөгөн максатына жетүү үчүн анча-мынча кан төгүлүп кетсе да боло берерин кыйыта баштады” деп атады. Акылбек Сариев Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттык топтун алдыдагы шайлоолорду өткөрүү боюнча даярдаган долбооруна кенен токтолуп, Текебаевдин бул долбоорунун түпкү максаты мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен эптеп эле кайрадан парламентке кайтып келсем деген ой болуп атканын ачыкка чыгарып, долбоорду сынга алды.

“Асман плюс” гезити Алайдын Биринчи Май айылындагы мектептен чыккан жыландар тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, биология илимдеринин доктору Бекмамат Жээнбаев менен маек курду. Жыландар фундаменттин алдына кыштап чыгып, бүгүн кайрадан мурдагы ордуна кеткенин, бирок адамдарга зыяны, уусу жок, чакпаган жыландар болуп чыкканын, илимде жыландар жер көчкү болор учурда же жер титирей турган болсо сыртка чыгып, башка тынч жайларга орун которушат деп айтыларын, негизи жаз келгенде бардык эле жан-жаныбарлар ойгонуп, чээнден чыгарын айтып берди.

Ушул эле “Асман плюс” гезитине “Манас” изилдөөчү журналист Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас - тарыхый инсан” деген баяны Алтайдагы, Ала-Тоодогу, Бээжиндеги издер” деген аталыш менен сандан санга жарык көрүүдө.
XS
SM
MD
LG