Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

"Свет аке" - улуу көчтүн уланышы


Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубат өзү тарткан «Свет аке» тасмасында башкы ролду ойногон.
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубат өзү тарткан «Свет аке» тасмасында башкы ролду ойногон.

23-апрелде жарык көргөн “Аргументтер жана фактылар - Кыргызстан” жумалык гезити фашизмдин кайрадан баш көтөрө баштаганы жөнүндө эскерүүлөрдү, ой-пикирлерди жарыялады.

“Аргументтер жана фактылар - Кыргызстан” жумалык гезити “Хатынь кайгылуу окуясы күнүгө болуп турган” деген баштема менен мындан 40 жыл мурда Белоруссиянын Хатынь айылында болгон жүрөк титиреткен окуялар тууралуу эскерүүлөрдү жана фашизмдин кайрадан баш көтөрө баштаганы жөнүндө эскерүүлөрдү, ой-пикирлерди жарыялады.

Буга улай эле атактуу режиссер, СССРдин эл артисти Марк Захаров “Архивдер качан ачыкка чыгарылат?” деген макаласында Сталин менен Гитлердин бири-бирине кат жазышууларын ачыкка чыгарса көп нерселер дагы белгилүү болмогун белгилеп: “Мен азыр “фашизм” деген сөздүн Украинанын жана Европанын бардыгына таралып кетишинен корком. Фашизм дегенде улут жок, ал кайсыл жерде болбосун пайда боло алат. Ошондуктан бардык украиндиктерге “фашизм” деген сөздү жабыштыра салышпасы үчүн элден эч нерсени жашырбастан, бардык архивдик материалдарды ачыкка чыгаруу керек. Фашизмдин өткөндөгүсүнөн жана азыркысы менен келечектегисинен коркушубуз керек. Муну бир гана сүйлөшүү жолу менен чече албайбыз. Аны жок кылуу үчүн бардык күчтү бир жерге топтоо зарыл. Бул аракеттерди Европа жана Америка биргелешип чечсек жакшы болор эле. Алар да фашизмдин таралып кетпешине кызыкдар деп ойлойм” деп жазды.

Гезит ошондой эле 1944-жылдын 11-апрелинде Кызыл Армия Украинанын Тудоров деген айылын фашисттерден бошотор алдында бандеровчулар совхозду жана жергиликтүү жумушчу Савицкийди, аялы, балдары менен кошуп өрттөп жиберишкенин, Савицкийдин көзүнчө аялын, эки баласын зым менен таңып туруп, тирүү бойдон жалбырттап жаткан отко ыргытышканын” жана дагы ушуга окшогон көптөгөн кандуу окуяларды кайрадан эске салды.

Бүгүн ошондой эле “Тил жана маданият” гезитинин жаңы саны жарык көрдү. Алдыдагы 26-27-апрель күндөрү “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 2-билим фестивалын өткөрөрүн, фестивалдын биринчи күнү И. Раззаков атындагы техникалык университетинде, экинчи күнү балдардын “Сейтек” борборунда, үчүнчү күнү Мамлекеттик тарых музейинде жана эски аянтта болорун кабарлады.

Аталган гезитке Аким Кожоев “Улуулуктун жөнөкөйлүгү” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Автор бүгүнкү кино көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү окуя кубалаган, жеңил-желпи мазмундагы кинотасмаларга азгырылып жатканын айтуу менен Актан Арым Кубаттын “Свет аке” деген фильми тууралуу кенен кеп кылды, фильмде живопись менен музыка жана адабият үчөөнүн кынтыксыз айкалышканын айрыкча белгиледи. Айрым эпизоддордогу табият көрүнүшүнүн адам суктанарлык берилиши, болгондо да көрүүчүнүн көз алдына ушунчалык тунук, ушунчалык даана тартылышы бир жагынан кыргыз жеринин кооздугун даңазаласа, бир жагынан башкы каарман болгон Свет акенин жан дүйнөсүнүн тазалыгын, аруулугун чагылдырарын билдирди. Аким Кожоев макаласын аяктап баратып Актан Арым Кубаттын “Свет аке” көркөм фильми бүгүнкү аты кино аталганы менен заты көркөм өнөрдүн чыныгы талабына жооп бере албаган жүздөгөн фильмдердин ичинен кыргыз киносунун пайдубалын түптөгөн Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Динара Асанова жана башкалар калтырган улуу мурастардын катарын толуктай турган саналуу кинотасмалардын бири болууга арзый турган чыгарма экендигин айтып чыкты.

“Тил жана маданият” гезити бүгүнкү санына Кыргыз-түрк "Манас” университетинин окутуучусу, акын Гүлзада Стамалиеванын жаңы ырлары менен окурмандарды тааныштырды. “Иниме” деген ырын угармандарыбызга биз дагы окуй кетели.

Кыш келатат, суу тоңуптур бүгүн түн,
Уктай албай темир мешке от жактым.
Шүгүрчүлүк, кыйналбадык биз мында,
Канттиң экен, суугу катуу сен жактын.
Сыртты коюу туман басат суук түшсө,
Түгөл эмес али жылуу кийимдер,
Эч нерсе эмес, ичиндебиз өз элдин,
Бөтөн жерде кышкы суукта сен канттиң?
Бул кышы да өтөт кыска өмүрдүн,
Жаз да келет жаңы үмүт жандырып.
Алып калар, кармап калар эмне бар,
Кыштан, жаздан, деги өмүрдөн жазгырып?

дейт акын Гүлзада Стамалиева.
XS
SM
MD
LG