Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Айтышкан аткаминерлер


"Президент менин ордумду аныктагысы келсе, мен да ага анын ордун көрсөтүп койгум келет" деген аталыштагы тема менен “Де-факто” гезитинин бүгүнкү басылышында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин маеги жарык көрдү.

Анда “Ата Мекен” партиясынын лидери алдыдагы шайлоого, өлкө башчысынын ага карата айткан сын-пикирине оюн ачык билдирген.

"Конституцияда президент тиги же бул саясий партияга жан тартпаган, нейтралдуу позицияны карманган арбитр болуш керек" деген Текебаев, иш жүзүндө Алмазбек Атамбаев президент болуп партиянын төрагалыгынан кеткенден кийин КСДПнын төрагалыгын эч кимге ыраа көрбөй келгенин, учурда партиянын лидери жок экенин билдирген. Президент жакында өткөн пресс-конференцияда накта лидер өзү экенин, тизмени да өзү түзөрүн, кокусунан шайлоодо КСДП өтүп калса, канчанчы орун алганына карабастан өкмөттү түзүү мандатын 4-жолу кайрадан КСДПга берерин ачык жарыялаганы Конституцияга туура келбестигин белгилеген.

Ушул эле “Де-факто” гезитинин биринчи бетинде “Биометрика бийиктикке жеткиреби же бирдин ичинен чыгарабы?" деп жазып, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин маегине орун берди.

“Үч жолку машыгуудан кийин шайлоого кирсек тобокелчиликтердин бардыгы жоюлат” деген темадагы маегинде Сарпашев айылдарда туруктуу жашап жаткандардын 97-98 пайызы такталган тизмеге киргизилгенин, андан сырткары ички жана сырткы миграция да эсепке алынып, алар учетто турушарын, биометрикадан каттоодон өтпөгөндөр шайлоого катышпастыгын билдирген. Ал ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында тизмелерди текшерүү үчүн тестирлөө башталганын, айрым жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо биометрикалык тизменин негизинде өткөнүн, жыйынтыгы жакшы болгонун айткан.

Ушул эле “Де-факто” гезити Талас облусунун тургундарынын премьер-министр Темир Сариевге жазган кайрылуу катты жарыялады. Анда Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Байыш Жуманазаровдун дайындалышына карата жергиликтүү эл арасында нааразылык күч алганы жазылып, Жуманазаровду баш кылып, анын орун басарлары Д.Кенекеевди, А.Жаркыналиеваны дагы кызматтан алуу маселеси көтөрүлгөн.

“Де-факто” “Өлөт сүйүүм ысып, күйүп, өрттөнүп, сүйгөнү үчүн сени ушунча жек көрүп” деген темада белгилүү публицист, акын Алым Токтомушевдин ырларына да орун берди.

“Фабула” гезити болсо экс-министр Зарылбек Рысалиевдин “Мамлекетти чиритип жаткандарды атып салбаса, ишибиз оңолбойт” деген аталыштагы маегин басты. Анда Рысалиев Чүй облустук сотунун имаратындагы өрткө байланыштуу окуяга көз карашын билдирип, андагы документтердин жок болушуна Өмүрбек Текебаевдин 200 пайыз кызыкчылыгы бардыгын, атүгүл мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын, Данияр Нарынбаевдин, Жогорку Соттун судьясы Канат Турганбаевдин да бул иште кызыкчылыктары болгонун айткан.

Ушул эле “Фабулада” журналист Баратбай Аракеевдин “Парламенттин жакшы болушун шайлоочу шарттайт” деген темадагы макаласында 4-октябрда парламенттик шайлоо болору анык болгондон кийин үгүт иштери күчүнө кирери, акча четинен сапырылып, куурдак куурулуп, чучук берилери, аны көзөмөлдөөгө алчу тараптан дале үн-сөз жоктугу белгиленип, шайлоо мөөнөтү жакындаган сайын коркунучтуу ойлор биринин артынан бири келери айтылып, парламенттин негизги иши ар кайсы кызматтарды бөлүшүү, бири-бири менен кармашуу, мушташуу, коррупцияга чыккыс болуп аралашканы менен эсте калары, парламентте 30дай депутат эле алгылыктуу иш алып барганы белгилеген.

“Айбат” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында толук бир бетке журналист Акинай Айдарованын “Башкы "атамекенчи" сөз эркиндигин муунтуга өттү”, “Ө.Текебаев мыйзамсыз жер тилкелерин легалдаштырууга неге кызыкдар?”, “Маселе акимде эмес, Жерүйдү иштеткиси келбеген "атамекенчилердеби?” деген темадагы макалаларына орун берген.

Ушул эле “Айбат” гезити белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбековдун “Жумурткадан кыр издегенибизди токтотсок жакшы болот эле” деген аталыштагы маегин да чыгарды.

“Эл деми” гезити болсо генерал Артур Медетбековдун “Кылмыш чөйрөсү бийликке дайыма аралашып келген” деген маегинде уюшкан кылмыштуу топтор буга чейин диний агымдар менен тыгыз байланышта болгону айтылат. Ошондой эле айрым ыплас аткаминерлердин кесепетинен бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен чырмалышып калганын, шайлоодо да кылмыштуу топтор колдонулуп келгенин баса белгилеген.

“Кыргыз туусу” гезити Кемин районундагы Талды-Булак-Сол жээк кенинде “Алтын кен” комбинатынын ишинин башталышы тууралуу чакан макалага орун берди.

Ошондой эле бул гезит маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен маекти басып, көркөм өнөр жана маданият жаатындагы күңгөй-тескейлер жөнүндө жооп алган.

“Кыргыз туусу” Кыргызстанды велосипед менен айланып чыккан саяскатчы Азамат Жаналиев менен да кызыктуу маек уюштуруп, анын сапары учурундагы бизге белгисиз окуялар тууралуу баяндалган.

“Вечерний бишкек” гезити Нарын Айыптын “Президент үчүн уят” деген макаласында аталган гезиттин айланасындагы маселерге орун берилген. Ирина Приживойттун да ушул мүнөздөгү макаласын, публицист Кубан Мамбеталиевдин “Операция президент” деген темадагы президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер менен болгон жолугушуусу жөнүндөгү көлөмдүү макаласын да ушул гезиттен окуй аласыздар.

XS
SM
MD
LG