Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Арпачиевдин артында кимдер турат?


Советбек Байгазиев башында турган маданият ишмерлеринин министр Элвира Сариевага кайрылуусу “Алиби” гезитине басылды.

“Де-факто” гезити Аман Иманалиевдин “Ата Мекен” партиясы парламенттик шайлоо алдында президент Алмазбек Атамбаевди ыңгайсыз абалда калтырууну чечтиби?” деген суроо коюп, Аида Салянованын кызматтан кетүүсүн, Кумтөрдүн бүтпөй келаткан ишин мисалга алуу менен кеп кылды.

Кайыргүл Молдалиева “Ким күнөөлүү? Ыйык сахнага той бергендерби, же жосунсуз жорукка жол берген жетекчиликпи?” деген макаласы менен опера жана балет театрында өткөн банкетти жазып чыкты.

Айтылуу прозаик Сейит Жетимишовдун жаңы ырлары жарык көрдү. Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиевдин “Тагдыр” тасмасы кыйналган кыргыз коомунун бүгүнкү турмушун көз алдыга таамай тарткан көркөм тасма болгонун Руслан Заирбек уулу баяндады. Төлөгөн Карыкеевдин атактуу “Сөз ирмемдери” да ушул санда.

“Алиби” гезити саясат таануучу Табылды Акеровдун маегине орун берди. Акеров ТЭЦке көмүр ташуудагы Ширшовдун схемасы К. Бакиевден бери ийгиликтүү иштеп келатканын, президент Салянованы орден менен сыйлап, кайра куугунтукка алганы туура эместигин, Атамбаевдин Батышка жасаган иш сапарынын максатын, бүгүнкү оппозицияда жалпы эл артынан ээрчип кете турган, эл ишене турган таза, күчтүү лидер жоктугун, айрымдардын айтымында, оппозициямын дегендердин арасында коопсуздук кызматы менен иштешкендер да барын баяндады.

Илимдин доктору Советбек Байгазиев башында турган коомдук ишмерлер Бабырбек Жээнбеков, Бектур Исаков, Жума Мамбетов билим берүү министри Элвира Сариевага кайрылуу жолдоду. Ал “Жаңы окуу планында “Кыргыз адабиятына”, улуу “Манаска” мынча неге катаал мамиле жасалды же улуттун уңгулуу дөөлөтүнүн “жүрөгү” мындан ары мектепте сокпой калабы?” деген ат менен жарык көрдү. Буга улай эле Элдик курултай кыймылынын Кыргызстандын элине кайрылуусу басылып чыкты. Белгилүү саясатчы Турсунбек Акундун маеги “Президенттин өзүн болбосок да кызматын сыйласак болмок” деп аталды.

“Айбат” гезити биринчи бетине “Төлөгөнов Тербишалиевден шек санап жатабы?” деген, “Айтикеев Бакиевдердин жанында балык уулагысы келет” деген, Базарбай ажы Темишов “Садыр Жапаров жеткен калпычы экен, жүйөлөрүмдү ортого салайын” деген, “Кымыздын өңү бээлердин жеген чөбүнө жараша болот” деген, “Мырзакматов элди бөлүп-жарганын качан коет?” деген, “Максимдин Англиядагы “лафа” жашоосу” деген, “Арпачиевди казсаң, Абдыкапаровдун былыгы чыгабы?” деген баш темалар менен жарык көрдү.

Гезит Башкы прокуратурадагы акыркы окуяга байланыштуу макаласын “Ири коррупциялык ишке бөгөт коюлду” деп атады.

Кумтөргө жасалып жаткан акыркы окуялар инвесторлордун келишине терс таасирин тийгизерин саясый эксперттер Кубан Абдымен менен Марс Сариев маектеринде сөз кылды.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Евразия биримдиги... Атамбаевдин жүрүшү... “Россия бир боор энем” эмес, бирок...” деген баяндамасын басты. Автор Кыргызстандын Орусия жана АКШ менен боло турган мамилелерин талдоого алып, бир топ олуттуу ойлорду ортого салды.

Айбек Шамшыкеев макаласын “Арпачиевдин артында кимдер турат?” деп суроо коюп, “Арпачиев бул 200 миң долларды өзү жалгыз алалбайт болчу. Себеби Самаковдун жер маселесине байланышкан кылмыштуу ишин өзү жалгыз жабалбайт болчу. Ошон үчүн парага алчу акчаны жогору жактагы таасирдүү адамдар менен бөлүшмөк. Кыскасы, Арпачиевге дем берген аткаминерлер ушу тапта кызмат ордуларында көчүктөрү бүлкүлдөп жатса керек. Эми Улуттук коопсуздук комитети алкымы чоң Арпачиевге “крыша” болгондордун бетин ачып, тергөө ишин мыкты жүргүзсө, далай аткаминерлердин бети ачылышы мүмкүн” деп жазды.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин маеги “Коопсуз шаар” долбооруна кол койбогонумдун себеби бар” деп аталып, буга чейин милиция тармагында кандай иштер жүргүзүлгөнүн кенен баяндап келип, тендерде утуучу аталган орусиялык “Стилсофт” компаниясына кол койбогондугунун жүйөсү барын, ага үч суроо берип, бирине да ойдогудай жооп алалбаганын, мисалы каражат маселесин сураганда “Өзүбүздүн акчабыз жок. Бирок биз инвесторлор менен келебиз” деп жооп беришкенин, өздөрүндө акча жок туруп тендерге катышып жеңүүчү болуп чыкканы эле күмөн жаратарын, интернетти казып окуганда дүйнөдө “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Кытай менен Түштүк Корея алдыда экенин, мына ушуларды окуп, билип, бул долбоор мамлекеттин кызыкчылыгынын негизинде гана ишке ашуусу керектигин айтып туруп колун койбогонун баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG