Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Байбача эриксе, сахнада тамак ичет


Опера жана балет театрында отуруш уюштургандар. Сүрөт "Вечерний Бишкек" интернет сайтынан алынды.
Опера жана балет театрында отуруш уюштургандар. Сүрөт "Вечерний Бишкек" интернет сайтынан алынды.

Гезиттер акчалуулар туулган күнүн эми театрдын сахнасында өткөрө баштаганын сындап чыгышты.

Гезиттердин катарына бүгүн “Мезгил ньюс” деген гезит кошулду. Башкы директору - акын Алтынай Ормотоева, башкы редактору - Чынайым Кутманалиева. 5 миң нускада жарык көргөн басылманын баш макаласы “Баш мыйзамды балталаган оюндар башталды” деп аталды.

Гезиттен Камчыбек Ташиевдин “Саясатты ылайланта бергенден Акмат утат же ага пайдасы тиет деп ойлобойм” деген, Мелис Мырзакматовдун “Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү тренди – саткынчылык” деген, 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Мени ар бир саясий оппонентим тарбиялады” деген, ырчы Фарида Карбозованын “Турмуштан кеч калганыма өкүнөм” деген маектерин окуйсуздар.

“Азия ньюс” гезитиндеги Сурат Жылкычиевдин Турат Акимовдон алган маеги “Бизде атаңдын башы болуп калган заман” деп аталды. “Независимая газетадан” которулуп басылган макала “АКШ кайрадан Кыргызстанга кайтып келүүгө далалат кылууда“ деген ат менен тартууланды.

Окумуштуу Базарбай ажы Темишовдун макаласы “Жапаров, Ташиев, Келдибековдун бет пардасы ачылдыбы?” деген ат менен жарык көрдү. Сакен Бөрүбаевдин “Кечээги Бакиевдин “шайкалары” бүгүн кандай абалда?” деген суроо менен Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Мелис Мырзакматовго кыскача мүнөздөмө берди.

“Азия ньюс” ошону менен бирге эле “Абийирсиз сотторго ишеничибиз жок. Соңку үмүтүбүз Жанар Акаевде” деген, “Канкор Данияр Үсөновдун баласы ыйык сахнаны булгады” деген, “Бегалы Наргозуевдей саясатты да, жазмакерликти да чаккан азаматтар көп болсо экен” деген макалалар басылды.

“ПолитКлиника” гезити “Башкы прокуратура кызматкери Самаковдун уулунан 100 миң доллар талап кылып кармалды” деген макаласын сунуштады.

Депутат Ташполот Балтабаев менен маек “Акаевдин, Бакиевдин чачпагын көтөрүп жүргөндөр оппозицияда” деп аталса, оппозиция башчысы Кубаныч Кадыровдун маеги “Адил Турдукулов лидер болуш үчүн биздей депутат болуп, мамлекеттик кызматта иштеш керек го” деп аталды. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун маеги да ушул санда.

“Генерал кудалар, казы, аким, депутат Ариповдор жана академиктин дарыгер-саясатчы күйөө баласы” кимдер экенин “ПолитКлиника” гезитинен окуй аласыздар.

“Асман плюс” гезити түрмөгө түшүп калган кыз-келиндердин турмушун чагылдырды. “Талашка түшкөн оркестр” деген ой-пикирлердин топтому да ушул санда.

“Театр-ресторан” деген теманын алдында Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында атакелери акчалуу байлардын балдарынын туулган күн өткөргөнү жөнүндө терс пикирлери кошулуп, маданияттын бир катар белгилүү адамдары сынга алып, театрдын жетекчилигине чара көрүү тууралуу талап кылышты.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Сабыр Жумабековдун интервьюсу да ушул санда.

“Айат” гезитиндеги укук коргоочу Качкын Булатовдун бир макаласы “Кылычбек Токтогулов Кадыржан Батыровдун мүлкүнө ээ болгусу келгенби?” деген ат менен жарыяланса, экинчи макаласы “Ууру-урпактардын парады жана сыймыгы” деп аталып, ачкөздүк, көр дүйнөгө кул болуу мекенчилдиктен ажыратарын, адамдарды бузуп жок кыларын баяндады. Журналист, акын, ырчы Сонунбүбү Кадырованын маеги “Кыргыздын өзүнүн журналистика боюнча илим-билими иштелип чыга элек” деген аталыш менен тартууланды

“Баягы асаба” гезити “Аял киши менен кармашып калган Атамбаев” деген макаласында президенттин көпчүлүктүн алдындагы сүйлөгөн сөздөрүн сынга алды. Сокулуктун Саз айылдык кеңешинин депутаты Каныбек Сарымсаков Сокулуктагы мал базарын иштетейин деп аракет кылса ага “атажуртчу” депутат Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева бут тосуп жатканын жазып чыкты.

Гезиттин өз кабарчысы Күмөндөр Усуптегиндин макаласы “Теңиртоолуктар козголуп, чырылдай баштады” деген баянында жаз жарышы, күйүүчү майдын күйүтү, техниканын жетишсиздиги, малдын ылаңы тууралуу коңгуроо какты.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кийинкибиз абдан сонун президент” деп интервью берип, азыр президенттикке 50дөн ашуун киши камынып жатканын, бирок конкреттүү беш киши барын, Курманбек Бакиевден баштап кийинки президенттер ким болорун айтып коюп, ошондон тартып сөзүнө жоопкер болуп калганын, ошондуктан кийинки президент ким болорун 2017-жылга жакындаганда айтарын, бирок ал абдан сонун президент болорун билдирди.

Акын Калчоро Көкүлов бир бет ырлары менен бүгүн жарык көргөн “Баягы асабанын” мейманы болуп, окурмандарына ырларын тартуулады.

XS
SM
MD
LG