Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Көздүү мончок жерде калбайт


Гезиттер жаңы башкы прокурордун кызматка дайындалышын талкууга алууну улантууда.

“Азия ньюс” гезити “көздүү мончок жерде калбайт” деген кыргыздын жакшы сөзү барын, дал ошол көздүү мончок Аида Салянова болгонун, ичип-жегендер менен чыныгы күрөштү ага дейре башкы прокурор болуп келгендердин бири да жасабаганын, коррупционерлердин көзүнөн кан агызган мындай темир айымга президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев жакында кызмат берилерин айтканын кабарлады.

Гезит ошондой эле президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен маегин басты. Кабарчы ага:

- "Түркияга элчи кылып ырчыны, Стамбулга башкы консул кылып Бакиевдин ашпозчусун жиберди", - деп бийликти сындап жатышат. Булардын ордуна татыктуу деген дипломаттарыбыз жок беле?-деп суроо берди.

Сапар Исаков министрликтерде, агенттиктерде кадрлардын деңгээли азыр өтө жакшы эместигин, бирок жогорудагы эки жаран тең тажрыйбасы бар адамдар экенин айтты.

Орусияга жарганаттай жабыша баштадык деген суроого, билгендерге бир эле Орусияны көздөй ыктабай ар тараптуу саясат жүрүп жатканын, Атамбаев Европа өлкөлөрүнө жана АКШга да барууга даярданып жатканын, өзүн сындагандарга болсо кезинде “Газпром Нефть-Аэро” компаниясында иштеп өлкө казынасына ири көлөмдөгү каражат алып келгенине сыймыктанарын айтуу менен тындырбай аны да, бийликти да сындап келаткан Адил Турдукулов аттуу жигит жөнүндө сөз кылып, эгер адам кимдир бирөөлөргө жамандык кылса, ал 40 жылдан кийин да укум-тукумунан же өзүнөн чыгарын, ошондуктан барган жеринде бир жолу да туруктуу иштебеген Адил Турдукуловдун айткандарына дегеле теңелбей тургандыгын кошумчалады.

Ушул эле санга Мелис Мырзакматовдун “Менин артымда ак калпак кыргыз элим турат” деген эки бет макаласы жарыяланды.

“Баягы Асаба” гезити башкы прокурор болуп жаңы дайындалган Индира Жолдубаеваны 100 процент колдоп берген Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына суроо салды.

Курманбек Осмонов: Прокуратурада 10 жылдан кем эмес иштеш керек деген талаптар болгон. Кийин ал парламентте каралып, алынып салынган. Индира Рысбаевнанын 10 жылга стажысы жетет экен,- деп,

Мыктыбек Абдылдаев:- Индира Жолдубаеваны мурда көрбөпмүн, тааныбайт экем... Бирок мыйзам боюнча 35 жаштан кызматка келет,-деп,

Майрамгүл Тиленчиева: Мурунку прокурор өлүмгө башын сайып иштеди. Бир күн да прокуратурада иштебептир. Кантип иштейт деп кооптонуп турам,-деп,

Максат Сабиров: Жаштарды колдоп, кызматка алып келүү туура,-деп,

Дастан Бекешов: Жаштардын келишин колдойм. Анткени алар таза иштейт. Билимдүү экен. Бир гана кемчилиги кыргыз тилин билбейт экен,-деп жооп берди.

“Асман плюс” гезити бул санын чек ара туурасындагы макала менен ачты. Эс алуудагы генерал Кубатбек Кожоналиев “Бийликтин эси-дарты чегарада эмес, оппозицияда” деп маек курду.

Ушул эле гезит 27-январда “Восток” кичи районундагы “Прадо” көңүл ачуу борборунан сойкукана табылганын, бул борбор КСДПнын депутаты, болгондо да ажы аты бар Турсунтай Салимовго таандык деп айтыла баштаганын, Салимов болсо “мен бизнес менен алектенбей калгам, саунанын мага тиешеси жок, мен аны арендага бергем” деп актанып жатканын, саунада 7 кыз иштеп, айына 1 жарым миң доллар маяна аларын, мындан да кызыгы эң кымбат деген сауналарда парламенттин депутаттары кумар жазарын, кыздардын байкашынча адамзаттын эң эле кичипейили жана акчасы көбү ушул депутаттар болорун, кыз өзү ата-энеси менен катышпай калганын айтып берген. Ошентип эми кыз камакта, иш суракта.

“Айат” гезитине укук коргоочу Качкын Булатовдун “Өлкөгө инвестиция керек десе, инвесторлорго өкмөт өзү шарт түзүп берүүгө милдеттүү” деген маеги жарык көрүп, акчабыз чет жактарга кетип, профессионал адистер жок болуп, башкаларга жем болуп келе жатканыбызды Кыргызстандагы кен байлыктарын иштетүүнүн мисалында кеп кылды.

Өмүр бою эл кызматын аркалап, артына жакшы сөз калтырган мыкты азаматтар элибизде арбын. Ошондой азаматтар Карпек Асанов менен Кемелгазы Ниязов. Булардын бүгүн акынмын деп жүргөн далайларды жолго таштаарын, ырды да жакшы жазышарын, китептери жок болгон менен жакшы ырлары бар экенин көпчүлүк али биле бербесе керек. Акындар Капек Асанов менен Кемелгазы Ниязовдун ырларын бүгүн жарык көргөн ушул “Айат” гезитинен окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG