Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

“Дело №...”: Майданды көксөгөндөр


“Дело №...” гезити бийликке таарынган кыргыз оппозиционерлери Кыргызстанга Украинанын “майданын” алып келгени жатканын жазып чыкты.

Гезит ооруп калгандыгына байланыштуу биринчи сот Урмат Аманбаеванын катышуусуз өткөнүн, ал депутат болуп Уулкан Абдылашимова деген фамилия менен шайланганын, бирок депутаттык күбөлүгүн Урмат Аманбаева деп жаздырып Борбордук шайлоо комиссиясын алдаганын, анан бир эле убакта депутат да болуп, ишкерлик да кылып, чыныгы кирешеси тууралуу декларациясына туура эмес маалыматтарды көргөзүп келгендиги үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутаттык мандатынан ажыратканын кабарлады.

Муну менен бирге эле кыргыз дипломатиясында профессионал эмес, “үйрөнчүктөрдүн” доору сүрүп келатканын, мунун айкын мисалы, болгондо да Америка Кошмо Штаттарына, дүйнөдөгү эң эле кубаттуу деген державага, балким Кыргызстан үчүн өтө опурталдуу болуп калчу өлкөгө тажырыйбасы мол, алчы-таасын жеген анык дипломат эмес, бул жооптуу тармакта али сары ооз балапан, болгону журналисттик гана билими бар, акыркы күндөрү президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп турган Кадыр Токтогуловдун дайындалышын сынга алып, “Токтогулов да ушинтип өзүнө чейинки бакиевдердин журналист-элчилери Замира Сыдыкова менен Рина Приживойттун жолун улады” деп жазды.

“Дело №...” гезитинин мындан кийинки көлөмдүү макаласы “Төңтөрүшкө чыгабыз” деп аталды. Равшан Жээнбеков башында турган кыргыз оппозициясынын планы ушундай пландалып, максаты – өлкөгө чаң-тополоң салуу экенин, буга далил катары редакциянын маалымат булагына белгилүү болгондой ушул жылдын 20-декабрында Бишкектин La Vita кафесине Равшан Жээнбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары боло калган Кубаныч Кадыров, Бакиевдин администрациясынын мурдагы кызматкери Уран Ботобеков, Жалал-Абаддын мурдагы губернатору Бектур Асанов чогулуп, жазында “бүтүндөй республика боюнча массалык нааразылыктарды өткөрүү” планын талкуулап, нааразылыкка чыккан элди күүлөп отуруп акырында “мамлекеттик төңкөрүшкө” жеткирүүнү пландашканын, бул боюнча Нарын облусун көтөрүүгө жетекчи болуп Кубанычбек Кадыров дайындалганын, ал жергиликтүү активисттер Б. Жумабаевага, К. Бердибаевага, С. Усупбековага жана Динара Ошурахунованын уюмунун активисти болгон Эркин Асаналиевге таянып, Нарынды нааразылыкка алып чыкмак болгонун, Кумтөрдү бетке кармап Садыр Жапаров көтөрөрүн, Таласты Равшан Жээнбеков алып чыкса, Ошту Уран Ботобеков, Жалал-Абадды Бектур Асанов алып чыгарын, башаламандыкты ишке ашыруу планы башталганын, 14-январда Таластын стадионунда 150 киши катышкан митинг, Нарында нааразы болгондор менен облдрама театрда жолугушуу өткөнүн, өлкөнү аласалдырганга өз мекенинен жарытылуу колдоо таппагандан кийин оппозиционерлер эми жардам сурап АКШга аттанганын баяндады.

Макалада андан ары айрым булактардан белгилүү болгондой март-апрель айларында чет өлкөлөрдө жүргөн Садыр Жапаров, Акмат Келдибеков, Мелис Мырзакматов келип кошуларын, ошентип жогорудагылардын планына ылайык Украинадагы Майдандын сценарийи боюнча аянтка боз үйлөр тигилип, машинанын баллондору жагылып, тынч жаткан Бишкекти кайрадан кара түтүндүн, кайрадан ызы-чуунун ордосуна айлантууну көздөп баратышканын жазып чыкты.

Мындан кийинки макала “Мүлктөрүн конфискациялоо” буйругу күчүнө кирди. Андан ары эмне болду? Же Түлеевдин байлыгы кимдерге калат?” деп аталат.

Ушул эле санга Жеңишбек Назаралиевдин “Биз өнүгүүнүн революциялык эмес, эволюциялык жолун өз мисалыбызда көргөзүүгө жарайбыз” деген маеги жарык көрүп, алдыда боло турган шайлоодо мандаттын 50-60 проценти КСДПга, калганы күчтүү деген эки-үч партияга таандык болорун белгилеп, эл аралык алакаларга, Кытай, Орусия, АКШ менен кандай мамиледе болуу керектигине токтолуп, президент Алмазбек Атамбаев Орусия менен мамилени бекемдеп туура кылганын айтты.

“Дело №...” гезити ошондой эле “Дин. Укук. Саясат” аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов менен дүйнөдөгү акыркы диний тирешүүлөр, анын айланасындагы боло турган окуялар боюнча кенен маек курду.

XS
SM
MD
LG