Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Дарыдан дарт тапкандар


“Асман плюс” гезити чет өлкөдөн ташылып жаткан дарылардын ичинде өз өлкөлөрүндө сатууга жана колдонууга тыюу салынган дарылар бизде кадимкидей эле сатылып, колдонулуп, анан анын азабын тартып жаткандар бар экенин жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити “Ата Мекенге” чабуул башталдыбы?” деген макала менен жаңы санын ачып, өзү ошол партиядан депутат болуп туруп Карганбек Самаков партиянын ишин сынга алганын, кийин депутат Чыныбай Турсунбеков да “Ата Мекен" кош стандартты колдонот” деп айыптаганын, айтор партиянын короосуна ыргыган таш арбып баратканын, “Ата Мекен” шайлоодо кайрадан жеңишке жетүү үчүн оппозицияга өтүп кетсе гана жакшы болорун, кокус бийлик кызыкдар болсо “атамекенчилердин” учурунда аябай чуу болгон мародерчулукту чукуп чыгышы мүмкүндүгүн эске салды.

Ушул эле гезит “Карганбек Самаков - эл баатырыбы же эл каапырыбы?” деген баш теманын алдында Максат Дүйшөнбаев аттуу автордун макаласын жарыялады. Макала “Самаковдун алгачкы бизнеси мүрзөлөрдөн башталган”, “Каапыр ишке кайненесин кантип аралаштырган?”, “Арабдарды алгач ирет алдаганда”, “Самаковдун жер махинациясы”, “Ыйык Манасты бетке неге жамынат?”, “Көз боёмочулугу”, “Самаковдун акыркы алдамчылыгы”, “Келдибековдон неге тумшукка жеген?” деген майда темалардан турат.

“Азия ньюс” Азимбек Бекназаров Америкадан түз эле Дубайга сапар тартканын кабарлады. Гезит кылмыш иши козголгон депутаттарды эмне себептен ушундай кылмышка баргандарын маалымдоо менен сүрөттөрүн басты. Алар: Нариман Түлеев, Нурлан Сулайманов, Нурлан Төрөбеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Курманбек Осмонов, Элмурат Обдунов, Ахматбек Келдибеков, Урмат Аманбаева.

“Кыргызконцепт” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев “Орусияга ишенип, дүйнө жүзүнө жакындаган аракетибизди жыйыштырып салдык” деп маек курса, министр жөнүндөгү ой-пикирлердин топтомунун темасы “Сакалдуу агаларга асылган Алиясбекте ар деле калбадыбы?” деп аталды.

“Асман плюс” гезити “Накта кыргыздын тукуму менмин” деп колуна байыркы кыргыздын баскан жолун баяндаган китептерди кармап алып, кыргыз жерин кеп кылганда айтчу сөзүн айтып түгөтө албай, көзүнө жаш айланган Николай Танаев ушул гезитке маек курганын, кийинки санда ошол маек жарыяланарын жар салды. Бул санда Аскар Акаевдин кичүү кызы Саадат Акаеванын да маеги бар.

“Асман плюс” гезити Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти деген орган барын, мына ушул департаменттин ишин көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Самат Алиев үрөйдү учурган маалыматтарды ачыкка чыгарганын, департамент чет өлкөдөн ташып келип аткан дарылардын ичинде бөйрөк оорусуна даба делген “Репретин” аттуу дары бар болгонун, бөйрөк оорусу менен Чүй облустук ооруканага келип түшкөн болжол менен 33 оорулуу каза тапканын, алардын баары мына ушул “Репретин” деген дарыны колдонушканын, бул дары Египетте жасалганы менен өз өлкөсүндө сатууга жана колдонууга тыюу салынганын, айтор дары ташып соода кылган медициналык департаменттин чуу боло турган иштери чубалганы калганын, гезит бул боюнча кийинки сандарында иликтөө материалдарды берерин жазып чыкты.

“Асаба” гезити журналист Кайрат Кенжебай уулунун “Карыз. Дин. Сорос” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, үч пикирди жарыялады.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Тышкы карызыбыз 4 миллиардга жакындады. Бул деген Кыргызстандын эки жылдык бюджетин жана ички дүң продукциянын 60 процентине барабар. Эгер экономика мыкты өнүгө турган болсо мындай карыз коркунучтуу деле эмес,-деп,

Дин боюнча: Президент Атамбаев көп нерсени туура айтты. Бирок өзү да динди аша чаап пайдалангандар менен табакташ болуп келатат. Мисалы, спикер Асылбек Жээнбеков арабдардын жардамы менен Жогорку Кеңештин ичине намазкана ачты,-деп;

Сорос боюнча: Дүйнөнүн бир да бай адамы Кыргызстанга Сороско окшоп жардам берген эмес. Сорос Кыргызстандын билим өнүгүүсүнө 79 миллион акча сарптаган. Эми орустун кемпирлери Соросту келтирбейбиз деп митингге чыгып атышат,-деп;

Журналист Жаныбек Жанызак дин боюнча: Ызы-чуу салып отуруп бу жыланды биртоло ийинден чыгарып салдыңар. Эми кайра киргизиш тозок. Өлкөнүн бир жактуу динге баш уруп жатканы келесоолук. Кайсы динге ишенсең ишен, бирок мыйзамды сыйла, - деп,

Сорос боюнча: Сорос деген кыргызга эчак эле келген. Жакшылыгын ал, пулун ал, балдарыңды окут. Кокус чагымчыларга пул берейин деп аракет кылса колго чап, - деп жооп берди.

Аталган “Асаба” гезити белгилүү акын кыздарыбыздын бири Динара Бейшеналиеванын жаңы ырларын окурмандарга тартуулады.

XS
SM
MD
LG