Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

“Батукаевге батасын бергендер”


18-апрелде жарыкка чыккан кыргыз гезиттерине сереп.

“Айат” гезити аркылуу журналист Балбак Түлөбаев Кыргызстан үчүн Көлбаев, Батукаев, Симоня деген мыйзамдагы үч ууру өтө эле көптүк кыларын, андан көрө мындай кылмыш дүйнөсүнүн уурулары болбой эле койгондо жакшы болмогун, негизи мамлекеттин келечеги үчүн Батукаевдин кеткени деле жакшы болгонун, бирок муну жасагандар коомчулукту жаралабай туруп жасаса болмогун, биздин бийлик дайыма “артык кылам деп тыртык кылып” келатканын жазды.

Журналист Садырбек Чериков: “Күч органдарынын тиреши жөнүндөгү макаласын аяктап баратып, мамлекеттин тиреги болгон, мындан 20 жылдай мурун атын атагандан айбыгып турган КГБ же Улуттук коопсуздук комитетин кылмышка аралашкан менттер ушинтип уйпалай берсе карапайым жарандар кантет?” деген суроону койду.

“Асман преss” гезити оппозиционер Азимбек Бекназаровдун “Үч айда 17 миң тонна алтынды чыгарып кетет” деген маегине орун берди. Кабарчы саясатчыга: "Азимбек мырза, Сиз жыйналышта айттыңыз, “силер токсуңар, ошондуктан жаңы революцияны каалабай турасыңар”, - деп айттыңыз, Сиз эмне, ачкасызбы?" – деген суроо менен кайрылганда: Бекназаров мындай сөзүн элге эмес, Лейла Саралаева деген журналист кызга айтканын, бүгүн кыргыз эли ачка экенин, бийлик ыйманга келип туура иш алып бармайынча, ар качан революцияга даяр экенин айтты.

Кабарчы ага: "Революция деп канчалаган азаматтардын башын жулуп алдык. Дагы революция жасоонун кереги барбы?" –деди эле:

Бекназаров: "Корксоңор келбегиле. Бир дагы мамлекет революциясыз эгемендүүлүк менен стабилдүүлүккө жеткен эмес",– деп жооп берди.

Ушул эле санда депутат Акматбек Келдибековдун “түз байланыштын” окурмандарына берген жооптору, “Алсыз, “жин кирген”, ортозаар президент” деген баштеманын алдында Атамбаев тууралуу пикирлердин топтому басылып чыкты.

“Параграф” гезити жаңы санын “Батукаевге батасын бергендер” деген баштема менен ачып, Батукаевди бошотууга катышы бар Шамил Атаханов, Аида Салянова, Эрлан Сапарбаев, Зарылбек Рысалиев, Токон Мамытов, Турсунбек Акун жөнүндө жазып, эгер булардын бири калбай отставкага кетпесе кыргыз бийлигинин бетине жабылган көө көп жылдар бою кетпестигин, кокус мамлекеттик деңгээлдеги ушундай шермендечиликтен кийин ээлеген кызматтарында кала беришсе анда бул кылгылыкты бийлик тепкичинин эң төрүндө олтургандар кылган деп ишенимдүү айта берсе болоорун белгиледи.

“ПолитКлиника” гезити бүгүнкү санын “Бабанов Максимге таянып “Кыргызстан” банкын басып алган” деген жана “Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Батукаевди неге коштоп барган?” деген баштемалар менен ачты.

Аталган гезит “Азаттыктын” кабарчысы Алия Суранова жазып чыгары менен коомчулуктун бүйүрүн кызытып, түрдүү ой-пикир жараткан “Кыргызчылык” темасын талкууга алып, ага тай-цзи чебери Медер Бишкекти, айтылуу журналист Жаныбек Жанызакты, журналист Алия Суранованы чакырып, аңгеме дүкөн курду.

Жаныбек Жанызак кыргыздын салт-санаа, үрп-адат, жүрүм-туруму чогуусу менен кыргызчылыкты түзөрүн, кыргызды кармап келаткан өзөк дал ушул кыргызчылык экенин, айрым бир келесоолор өзү жасаган итчилигин актаныш үчүн “кыргызчылыкка” шылтап коёрун айтса, Алия Суранова “кыргызчылык” деген жакшы сөз экенин, кемчилик кетирсек эле аны “ой, эми бул деген кыргызчылык да” дей берип, жакшы нерселерибизди жаман кылып алганыбызды айтып кызыктуу ойлорун ортого салды.

“ПолитКлиника” гезити мурдагы ички иштер министри, генерал Өмүрбек Кутев менен интервью жарыялады. Ал системанын жоктугунан милийса тармагында да башаламандык болуп атканын, мурда Жазаларды аткаруу кызматы Ички иштер министрлигинин карамагында турганда баары көзмөлдө болгонун, азыр бул кызмат Юстиция министрлигине карарын, ал министрлик жалаң жарандык кызматкерлерден тургандыктан кылмышка тийиштүү иштердин ой-чуңкурун биле бербестигин, кырк жыл бою ушул тармакта иштеген адам катары белгиледи. Ошондой эле түрмөдөн оңолуп чыккан адамды жолуктура элегин, тескерисинче жакшы адам түшсө да бузулуп келерин, бошоп келсе түрмөгө түшпөй кылмыш жасоонун жолун ойлоно баштарын, киши өлтүргөндөр улам мунапыска туш келип, бошоп кете бербестен толугу менен жазасын алышы керектигин айтты.

Аталган гезит булардан тышкары ИИМ Академиясынын сырттан окуу факультетинин башчысы, милийсанын подполковниги Автандил Кадыркуловдун “ИИМ Академиясын жойбош керек” деген макаласына да орун берди.
XS
SM
MD
LG