Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Калп менен чындын кармашы


Гезиттер Кыргызстандын ичиндеги окуяларды жазып бүтө албай жатат.

“Кереге” гезити жакында НТС телеканалы аркылуу түрмөдө жаткан Абдулла Юсупов атуу жаран башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бактыбек Абдыкапаровго 4миң доллар бергенин айтып чыкканы бар. Гезит кабарчысы Абдыкапаровдун өзүнө жолугуп, ушул боюнча маектешти.
Абдыкапаров Абдулла Юсупов дегенди жердеши Дастан Оморов деген ооз ачып кетиңиз деп чакырганда ошонун үйүнөн гана бир жолу көргөнүн, анын 4 миң доллар бердим дегени карандай жалаа экендигин, өзү эч кайсы партия менен байланыш жоктугун, бул ишти бүгүн жубайы Аида Салянованын ишмердигине бут тосуп жаткандар ойлоп таап жасап жатканын, бул боюнча сотко кайрыла тургандыгын айтты.

“Кереге” гезити муну менен катар эле Абдулла НТС каналынан “Бакыт байке Дастан Оморовдун атасын коркутуп, катуу сабаганынан ал киши Орусияга качып кетти” деп айткан сөзүнүн чын-бышыгын билүү максатында дал ошол Дастан Оморовдун атасы Дүйшөнбек Оморовдун Москвадагы телефонун таап байланышканын басты.

Суроо: – Абулла Юсупов деген жигит сизди Башкы прокурордун күйөөсү Бактыбек Абдыкапаров деген адам коркутуп, сабагандыгынан Орусияга качып кетти деп айтып жатат, ушул айтканы чынбы?

Жооп: – Бул сөздү ошол Абдулла деген бала кайдан таап чыкканына өзүм таң калып жатам. Мени эч ким куубай эле, өз тиричилигимди кылуу үчүн Орусияга келгем. Дастандан башка 3 кичине балам бар. Ошолорду багуу максатында жубайым болуп, балдарым менен Орусияда жашап жатам. Кыргызстандагы туугандарым да телефон чалып, таңгалып жатышат. Бакыт экөөбүздүн ортобузда сыйдан башка мамиле жок. Мен бул Абдулла дегендин айткандарына кошулбайм. Бул жалган кеп.

Бүгүн эс алуудан кайткан “Дело №” гезити да жарык көрдү.
Гезит башкы прокурордун бириннчи орунбасары Нурланбек Жээналиев менен “Түлеевдин иши” боюнча маекти жарыялады. Биз ага кыскача токтоло кетели.

Жогорку Сот Түлеевди ден соолугуна байланыштуу деп үй камагына чыгарарда кайрадан козголгон кылмыш иши менен камакта калтырылганын эске салган журналист: "Түлеевдин ден соолугу кандай? Рак деп айтышты эле, чын эле ошондой бекен?" - деп сурады.

Жээналиев: - Түлеев Улуттук Коопсуздук комитети тарабынан толугу менен медициналык кароодон өткөрүлдү. Эч кандай рак дарты аныкталган жок.

–Түлеевге экинчи жолу кандай күнөө коюлууда?

– Эки иш боюнча. Бишкектин мэри болуп турган кезде баасы 10 миллион сомго атайылап кымбаттатылып Кытайдан таштанды ташыгыч машиналарды сатып алган. Экинчиси, Айчүрөк универмагынын жанында турган бала бакчаны “Ак жол” партиясына офис кылып, андан кийин акырын сатып жибергендиги үчүн.

Башкы прокурордун орунбасары Жээналиев ошону менен бирге эле ушу кезде Ички иштер министрлиги Түлеевдин Бишкек жана Ататүрк паркындагы фонтандардын курулушу менен Түштүк магистралындагы жолго байланыштуу иштерин текшерип жатканын, Түлеев толтурган декларациясында ага таандык эч кандай дүнүйө-мүлк жок деп оозун куу чөп менен аарчыганына карабастан Бишкектин өзүнөн эле Түлеевге таандык 20 объект, ошондой эле особняктар, асман мелжиген көп кабаттуу үйлөр, соода комплекстери аныкталганын, булардын баары анын туугандарына катталганын, арасында эч жерде иштебегени да, алтургай жаш балдар да барын, анан алар каяктан тапкан акчаларына ушуларды куруп алды деген ой өзүнөн өзү пайда болорун, Түлеевдин дүйнө-мүлкүн издөө дагы улантылып жатканын кеп кылды.

Гезит Жаныш Бакиевдин Минскидеги бир кафеден чыгып тургандагы сүрөтү менен макала басты. Жанындагы кайтарып жүргөн кишиси Бакиевдин ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери болуп иштеген, кийин Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу күнөөлөнүп, издөөдө жүргөн Рустам Сайдуев деген адам экендигин кабарлады.

Макалада Курманбек Бакиев 2010-жылдын жазынан баштап Белорусияда экендигин, белорус бийлиги ага адегенде саясый башпаанек, андан кийин граждандыкты бергенин, Бакиев Минскиден анча алыс эмес жерден 750 миң еврого там сатып алып куунап-жыргап жашап жатканын, Бакиевди күндүр-түндүр Белорустун коопсуздук кызматы кайтарып турарын, журналисттерди жакын жолото бербегендиктен ал жөнүндө маалымат аз экендигин дагы бир жолу окурмандардын эсине салды.
XS
SM
MD
LG