Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Пайдасынан зыяны көп адамдар...


“Алиби” гезити жаңы санын журналист Адилет Айтикеевдин макаласы менен ачып, анда Бабановдун өкмөтү, эс алууга кеткен депутаттар, кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору Себахаттин Балжы турасында кеп кылды.

Гезиттен мындан тышкары депутат Акылбек Эшимовдун маегин, “Милициядан бир мисал” деген рубриканын алдында “Курсанттар калп айтканды Базарбаевден, жымсалдаганды Алымбековдон үйрөнөбү?” деген макаланы, депутат Равшан Жээнбековдун “Улутташтыруу упай бербейт” аттуу сөзүн, Жогорку Соттун басма сөз катычысы Бакытбек Рысалиевдин кызматынан туура эмес бошотулган деген журналисттердин кайрылуу каты, журналист Канышай Мамыркулованын “Чолосу тийбеген муфтият, чочуткан диний уюм” деген макаласын окуй аласыздар.

“Фабула” гезити “Монте-Карло” ресторанындагы милийсалардын мушташын жазбаган гезит калбаганын, пенсиядагы полковникке чейинки милийсалар менен ИИМ Академиясынын 35 бүтүрүүчүсү мушташканын, бул маалыматты милиция академиясы канчалык жашыргысы келген менен ачыкка чыгып, элге белгилүү болгонун, министр Зарылбек Рысалиев бул мушташты аки-чүкүсү иликтенип бүткөндөн кийин күнөөсү бар милийса курсанттардын баары ишке алынбастыгын, иштен айдаларын маалымдады.

Баяндамачы Үсөн Касыбековдун макаласында коррупцияга каршы күрөштү иликтөөгө алып, кандай болгон күндө да өздөрүн кудайдын эркеси санап калган депутаттардын үстүнөн кылмыш козгоп, абакка отургузса боло тургандыгы, абсолюттуу кол тийбестик деген жок нерсе экендигин ырастаган прецедент түзүлгөндүгүн, алды жалтылдап турган менен арты булганып бүткөн далай депутаттардын көчүгү бүлкүлдөгөн бойдон жайкы эс алууга кеткенин, эми жакында түшө турган саясий күз кыйла аптаптуу болорун, кеп коррупция менен камакка алынган Түлеевде эмес, кеп дал ошол коррупцияга каршы күрөш эми мындан ары токтобой уланар бекен, ошондо тургандыгын жазды.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов маегин “Депутаттар “Кумтөрдү” иликтейбиз деп, Кыргызстан 311 млн. долларды жоготту” деген ат менен жарыяланды. Дастан мырза маегинде, алтын иликтөөчү Орозбек Дүйшеев, Кубанычбек Исабеков, Садыр Жапаров жана башкалардын баарынын “Кыргызалтын” боюнча, “Кумтөр” алтын комбинаты боюнча аны күнөөлөгөн сөздөрүнүн баары далили жок, суу кечпген жалган жалаа экендигин, “Кумтөрдү” улутташтырат” экен деген маалымат дүйнөгө тарап кетип, анын акциялары дүйнөлүк биржада арзандап кеткендиктен Кыргызстан 311 млн. доллар жоготууга учураганын, ушул 311 млн. долларды Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия өлкө бюджетине кайтарып бериши керектигин, минтип “Кумтөрдүн” ишин үзгүлтүккө учуратып, талашып-тартыша берсе, 2012-жылдагы бюджет, ички-дүң продукция таш-талканы чыгарын белгиледи. Сарыгуловдун байкашында, бюджет талкаланган соң Атамбаев менен Бабановду кетирүүгө оной шарт түзүлөрүн, Бакиевдердин дал ушул планын апрель революциясына чейин алардын оту менен кирип күлү менен чыгып жүргөнү үчүн Коррупцияга каршы мамлекеттик комитетти жетектеген Садыр Жапаров жана Бакиевдердин далай тапшырмасын аткаргандыгы үчүн кезинде вице-спикер болгон, баласына Бакиевди өкүл ата кылып, анын эң жакын адамына айланган Кубанычбек Исабеков экөө бүгүн дал ошол пландарын ишке ашырып жаткансыганын айтты.

Дастан Сарыгулов ансыз дагы дефольт алдында турган өкмөттү “Кумтөрдүн” ишин токтотуу менен көмөлөтө уруп, кризиске учуратуу, мунун менен элге жарамсыз бийлик катары көрсөтүп, Бакиевдерди кайра бийликке алып келүүнүн эң бышык жолу деп жаңылбай айта тургандыгын белгиледи. Дастан мырза жакында эле Мисир Ашыркулов Акаев өлкөдөн 5 млрд. доллардан ашуун каражат чыгарып кеткенин айтканын, Бакиев да андан кем калбаганын, ошондуктан Акаев, Бакиев эле дей бербей, алардын убагында маанилүү кызматтарда отургандардын баарын жоопко тартуу керектигин билдирди.

Жоомарт Оторбаевдин маеги өлкөнү канткенде финансылык кыйынчылыктардан алып чыгуу керек деген маселенин айланасында болду. Жоомарт Оторбаев жакында эле Бириккен улуттар уюмунун чоң саммитинен кайтып келгенин, көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн, мисалы Түркмөнстандын президенти менен түркмөн газын кандай жол менен Кыргызстанга алып келүү маселесин сүйлөшкөнүн кеп кылды. Ошол эле учурда тажик президенти Эмомали Рахмон: “Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолун курсаңар, темир жолдун бир багытын Тажикстан-Ооганстан-Иран аркылуу курбайлыбы?” деген сунушун айтканын, айтор башка мамлекеттер менен да көп тараптуу сүйлөшүүлөр болгонун баяндады.
XS
SM
MD
LG