Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Атамбаев Жалал-Абадда митингчилерге жолукту


Атамбаев: Соттун чечимин күтөлү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Президент Атамбаев камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен чогулгандарга кезигип, сот чечимин күтүүнү айтты.

"Кыргызстанды саясий ызы-чуу эмес, ынтымак менен биримдик сактап калат", деди президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна барган иш сапары учурунда. Мамлекет башчы саясатчыларды элди бөлүп-жарбай, кийинки шайлоого камынууга чакырды. Камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен жыйналгандарга чыгып, сот чечимин күтүүгө чакырды. Президент “Чынгыз ханга окшоп бийликти басып алам”, деген депутат Камчыбек Ташиевдин аракети да чекилик экенин, кезинде Антикоррупциялык агенттикти жетектеген Садыр Жапаров ошол маалда Кумтөр тууралуу сөз айтпаганын, оппозиционер Адахан Мадумаровдун “президентти компьютер шайлады” деген сөзү да натуура экенин белгиледи. Саясий оюндардан улам өлкөгө чет элдик инвестиция келбей жаткандыгын белгилеп өттү.

Ал арада областтык администрациянын алдында камактагы үч депутат: К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду бошотууну талап кылгандар чогулду. Нааразылык акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы Медер Үсөнов эл алдына барган Алмазбек Атамбаевге мындай өтүнүчүн жолдоду:

- Биз президентибизден адилеттүүлүктү талап кылып, Кумтөрдүн айынан камалган ушул балдарды бошотуп берүүнү, адилеттүү сот болуусун суранабыз! Алмаз Шаршенович, ушул суроого өзүңүздүн жообуңузду эл алдында айтып койсоңуз...

"Кумтөр маселесине парламент чекит койот. Ал эми “Ата Журт” партиясынын үч депутатынын ишин сот кароодо, анын чечимин күтүү керек,- деген Атамбаев "Биздин балдарды актап бер!” деп атасыңар, бул - соттун иши. Сот чечкендей болот, андан кийин президент киришет. Мен мыйзамды бузбаймын", - деп жооп берди.

Президент менен жолугушуу маалы
Президент менен жолугушуу маалы
"Областтык бийлик алдына келип алып, ызы-чуу салган туура эмес. Азыр биздин кыргыз элибизге стабилдүүлүк менен тынчтык аба менен суудай керек болуп турган учур. Кыргызстан бир эмес, эки революцияны башынан өткөрдү. Канчалаган кыйынчылыктарды көрдүк. Мындай нерселерге мен каршымын. Кыргызстан тынчтык жолу менен гана экономикалык жактан өнүгө алат", - деген Жалал-Абаддын тургуну Тинатин Жусупова аягы басылбаган ызы-чууга кабатыр.

Президенттин жообуна муюбаган адамдар 29-мартта Жалал-Абад шаарында үч депутатка өкүм чыгарылаар күнү чоң митинг өткөрүлө тургандыгын жарыялап, таркап кетишти. Жалал-Абаддагы облустук бийликтин алдындагы акцияга уюштуруучулар бир жарым миңден ашуун, бейтарап адамдар миңге чукул, ал эми милиция алты-жети жүз адам катышкандыгын билдиришти.

Президенттин облуска иш сапары Ала-Бука районунда аскер бөлүгүн ачуу менен жыйынтыкталды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG