Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Атамбаев: мөөнөтүм бүткүчө энергетикалык көйгөйдү чечем


Президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарды. Кеңири маалымат жыйында мамлекет башчыга 60ка жакын суроо берилди.

Президент Атамбаев негизинен Кыргызстандын тышкы, ички саясаты, энергетикалык каатчылык боюнча суроолорго жооп берди. Орусияга неге биротоло бет алганы, 2014-жылдан тарта Ооганстанда кырдаал кандай болоору, өз мөөнөтү бүткөнчө экономикалык туруктуулук орнотоору тууралуу урунттуу ойлорун ортого салды.

Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” тышкы саясат тууралуу суроосуна жооп берип жатып, "бир беткей орусиячыл болуп алды", деген сөздөргө түшүндүрмө берди. Президент Кыргызстан Орусия сыяктуу кубаттуу коңшусуна таянат деп айтты:

-Кыргызстан Орусияга эле багыт алды деген сөздөрдү башка жактан келген коноктордон да угуп жатам. Жакында эле Германияга барганда “Эмнеге Бажы биримдигине кирем деп жатасыңар?" деп сурашты. "Анткени коңшубуз", деп айттым. Эгерде Европага жакын болсок Европа биримдигине өтөбүз демекпиз. Коңшуларыбыз Орусия менен Казакстан. Бул мамлекеттер менен талашыбыз жок. Келечекте да мындай маселе болбойт. Мен бир нерсени ойлонуп, анан кылып жатам. Керек болсо биздин душмандар менен атыша турган бирөөлөр керек. Азыр биз буга жалгыз жарабайбыз. Армиянын акыбалы деле энергетикага окшош.

Атамбаев буга чейин айтылып жаткан Кыргызстан орустардан аскерий жардам алат деген маалыматты тастыктады. Бирок шарттарын мамлекеттик сыр атап ачыктоодон баш тартты:

ЖККУга кирген өлкө башчылары Москвада, 2012-жыл
ЖККУга кирген өлкө башчылары Москвада, 2012-жыл
-Мындай маалыматты орусиялык “Коммерсант” гезити жарыялаган. Бул маселелер Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда чечилет. Биздин армияны кубаттандырыш үчүн акчалай, техникалык жардам алынат. Башкаларын азырынча айтпай эле турайын. Мамлекеттик сыр деген бар. Маалымат алардан кетсе да, бизден кетпесин. Бирок бул тууралуу тийиштүү кеңешүүлөр, сүйлөшүүлөр болгон. Башка мамлекеттердин бул жерге эч кандай тиешеси жок. Бул маселе Кыргызстан үчүн жакшы чечилген.

Президент Атамбаев ошол эле кезде АКШ менен Европа "кош стандарттуулукка" жол берип жатат деген оюн билдирди. Буга мисалы катары Максим Бакиевдин Кыргызстанга өткөрүлүп берилбей жатканын белгиледи:

- Биз бул маселени кайда болбосун көтөрүп жатабыз. Мына жакында эле Германияга барганда да айттым. Мен бир нерсени белгилеп кетким келет: Евробиримдикте адам укуктары деп кыйкырып жатканда, биз алардан 15 миллион евро насыя сураганда - бул жерде "кош стандарттуулук" жокпу деген суроо туулат. Максим Бакиев бир миллиард доллардан кем эмес акча чыгарып кеткен адам, Англияда жапжакшынай жашап атат. Алар болсо бизге 15 миллион евро берээрин колко кылышат.

Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгарылып кетсе, Кыргызстанга кесепети кандай болот деген? деген суроого "Манас" аба майданында АКШнын транзиттик базасы мөөнөтү бүткөндө чыгарыларын дагы бир жолу кесе айтты:

Ооганстандан француз аскерлери чыгып баратат, 31.07.2012
Ооганстандан француз аскерлери чыгып баратат, 31.07.2012
- Бизди азыр Ооганстандан коалициянын аскерлери чыгып кетсе, маңзат ташуу көбөйөт деп коркутуп атат. Эгер алар маңзат боюнча абалды жөнгө салгысы келсе, ушул 11 жылдын ичинде эле жөнгө салып коймок. Тилекке каршы мен алардын мындай ниетин көргөн жокмун. Биз 2014-жылы Ооаганстандан АКШ күчтөрүн чыгарып кеткенге даярданышыбыз керек. Армиябызды куралдандырып, чек арабызды бекемдешибиз зарыл. Биз буга акча табабыз. Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөрүбүз да жардам берет деп ишенебиз.

Энергетикалык долбоорлор тууралуу сөз болду. Атамбаев Кыргызстан бир канча өлкөлөрдү аралап өткөн дарыяга ГЭС кураарда коңшуларынын пикирин эске алышы керектигине токтолду:

- Бул ГЭС өзбектерге да керек экенин түшүндүрүшүбүз керек. Камбар-Ата-1 кышында суу азыркыдай текке кетпесин, кышында Өзбекстан менен Казакстандын кар баскан талаарына жайылбасын деп курулуп жатат. Биз күз, кыш айлары сууну топтоп, ошол эле коңшу өлкөлөргө сугатка беребиз. Бул долбоор убагында Ташкентте даярдалган.

Маалымат жыйында энергетикалык каатчылык тууралуу сөз көп болду. Президент "Кыргызгаздын" азыркы абалы бир долларга да арзыбай турганын белгиледи:

А.Атамбаев "Русгидро" ишканасынын жетекчиси менен Нарын дарыясына көз салууда, 2012-жыл
А.Атамбаев "Русгидро" ишканасынын жетекчиси менен Нарын дарыясына көз салууда, 2012-жыл
- “Кыргызгазды” бир долларга сатмак түгүл, мен керек болсо үстүнө акча кошуп берет элем. Кыргызстанга “Кыргызгаз” эмес, газ керек. Анткени Өзбекстан Кыргызстандын түндүгүнө келчү казак куурларына газ берүүнү таптакыр токтотуп койгонун буга чейин айта албай жаттык. Бир долларга берди деген, тизелеп калды деген сөз эмес. Ошол эле эң күчтүү деген Германия бир топ заводдорду бир маркага берген. “Кыргызгаз” “Газпромдун” колунда болгондо минтип кор болбойт элек. Мисалы Грузиядагы энергетиканын көбүнүн ээси Орусия. Ал жакта газ да, жарык да бар.

Атамбаев бир жылдын ичинде газ проблемасы толук чечилээрин айтты. Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы эки жарым жылда толук курулуп бүтөөрүн, ошондо гана энергетикадагы көйгөйлөр тыйыларын убада кылды.

Маалымат жыйында абакта жаткан Азимжан Аскаровга байланыштуу суроо дагы болду. Атамбаев укук коргоочу күнөөсүз экенине далилдери жок экенин билдирди:

- Журналисттердин, НПОлордун кайрылууларынан башка мага бир-эки конкерттүү күбө бергилечи. Бул иш мага чейин эле бүтсө деле, бир нерсе болсо эле Аскаровдон баштайсыңар. Өткөн жолу Германиянын президентинен "Эгер сот чечими чыкса, силерге бирөө келип ошол чечимди жокко чыгар деп талап кылабы?" деп сурадым. Эмнеге президент Атамбаев мыйзамды бузуп чечим кабыл алышы керек? Бизде да мыйзам бар. Бизди эл эмес деп санабагыла. Соттун чечимин президент жокко чыгарышы керек деп талап кылып жаткандар Кыргызстанды сыйлабайт.

Маалымат жыйын мына аяктайын деп атканда өлкөдө чындап эле энергетикалык каатчылык бар экенин эске салгандай, резиденцияда жарык өчүп калды. Мындан улам президенттин сөз соңундагы жакшы ниети, жаңы-жылдык каалоо-тилегин журналисттер жаза албай калышты.

XS
SM
MD
LG