Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:40

Дин

Кыргызстанда Исанын туулган күнү белгиленүүдө

7-январда Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Исанын туулган күнүн белгилөөдө. Таң эрте Бишкектеги жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынып, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.

Бишкектеги борбордук чиркөө, 7-январь, 2012-жыл.
Текст көлөмү - +

Кыргызстанда совет доорунан бери ислам менен православ христианчылыгы салттуу диндер катары саналып келген. Бирок эгемендик менен кошо Кыргызстанга исламдын да, христианчылыктын да башка агымдары кеңири кирди. Ошентип бул жерде конфессиялар ортосунда толеранттуулук маселеси актуалдуу болуп турат. 

Исанын туулган күнүндө сыйынуу парз болгондуктан, Бишкектеги православдар таң эрте борбордук чиркөөгө келип жатышты. Алардын басымдуу бөлүгүн орто жаштагылар түздү. Түшкө чейин христиандар чиркөөлөрдө шам жагып, кудайга жалбарып, жан-дүйнөнүн тынчтыгын тилеп турушту.

​​Кыргызстанда 400 миңден ашуун орус, украин, беларус жарандарынын басымдуу бөлүгү православдар. Совет доорунан бери эле христианчылык Кыргызстанда исламдан кийинки эле негизги дин катары сыпатталат.

Бишкектеги борбордук чиркөөнүн диний кызматкери Афанасий эки динди тутунган жарандар арасында эч кандай пикир келишпестик жок деп эсептейт:

- Православ христиандары менен мусулмандар бири-бирине абдан толеранттуулукту көрсөтүп келишет. Чыныгы мусулман христиан адам менен эч качан чатакташкан эмес. Православ христиандары да эч качан эч ким менен карама-каршылыкка барбайт. Мусулмандар кудай бул адилеттүүлүктүн өзү дешсе, бизде кудай деген бул сүйүүнүн өзү. Сүйүү менен адилеттүүлүктүн чатакташа турган деле эч нерсеси жок. 

​​Христианчылыктын православ багыты Кыргызстанга кеминде бир жарым кылым мурда келген. Адистердин баамында, мусулмандар менен православдардын ортосунда бири-экинчисин динин алмаштырууга мажбурлаган учурлар дээрлик болгон эмес.

​​Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалилов акыркы жыйырма жылда христианчылыктын башка агымдары пайда болуп, диний ынтымакка доо кетирген учурлар катталганын айтууда:

- Азыр башка бир агымдарга киргендер өздөрүн православбыз, же христианбыз деген менен алар чындыгында дин эмес, динге өздөрүн таандык деп эсептеген агым сыяктуу болгондуктан, алар терс таасирин берип турат. Бирок православ чиркөөсү менен биздин муфтияттын ортосундагы мамиле, же эки дин ортосундагы мамиле азыркы күнгө чейин өзүнүн нугунан чыга элек.

Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Баш мыйзамына дин тутуу эркиндиги киргизилген. Ошондон кийин Кыргызстанга исламдын да, христинчылыктын да ондогон агымдары орун алды. Азыр өлкөдө диндер жана диний агымдардын саны отуздан ашты. Ал эми диний уюмдардын жана мекемелердин жалпы саны 2200дүн тегерегинде.

​​Айрымдар диний эркиндик менен кошо экстремисттик саналган агымдар кирди деп коңгуроо кагып, диндерди тескөөгө үндөп келишет. Православдардын Владимир коомунун жетекчиси Станислав Епифанцев салттуу болуп келген ислам менен христианчылыктын православ багытына артыкчылык берүү туура деп эсептейт:

- Кыргызстандын заманбап тарыхы ар кыл маданият, дин, конфессиялардан турат. Албетте акыркы кезде өлкөдөгү диний кырдаал боюнча көп талаш-тартыштар бар. Бирок Кыргызстандын таяна турган нерсеси бар. Менин көз карашым боюнча, салттуу диндердин катарына кошо турган диндер бар. Алар албетте мусулманчылык жана православ багыты.

Бирок бул эки динге гана артыкчылык берилсе, башка динди кармангандардын укуктары тебеленет дегендер бар. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев:

- Ооба, Конституциялык нормага ылайык, алардын айткандары деле туура. Ошол эле Конституцияда элдердин биримдиги, мамлекеттердин стабилдүүлүгү деген норма бар. Анда дин маселеси абдан чоң роль ойногонун эске алышыбыз керек.

Кыргызстанда мусулмандардын Орозо жана Курман айты менен кошо православдардын Исанын туулган күнү майрамы (Иса - христиандар үчүн кудай, мусулмандар үчүн - пайгамбар)  расмий майрам катары белгиленет. Ал эми, айталы, католиктер же протестанттар бул майрамды декабрда өз алдынча чиркөөлөрүндө белгилеп жүрүшөт.


​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: muslim
12.01.2012 16:18
la ilaha illaLlaf muxamaddur rosullullox

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.01.2012 23:44
Biblianı ech kim ozgortkon emes. Al Kudaydın Sozu bolgon uchun Kuday anı ozu korgoyt. Buga ech kumon sanaba. Kudaydın ishin Kuday ozu kılat. Biblia ozgorgon dep aytkandar bul ishenimdi chiritip jok kılgısı kelgender. Eger bir adamdar arkıluu ozgorgon bolso bugun anı ech kim okubayt ele. İsaga ishengenderdin tozoko keretin sen kaydan bilesin. Balkim ozun ketip jirbo, abaylap suylo. Kokto seni korgon bir tiruu Tenir bar. Rahmat.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.01.2012 23:36
İsanın - Kudaydın Uulu ekendigine dalil Iyık Kitep-Biblia. Al ozun Men Kudaydın Uulumun deyt. İnjildi kara. İsa Kudaydan jiberilgen Soz. "En bashında Soz bar bolgon. Soz Kudayda bolgon jana Soz Kuday bolgon" (Jakan 1:1) Soz Adam bolup biz menen jashap turdu...(1:14). İsa -Kudaydın jashagan dene algan Sozu.
Al paygambar emes. Paygambar bul-adam, Kudaydın bir ishin atkarısh uchun gana... Al emi Kuday ozu dene alıp jerge kelgenden kiyin paygambarchılık dooru butkon. Bibliyada en akırkı paygambar Jakan. Kutkarıluu bul- Kudaydın ishi, paygambardın funksiyasına kirbeyt. Paygambar bul pende bir adam senga okshogon ele.

кимден: Реал
08.01.2012 19:29
Исанын кудайдын уулу экендигине далилинер барбы? Эгер далилинер болсо корсоткуло. Аллах негизи жер жузундо бир эле динди карманууну буйруган жана жиндиленип корунгон нерсеге сыйына бербестен бир Аллахка сыйынуу керектигин эскертип туруу учун ирети менен пайгамбарларды жонотуп турган. Бирок акыркы пайгамбар да бизден болот деп куткондо Мухамметтин арабдардан болуп калуусу Исанын жолун жолдогондор учун мыскыл катары сезилип, акыйкатты билип турса да куру текберчилиги кучоп натыйжада исламды кабыл алуудан баш тартышкан жана кудайдын каргышына калышкан. Алардын артынан ээрчигендердин да барар жери тозок экендиги куранда жазылган. Куран кыямат кунго чейин эч бир озгоруусуз сакталарына Аллах озу гарант болгон, ал эми библия болсо озгоруло берип оригиналы жок болуп кеткен, тагыраак айтканда кудайдын создору эмес жонокой эле бузуку пенделердин создору калган. Эгер ушуларга конкреттуу жооп бере алсанар жазгыла, далилдеринерди келтиргиле.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.01.2012 01:53
İsa Musulman dininde Paygambar katarı sanalat.
Al emi xristiyan isheniminde Kudaydın Uulu-Kuday-Tenir (Kudaydın Uulu-bul İsaga berilgen titul) b.a. Kudaydın dene bolup düynögö kelgen beynesi bolup sanalat.
Kuday- Süyüü.
Al adam balasın süyöt jana kutkargısı kelet. İsanın Tenir ekendigine chın dilin menen ishenip, Anı Kutkaruuchu katarı kabıl alsan Kudaydın Süyüüsü menen jashaysın jana tübölük jashoodo Anı menen birge bolosun.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.01.2012 22:33
Issa Paiganbar emes, Al Kudaitalanyn adam geipingiip jerbetine gelgen jana adamzaty kynөnun kuldugunan kutkaruuchun aigashkan jygachda olgon adamdardy kunodon kutkaruchu kurmandk katary, 3kundonsong kairatirilip 40kundokiin asmanga kotorulup ketgen.
Al tiruu azr.Al emii paiganbarlardnbary өlgon, sebebi alar jashosunda kuno getirgen, Al Issa kunosuz jashagan Kudai bolgonduktan, Issa jerbeitine Christandinin tuptөuchun kelgenemes,Adamdar Issany turaemes tushunup algan ,Issa dini bashch emes, Al Kudai. Men kyrgyzmyn, kundo kyrgyzchaele Kudaitalaga syinam,
Kyrgyzcha INJIL,TORAT,ZABUR janabashka paiganbardn kitebin okuimun, Arabcha jee oruschada syinbaim, Korsokudai bardktildi tushunot eken, elder bizdi babtist dep atap alshkan, Birok Issa ichkachan babtist bolguladep aitbapdr sozdorun okusam, Alteskerisinche dinii adamdar tarabynan karshlka uchuragan, Sebebi Issa ekijuzduu dinchil adamdardyn abirin achkan.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине