Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Сарууда кайрадан жол тосушту


Саруудагы жол тосуу, 26-ноябрь, 2013
Саруудагы жол тосуу, 26-ноябрь, 2013

Саруу айылынын тургундары Балыкчы - Каракол жолун жекшембиде кечке жуук кайрадан бууп салышты.

Жол тосууга бул күнү Саруу айылынын он чакты тургунун милиция кызматкерлери кармап кеткени себеп болгон. Аталган айылдын тургуну Абай Узаковдун айтымында, кармоо себептерин милиция түшүндүргөн эмес. Алардын арасында улгайгандар да, жаштар да бар.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиев андан көп өтпөй саруулуктарды кармоо себептери тууралуу эч нерсе айта албастыгын, бирок кармоо мыйзам чегинде болгонун “Азаттыкка” билдирди. Кармоо бул күнү түштөн кийинки саат төрттөр чамасында болгон.

Бул окуядан кийин дароо эле айыл тургундары чогулуп, бул күнү жана буга чейин камалган саруулук балдарды бошотуу талабы менен Каракол - Балыкчы жолун Саруу айылына кире бериштеги Кашат деген көпүрөдөн тосуп алышты. Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Мария Колесникова жол тосулган жерде кечки жетилерде болжол менен 500дөй адам турганын билдирди.

Кийинчерээк бул күнү милиция Саруудан он чакты эмес, жети адамды кармап кеткени анык болду. Алардын алтоо кечки саат ондорго жакын бошотулду.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов алты адам түшүнүк кат жазып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң коё берилгенин "Азаттыкка" билдирди. Алар Саруу айылындагы акцияларга байланыштуу кармалганы айтылууда.

Кармалгандардын дагы бири - Айбек Сарыбаев облустук милициянын кармоо жайына киргизилди. Ал Саруудагы буга чейинки нааразылык акцияларынын башында тургандардын бири. Милиция анын бошотулбашын нааразылык акцияларга байланыштуу козголгон иштин негизинде ага издөө салынышы менен байланыштырууда.

Милициядан бошоп келген алты адамды түнкү саат он жарымдарда Сарууда жол бууп тургандар тосуп алышты. Бул учурда болжол менен жол тосулган жерде 150дөй адам турган. Алар бул жерге боз үй тигип, талаптары аткарылмайынча артка кайтпастыгын айтууда.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылы былтыр жаздан бери нааразылык акцияларынын очогуна айланган. Айыл тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан бери митингдерди уюштуруп келген. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облус башчысын барымтага алуу менен коштолгон.

Аягында митингди милиция кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Алардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылып, азыр УКМКнын тергөө абагында беш киши отурганы айтылууда. Ошондон бери камактагылардын баарын бошотуу талабы менен Саруу айылынын тургундары утур-утур нааразылык акцияларын, жол тосууларды уюштуруп келүүдө.

Мындан сырткары “Кумтөр” ишканасынын өкүлүнөн 3 млн. доллар талап кылды делген Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курманов аттуу Саруу айылынын дагы эки тургунунун ишин азыр Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Соңку соттук иште мамлекеттик айыптоочу аларды 12 жылга чейин күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну сурады. Саруулуктар ушул эки адамды да камактан бошотуу талабын коюп келишет.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG