Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Кулматовдун мэриядагы доору бүттү...


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Өкмөт башчысы Темир Сариев Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовду кызматынан алуу тууралуу буйрукка кол койду.

Кулматов өзү кызматтан кетишинин себебин ачык жарыялоодон баш тартты. Буга чейин баш калаанын чарбасын эптей албады деп сынга кабылган шаар мэри Кулматовдун жоопкерчилигин кароо демилгесин Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары көтөрүп чыгышты.

“Ыктыярдуу жазылган” арыз

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов 9-февраль күнү мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Кулматов өз ыктыяры менен кызматын тапшырып жатканын "Азаттыкка" ырастап, бирок анын чыныгы себептерин ачык айткан жок. Ал шаарды жетектеп турган учурундагы ишмердиги тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрөрүн айтып, анда бардык суроолорго жооп берүүнү убада кылды. Бирок кечке жуук Бишкек мэриясынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гуля Алманбетова күтүлүп жаткан маалымат жыйыны болбой калганын айтты. Ошол эле кезде өкмөт башчысынын буйругуна ылайык, шаар башчысы шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруу вице-мэр Айгүл Рыскуловага жүктөлдү.

Жаңы конуш, Бишкек
Жаңы конуш, Бишкек

Бирок мындан бир аз мурдараак Гуля Алманбетова жаңы мэр келгенче Кулматов ордунда каларын айткан болчу:

- Борбордун макамы тууралуу мыйзамга ылайык, БШК он күн ичинде шайлоо убактысын аныктайт. Анан 20 күн ичинде шаар мэрлигине шайлоо өтүшү керек. Ага шаардык кеңештин фракциялары талапкер сунуштай алат. Ошондой эле өкмөт башчысы талапкер көрсөтөт. Мыйзамга ылайык Кулматов жаңы мэр шайланганга чейин өзүнүн милдетин аткарып турат.

Жоопкерчилик маселеси көтөрүлдү

Буга чейин коомчулукта баш калаанын башчысы Кулматов чарба жүргүзүүнү билбейт деген доомат айтылып, ал шаар таштандыга толуп, көчөлөр каралбай калганы боюнча сынга кабылган. Бишкек шаардык кеңеши мэрдин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу боюнча демилге көтөрүп, бирок добушка сала келгенде ал чечим өтпөй калган.

Мэрдин ишин сындап жүргөн шаардык кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Эрнис Докенов Кулматовду кызматтан жөн эле алып койбой, анын жоопкерчилигин кароо сунушу менен чыкты:

- Негизинен Кулматов Бишкектин жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун талкалап кетип баратат. Ага башка кызмат сунуштоодон мурун ал кылган иштери үчүн жооп берүүгө тийиш. Уурдалган акча жана мыйзамдардын одоно бузулушуна байланыштуу бир топ фактылар топтолгон. Мына ошолор боюнча жооп бериши кажет. Мурдагы мэр Иса Өмүркулов гүлбактын чек арасын мыйзамсыз өзгөрткөн деген доомат менен сотко сүйрөлүп жүрдү. Анын ал иши Кулматовдун жоругунун астында түккө арзыбайт. Ошондуктан ал бул иштер боюнча сот алдында жооп берүүгө милдеттүү. “Шаар таштандыга толуп кетти” десек, “силер саясат кылбагылачы, шаар таза, жолдор тептегиз” дегенде биз оозубузду ачып, “анда биз башка, сиз башка шаарда жашап жаткан турбайбызбы” дегенбиз.

Бишкектеги таштанды талаасы
Бишкектеги таштанды талаасы

Буга чейин Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов шаардык кызматтарды реформалоо демилгеси менен чыккан. “Тазалык” ишканасынын милдеттерин бөлүп, таштанды чыгарууну жеке компанияларга берүү жагы сунушталган. Бул максатта Еврокомиссиядан 22 миллион евро грант бөлүнгөн.

Бишкек шаардык кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Рысбай Аматов бул тууралуу минтип айтты:

- Таштанды чыгаруу боюнча 22 миллион евролук долбоор башталган болчу. Бирок ал долбоор аягына чыгып, жыйынтыгы көрүнгөн жок. Акча каякка жумшалып жатканы боюнча дагы мэр өзү отчет бере элек. Ошол долбоорду баштап коюп, аягына чыкпай кызматынан кетип калганы түшүнүксүз. Көп көйгөйлөр чечилбей калды. Мына ошондон улам элден аябай ачуу сын-пикир жаады. Анан кийинки жаңы саясий карьерасында ошол жагдай эске алынса керек.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев былтыр 24-декабрда жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында, мэрдин ишмердиги караларын билдирген. Ошол эле кезде ал Кулматовдун шаарды таштандылардан арылтуу боюнча чечимин гениалдуу деп атаган. Андан мурдараак Атамбаев Кулматовду таштанды маселеси боюнча кескин сынга алган жана абалды жөнгө салуу үчүн ага жыл этегине чейин мөөнөт берген. Кубанычбек Кулматов Бишкектин мэри болуп 2014-жылдын башында шайланган эле. Ага чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бажы кызматынын башчысы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG