Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Апта: "Жол картасы", ШКУ саммити...


Президенттин "жол картасында" мамлекеттик түзүлүш, коопсуздукка байланыштуу маселелер да камтылган.
Президенттин "жол картасында" мамлекеттик түзүлүш, коопсуздукка байланыштуу маселелер да камтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүнүн беш жылдык "жол картасын" жарыялады.

Бишкекте Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болуп өттү. Кыргызстандын Орусиядан ири өлчөмдө курал алуу аракети айкын болду.

Атамбаевдин "жол картасы"


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча "Жол картасын" жарыялады. Өкмөт, парламент жана жалпы өлкө үчүн чийилген бул документте Кыргызстанды 2017-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы каралган.

Стратегия негизинен эки бөлүктөн турат. Биринчиси - мамлекеттик түзүлүш, коопсуздукка байланыштуу болсо, экинчиси экономикага байланыштуу.

Мамлекеттик системага байланыштуу бөлүктө социалдык маселелерди чечүү менен бирге адилет жана таза шайлоолорду өткөрүүгө көңүл бурулган. Шайлоо маселеси мурунку стратегиялардан айырмаланган биринчи өзгөчөлүк. Андан сырткары мамлекеттик коргонуу жана коопсуздукту күчөтүү үчүн беш жылдык программа каралган. Бул программа Орусиядан 1 млрд. 100 млн. долларга алына турган куралга негизденет кыязы.

Албетте, стратегиянын негизги бөлүгү экономикага байланыштуу. Бул бөлүктө алдыдагы беш жылда жыл 7% өсүштү камсыздоо каралган. Бул үчүн энергетика, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарына артыкчылык берүү сунушталган.

Бул программа эмне үчүн парламент, өкмөт тарабынан эмес, президент тарабынан сунушталып жатканын президент Атамбаев мындайча түшүндүрдү:

- Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кыйла фундаменталдуу документ. Ал мамлекеттин бардык бийлик бутактарынын жана жарандык коомдун да шайкеш иштешин талап кылат.

"Жол картасындагы" экономикалык бөлүктү аткаруу негизинен өкмөткө жүктөлөт. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев президенттик аппаратты жетектеп турган мезгилде бул картаны түзүүгө активдүү катышкан. Ошондуктан "Жол картасы" ал үчүн жат документ эмес десек жарашат. Ал эми азыркы кызматында балансташкан бюджет түзүү, өнүгүү жана жумуш ордун түзүү маанилүү маселелерден экенин белгиледи:

- Канчалык кыйын болбосун, жок дегенде капиталдык салымдардын 40% жумуш ордун түзүүгө жумшашыбыз керек.

Жол картасы Бабановдун өкмөтү кабыл алган программа, пландардан жупунураак максаттарды коюусу менен айырмаланат. Анткени анда тез арада 40 долбоорду турмушка ашыруу үчүн 10 млрд. долларга чейин инвестиция тартуу керек дегендей реалдуу каражаттар менен бекемделбеген долбоорлор байкалбайт.

Президент "Жол картасы" менен толук таанышып чыгууга эки жума убакыт берди. Экономикалык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин эки жумадан кийин боло турган экинчи жыйынында жол картасынын кабыл алынышы күтүлөт.


ШКУнун саммити


Президент өлкөнү өнүктүрүүнүн "Жол картасын" жарыялоо алдында Кыргызстанда Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болду. Саммиттен бир күн мурун Кыргызстанга расмий сапар менен Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябао келди. Бул сапарды Вэн Цзябаонун өкмөт башчы катары Кыргызстанга акыркы сапары десек болот. Анткени азыркы мезгилде Кытай бийлик башында алмашуулар жүрүп жатат. Вэн Цзябао да кызматын вице-премьер-министр Ли Кэцянга өткөрүп берүүсү белгиленген.

Кытай өкмөт башчысынын Кыргызстанга сапарынын мааниси бул өлкөнүн акыркы кезде Кыргызстандын негизги соода өнөгүнө айланып баратуусунда эле эмес, негизги инвесторго айлануусу менен да маанилүү. Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы маанилүү экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлор Кытай тараптан каржыланууда. Маселен, Датка подстанциясы, Датка-Кемин электр зымын тартуу, Датка подстанциясынан Ош, Баткенге электр зымдарын тартуу сыяктуу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турган долбоорго Кытай насыясы тартылган.

Кытай ошондой эле Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү завод куруп жатат. Алтын кендерин иштетүүдө да Кытайдын активдүүлүгү өзгөчө. Кыргызстан учурда Кытай менен дагы бир долбоорду аткарууга кирише албай турат. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу. Бул долбоордо темир жолдун эни боюнча эки ача пикир сакталып турат. Ошондой эле курулушту каржылоо маселеси толук чечилбегени байкалат.

5-декабрда кытай өкмөт башчысы да, кыргыз өкмөт башчысы да Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитине катышты. Саммитте ШКУнун алкагында Өнүктүрүү банкын түзүү, транспорт, энергетика багыттарында кызматташуу маселелери талкууланды. Бул долбоорлорго Кытай тарап өзгөчө артыкчылык берип келет. Аларды аткаруу үчүн 10 млрд. доллар насыя бөлгөнү да белгилүү.

ШКУда аба ырайын жасай турган экинчи мамлекет - Орусия болсо кызматташуунун коопсуздук жагына артыкчылык берүүнү жактап келет. Бишкек жыйынында да орус өкмөт башчысы мына ошол маселени көтөрдү:

- ШКУ аймагы коопсуздук жаатта олуттуу коркунучтарга туш болуп жатат. Бул биздин кызматташуубуздун өтө маанилүү багыты. Биздин жыйыныбызга байкоочулардын катышып жатканын колдойбуз. Ооган өкмөтүнүн тынчтыкты жана улуттук ынтымакты орнотуу аракеттерине жардам беребиз. Ооганстан эки тараптуу эле форматта эмес, эл аралык долбоорлор аркылуу да жардам алат деп ишенебиз. Биргелешкен аракетибиз бул уюмдун кудуретин бекемдөөгө өбөлгө болот.

Казакстан жана Тажикстан темир жол, жалпы эле жол катнаштарын өнүктүрүү маселесин көтөрсө, Өзбекстан өз көйгөйүн айтып өттү. Азыркы мезгилде ал көйгөй Кыргызстан жана Тажикстан курууга ниеттенип жаткан ири ГЭСтерге барып такалат.

Өзбек делегациясынын башчысы болуп келген биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимов ГЭСтерди курууда эл аралык экспертизадан өткөрүү зарылдыгын белгиледи:

- Инвестициялык кызматташуу дегенде бир катар өлкөлөрдү аралап өткөн сууда гидо-энергетикалык ири долбоорлор кадыр-барктуу, көз карандысыз эл аралык экспертизадан өтүшү керек. Анын аймактагы экологиянын абалына таасири, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, техногендик мүнөздөгү коркунучтарына баа берилиши керек. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу эл аралык укуктук нормалар аркылуу өтүп, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгына доо кеткенге жол берилбеши абзел. Аймактык мааниси бар бул же тигил долбоорду ишке ашырууда макулдашылган аракет ШКУнун аймагында региондогу туруктуулуктун, кошуналардын ынтымагын, өнөктөштүгүн, конструктивдүү кызматташуусун камсыз кылат.

Өзбекстан биринчи вице-премьер-министри айткан долбоорлордун катарына Камбар-Ата-1 ГЭСи кирет. Бул долбоорду турмушка ашыруу боюнча Кыргызстан менен Орусия келишимге жетишкен. Учурда тараптар анын техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үстүндө иштеп жатат. Келишим ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлүп, ал тийиштүү комитеттерде каралып жатканы маалым.

Кыргызстанда ГЭСтерди курууга Кытай да кызыкдар болууда. Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябао Сары-Жаз дарыясында ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо керек деген пикирин билдирди.

Талдоочулардын баамында, бул энергетикалык долбоорлор Кыргызстандын энергетикалык коопсузудугун эле камсыздабай, экономикалык өсүшүнө да негиз болот.

Коргонууну бекемдөөгө миллиарддар керек...

Шанхай кызматташуу уюмунун саммититинин алдында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Коммерсант” гезитине кеңири интервью берип, анда Кыргызстан Орусиядан 1 млрд. 100 млн. долларга курал алууга кызыкдарлыгын четке каккан эмес. Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын куралдуу күчтөрү курал-жарактарын жаңылоого абдан муктаж. Ошон үчүн орус өкмөтү менен бир топ мезгилден бери бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келатат.

Буга чейин Кыргызстандын коопсуздук кызматында иштеп келген генерал Артур Медетбековдун маалыматына караганда, курал боюнча эки тарап 2007-2009-жылдары сүйлөшүү жүргүзгөн:

- 2007-2009-жылдары ошондой сүйлөшүүлөр болгон. Орусия акыркы мезгилдерде кыргыз мамлекетине курал-жарак жагынан болсун, аскерий жактан, экономикалык жагынан жардамдарды көргөзүүгө шарт түзүүдө.

Медетбековдун айтымында, бул жерде Орусия геосаясий, геоэкономикалык кызыкчылыктарына байланыштуу жардамын көбөйтүүдө. Анткени орус тарап өзүнүн коопсуздугун чындоо үчүн КМШнын мына ушул түштүк аймактарын бекемдөөнү зарыл деп табууда.

Орусиянын “Независимая газетасынын” жазуусуна караганда, Москва КМШ аймагында бирдиктүү абадан коргонуу системасын курууга аракеттенүүдө. Кыязы, орус стратегдеринин бул максаты Кыргызстандын өз аскерлерин жаңы курал менен камсыздоо аракети менен үндөшүп кетет.

Анын үстүнө кыргыз өкмөтү кабыл алып жаткан чечимдер Бишкек тышкы саясатта Москвага артыкчылык бергени даана байкала баштады. Аскердик багыттагы кызматташуулардан сырткары Кыргызстан Москва үстөмдүк кылган Бажы биримдигине карай кадамын тездетти. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзүнө караганда, Кыргызстан 2013-жыл ичи даярдыктарды көрүп, 2014-жылы Бажы биримдигине кирүүгө даяр болот. Маселе, Бажы биримдиги Кыргызстанды кабыл алууга даярбы,уУшунда калды дейт,- Сатыбалдиев.

Кыргыз өкмөт башчысынын мындай сөзүндө негиз бар. Анткени Беларус президенти Бишкектин Бажы биримдигине кирүүсү максатка ылайыктуу эместигин билдирген. Александр Лукашенконун пикиринде, алсыз экономикасы бар өлкөлөр биримдикке зыян гана алып келет.

Экономикалык жактан Кыргызстан чындыгында алсыз бойдон калууда. Бюджет тартыштыгы, инвестициялардын аздыгы сыяктуу маселелер чечилбеген бойдон турат. Маселен, келерки жылдын бюджети да 17 млрд. сомдун тегерегиндеги тартыштык менен биринчи окууда парламентте кабыл алынды. Быйылкы жылдын бюджетинен болсо 3 млрд.сомго жакын каражат кыскартылды. Бирок ага карабай бюджеттик айлык акылар, пенсиялар өз убагында төлөнөрүн өкмөт кепилдеп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG