Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Апта: Жаза баскан Ташиев, кебелбеген Кумтөр...


Узап бараткан жумада Кумтөр алтыны Кыргызстанда кезектеги саясий жаңжалды пайда кылды.

Жаза баскан Ташиев...

Кумтөр кенине байланыштуу 3-октябрдагы Ала-Тоо аянтындагы анча чоң эмес митинг өлкөдө татаал жагдайларды жаратып, ал эмес олуттуу саясий кризисти пайда кылууга жөндөмдүү болуп чыкты.

Кенди мамлекетке кайтарууга арналган митинг “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин бийликти алуу чакырыгы жана өкмөт үйүн көздөй тарапкерлерин ээрчитип жөнөөсүнөн кийин татаалдашты:


- Кумтөрдүн адвокаты болуп, Кумтөр элдики эмес, Кумтөр ошол кожоюндардыкы, биз ага тие албайбыз деп айтып чыгышты. Мен ойлоймун бул туура эмес. Кумтөр элдики туугандар.Кумтөрдү элден башка эч ким башкарбаш керек. Ошондуктан мен айтар элем, көп сөздү айта берип, бири-бирибиздин башыбызды оорута бербестен биз бүгүнкү күндө саясатты, мамлекеттик түзүлүштү, бийлик орундарды өзгөртүшүбүз керек. Мына ошондо гана өзгөрүү болот. Садыр Жапаров айтып жатат 10-октябрь деп. Керек болсо Чыңгызхан өзүнүн 17 баласы менен бийликти алып койгон. Эмне үчүн биз бул жерге 10 миң адамды топтойбуз деп күтүшүбүз керек? Эмне үчүн 20 миң адамды топтойбуз, анан бийлик алабыз деп күтүшүбүз керек экен? Андай эмес. Керек болсо 20 чыгабы. Менин менен баскыла, азыр барып бийликти алабыз. Алыш керек. Элге кызмат кыла турган, элдин кулу болуп иштей турган бийликти курабыз.

Мына ушундай чакырыктан кийин Камчыбек Ташиев сөздөн ишке өтүп, өкмөт үйүн көздөй багыт алды. Топтолгон адамдар анын артынан жөнөдү. Бирок чабуул натыйжасыз болду. Милиция митингчилерди күч менен таркатты.

Ал эми Башкы прокуратура бийликти басып алуу жана бийликти басып алуу чакырыгын караган беренелер боюнча кылмыш ишин козгоп, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 48 саатка УКМКнын абагына салды. 5-октябрда түнү Биринчи май райондук үч депутатты камоо мөөнөтүн эки айга узартуу чечимин чыгарды. Үч депутаттан сырткары тартип коргоо органдары митингдин активдүү катышуучулары юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиевди жана “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйкановду камакка алды.

Азыркы кезде 3-октябрда митинг уюштургандардын түпкү максаты бийликти басып алуу болгонбу же Камчыбек Ташиев эмоцияга алдырып жибердиби деген суроо турат.

Митингиге “балбан билек” жаштардын топтолгонуна караганда, ыңгайы келсе өкмөт үйүнө чабуул жасоо максаты болгондой.

Бирок бул митинг Ташиевдин тагдырын татаалдантып койду. Ага өтө оор беренелер менен кылмыш иши ачылды. Андан сырткары ойлонулбаган кадамы менен саясий беделине да сокку уруп алды.

Бийликтегилер үчүн да бир жактуу чечим кабыл алуу жеңил эмес. Анткени Ташиев ири партиянын лидери. Кайсы бир деңгээлде саясий салмагы жана тарапкерлери бар саясатчы. Ошондуктан өлкөдө саясий кырдаал татаалдашы күтүлөт. Муну жол тосуулар, митингдер тастыктап турат. Ал эми өлкөдө кырдаалдын дестабилдешүүсү бийлик үчүн да пайдалуу эмес


Кумтөр жаңжалы


Кумтөр алтын кениндеги экологиялык жана финансылык мыйзам бузуулар Эркингүл Иманкожоева, андан кийин Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиялар тарабынан аныкталган. Аларды төгүндөө же тастыктоо максатында экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия июнь айынын соңунда түзүлгөн. Бул комиссия 1-октябрга карай өз ишинин жыйынтыгы парламентке бериш керек эле. Бирок кечигип жатат.

Комиссиянын иши жыйынтыкталга чейин эле Кумтөрдүн ишинде эч нерсе өзгөрбөсүн президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айта баштады.

Маселен президент Алмазбек Атамбаев:


-Эми чындыгында мындай да, Кумтөрдүн тагдыры 2009-жылы чечилген. 2009-жылы кол коюулуп, ошол эле жылы парламенттен ратификацияланып, 2009-жылы Конституциялык соттунун чечими чыккан. Бул келишим туура деген. Бардык жагынан кынтыксыз жасап, тазалап коюшкан. Азыр ал келишимди оңдош абдан кыйын болот. Анткени Кыргызстандын парламентинин, Кыргызстандын Конституциялык сотунун да чечими бар 2009-жылдагы.

Белгилеп кете турган нерсе, 2009-жылы бекитилген келишимди түзүүгө ошол мезгилдерде өкмөт башчы болуп иштеген Алмазбек Атамбаевдин да салымы бар.

Кандай болгон күндө да кыргыз коомчулугунда Кумтөр боюнча келишим адилетсиз жана коррупциялашкан деген ишеним кетпей жатат. Мына ошол ишенимди пайдалануу аракетин 3-октябрда оппозиция жасап көрдү. Келечекте андай аракеттер дагы да жасалбай койбойт. Муну 10-октябрга белгиленип жаткан митинг да тастыктайт.

Президент жана өкмөт башчынын Кумтөр боюнча сөздөрү оппозициялык күчтөрдү активдүү аракетке түрткөн жагдай болуп калды окшойт. Анктени мамлекет жетекчилери комиссия иликтөөсүн жыйынтыктаганга чейин эле өздөрүнүн пикирлерин айтып, жыйынтык кандай болоорун ачыктап, саясий оппоненттерин көчөгө түртүп чыгарып койду.

Темир Сариев башында турган комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында да бир жактуулук жок экени байкалат. Белгилүү болгондой комиссия үч топко бөлүнүп, үч багытта иликтөө ишин жүргүзүүдө.

Мына ошол комиссиянын мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов комиссия ичиндеги маанай жогору жактан басым болуп жаткандыгынан кабар берет деп эсептейт. Ал ошондой эле келишимди өзгөртүп, өндүрүлгөн алтынды бөлүү келишимине келиш керек дейт:

-Менин оюм боюнча, азыркы иштеп жаткан келишимди бузуш керек. Бузгандан кийин жаңы келишим түзүш керек. Жаңы келишимде биз металлды бөлсөк эң туура болот. Мына ошол бир топ маселелерди чечет. Андан кийин долборду башкаруу жагын биз жака өткөрүүгө аракет жасаш керек.

Шергазы Мамбетовдун пикиринде мындай ишти аткарууда мамлекет жетекчилеринин позициясы чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев Кумтөрду мамлекетке кайтарууга каршы чыгып, бул соттук териштирүүлөргө, Кыргызстанга ири өлчөмдө айып салууга алып келет деп эсептейт.

Бирок да жергиликтүү юристер Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу эмес, ал боюнча түзүлгөн келишимди коррупциялык негизде болгондугу үчүн денонсациялоо же бузуу туура болот деген пикирди айтууда.

Регионалдык саясаттагы жүрүштөр

Кыргызстан ички саясаты мына ушундай чукул бурулуштарга ээ болгон жумада регионалдык саясий айдыңда да көңүл бура турган окуялар болуп өттү. Москванын Борбор Азия регионундагы суу-энергетикалык келишимдерге бекем киришип калганына жооп жасаган Өзбекстан президенти Ислам Каримов октябрь айынын башында Ашхабадка расмий сапар менен барып,түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен региондогу суу-энергетикалык маселени талкуулаган. Анын соңунда тараптар ГЭСтерди курууда эл аралык экспертиза керек деген бүтүмгө келишкен жана суу-энергетикалык маселеде эки өлкө бирдиктүү позицияда экенин белгилешкен.

Албетте, “башы оорубагандын кудай менен иши канча” дегендей мунай, газга бай, бирок суу этегиндеги эки өлкө Кыргызстан менен Тажикстандын кыйынчылыктарын эске албай, өз кызыкчылыктарын башкы планга койгону алардын билдирүүлөрүнөн жана позициясынан байкалат.


Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыкканына таарынган Москва Кыргызстан менен ири келишимдерге жетишкенден кийин Тажикстанды да өзүнө тартууга кадам таштады. Орус президенти Владимир Путин 5-октябрда Тажикстанга расмий сапар келди. Ал тажик президенти Эмомали Рахмонду 60 жылдык юбилейи менен куттуктоодон сырткары орус аскердик базасын Тажикстанда дагы 30 жылга калтыруу боюнча келишимге жетишти. Эки тараптын макулдашуусуна ылайык тажик эмгек мигранттары да жеңилдик ала турган болду. Маселен, тажик мигранттары жумушка уруксатты азыркыдай бир жылга эмес, үч жылга алышат.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев болсо Түркия убада кылган 100 млн. доллар насыяны доолаш үчүн Анкарага барып келди. Түрк жетекчилиги кыргыз президентин дурус кабыл алган менен 100 млн. доллар насыя боюнча маселе ордунан жылганы байкалбайт. Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров насыя кыргыз тараптын күнөөсү менен алынбай калды деген пикирин айткан. Бирок бул иште геосаясий себептерди көргөндөр да жок эмес. Алар Кыргызстан Россия менен ири келишимдерге жетишкен соң, батышка жакын Түркия Кыргызстанга бере турган насыясын кармап калды деген ойду айтышууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG