Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

“Вечерний Бишкектин” колу-буту тушалды...


Свердлов райондук соту Эркин Мамбеталиевдин доосун камсыздоо максатында гезиттин беш машинесин жана банктык эсебин камакка алды.
Свердлов райондук соту Эркин Мамбеталиевдин доосун камсыздоо максатында гезиттин беш машинесин жана банктык эсебин камакка алды.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин доо арызы менен Свердлов райондук соту “Вечерний Бишкек” гезитинин банктын эсебин жана унааларын камакка алды.

Ошентип гезит финансы-транспорттук блокадага алынды.

“Вечерний Бишкектин” адвокаты Сергей Воронцовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Свердлов райондук соту Эркин Мамбеталиевдин доосун камсыздоо максатында гезиттин беш машинесин жана банктык эсебин камакка алды. Анын натыйжасында басылманын 250 кызматкери айлык акысыз, бюджет салыксыз калуу коркунучу жаралды дейт Воронцов:

- Автоунаалар камакка алынган. Биз аларды колдонууга укугубуз жок. Банктагы эсебибиз камакка алынган. Биз аны да колдоно албайбыз. Ошого жараша кызматкерлерибиз маянасыз калат. Биз салык да төлөй албайбыз. Анткени эсептердин бардыгы накталай акчасыз, банк аркылуу жүрүп жаткан. Эми Мамбеталиев мырзага ыракмат айтабыз, ал сөз эркиндигин муунтуу үчүн баарын жасады.

Сергей Воронцовдун айтымында, алар Свердлов райондук сотунун 29-июндагы чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бирок ал арыз качан каралары азырынча белгисиз.

Эркин Мамбеталиев
Эркин Мамбеталиев

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басылмасын президент Алмазбек Атамбаевге жазган кайрылуусундагы маалыматтар ар-намысыма доо кетирди деп, 50 млн. сом өндүрүп берүү талабы менен сотко берген.

Апрель айында жарыяланган кайрылуусунда “Вечерний Бишкек” мамлекеттеги бардык иштерди мурдагы президенттер учурунда Айдар Акаев жана Адил Тойгонбаев, андан кийин Жаныш жана Максим Бакиевдер чечип калса, эми Икрам Илмиянов жана Эркин Мамбеталиев чечип калды деп, Мамбеталиевдин кылмыш дүйнөсүндөгү иштерине да көп орун берген.

“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасында мындан башка да соттук териштирүүлөр жүрүп жатканы маалым. Ал Александр Рябушкиндин “Вечерний Бишкек” гезитине ээлик кылган “Рубикон” фирмасынын 50% үлүшүнө байланыштуу. Райондук соттон тартып, Жогорку Сотко чейин талаш Александр Рябушкиндин пайдасына чечилип келатат. Учурда Рябушкин тарабынан Александр Кимге коюлган 388 млн. сом доо арыз соттун кароосунда турат.

“Журналист” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоев “Вечерний Бишкекти” колго алуу боюнча ар тараптуу иштер жүрүп жатканын айтып, натыйжада орто жерде журналисттер жабыркоодо дейт:

- Эми бул жерде өзүнө каратуу үчүн бардык ыкмалар колдонулуп атат. Соттошуп аткандардын ортосунда журналисттер чымындай эле болуп калды. Алардын укуктары, айлыктары деген нерселер четте калууда. “Вечерний Бишкекти” багынтып алуу үчүн бардык ыкмалар ушинтип колдонулуп жатат.

Марат Токоев “Вечерний Бишкектин” банк эсептерин камакка алуу убактылуу эле көрүнүш болуп, ал тез арада чечилиши керек деп үмүт артат.

“Вечерний Бишкектин” ээси Александр Кимдин айтымында, автоунааларды камакка алуу анчалык оорчулук алып келбесе да, банк эсептерин камакка алуу салык, айлык акы төлөөдө татаалчылыкты жаратат. "Басылма жана интернет булак мына ушул татаалчылыктан чыгуунун жана ишти үзгүлтүккө учуратпоонун үстүндө иштеп жатат", дейт Александр Ким.

Президент тарап “Вечерний Бишкектин” айланасындагы соттошууларга эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Бирок гезиттеги айыптоолорго байланыштуу Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Икрам Илмиянов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG