Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

“Вечерний Бишкектин” саясаты өзгөрдү


"Вечерний Бишкек"
"Вечерний Бишкек"

“Вечерний Бишкек” гезитинин ээси алмашып, муну менен кошо редакциялык саясаты жана басылманын мазмуну да өзгөргөнү байкалат. Гезиттин мурунку кожоюндары болсо жаңы интернет сайтын ачып, өз окурмандарын табууга аракеттенүүдө.

“Вечерний Бишкек” гезити соттордун чечими менен Александр Рябушкиндин колуна өткөрүлүп берилген. Рябушкиндин айтымында, бүгүнкү күндө алар гезиттин кожоюну алмашканы боюнча документтерди даярдап, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүү алдында турат.

“Рубикон” фирмасы жана “Вечерний Бишкектин” кожоюну алмашканы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндөн кийин анын Директорлор кеңеши алмаштырылып, жаңы башкы редактор дайындалат. Бүгүнкү күндө “Вечерний Бишкектин” Директорлор кеңешин мурункудай эле Токторбек Жаналиев жетектеп турат. Ал эми башкы редактордун милдетин Амалия Бенлиян аткарууда.

Мурунку башкы редактор Геннадий Кузьмин гезиттин кожоюну алмашканына байланыштуу кызматынан кетти.

“Вечерний Бишкектин” баяндамачысы Бермет Маликованын билдирүүсүнө караганда, гезиттин кожоюну алмашты, бирок чыгармачыл жамаат негизинен ордунда калды:

- Бизде гезиттин ээси алмашты. Башкы редактор кызматтан кетти. Гезиттен эки-үч үч киши кетти. Интернет сайттан бир нече адам кетти. Калган эмгек жамааты 98% ордунда иштеп жатабыз. Бирок азыркы кезде чектелген шартта иштеп жатабыз. Гезит дагы кыскартылган вариантта чыгууда. Эң башкысы токтоп калган жок.

Бермет Маликова уюштуруу иштери бүтпөй жатканга байланыштуу август айы үчүн айлык акыларын ала электигин кошумчалады.

Гезиттин жаңы ээси Александр Рябушкин айлык акыны мурунку кожоюн Александр Ким төлөшү керектигин айтууда:

- Айлык акыны Александр Ким төлөшү керек эле. Ал болсо бардык документтер жана мөөрдү алып качып кетти. Азыр документтерди даярдап, Директорлор кеңеши жана мүлк ээлиги тууралуу маселени чечебиз.

Александр Рябушкин “Вечерний Бишкекке” 1-сентябрдан тарта ээлик кылууга киришкен. Гезиттин мурунку кожоюну Александр Ким Рябушкинге гезитти өткөрүп берген соттордун мындай чечиминин артында бийлик турганын такай билдирип келет.

Кимдин айтымында, сот анын бардык үй-мүлкүн камакка алган. Жакынкы күндөрү ал мүлктөр камактан чыгарылып, андан кийин Рябушкиндин карамагына өткөрүлүп берилет. Мына ошондон кийин Рябушкин Директорлор кеңешин алмаштырып, башкы редакторду дайындай алат. "Бул кызматтарга кимдин дайындалышы бизге да кызыктуу" дейт Александр Ким:

- Анткени биздин маалыматтар боюнча “Вечерний Бишкектин” ишин реалдуу көзөмөлдөп жаткандардын бирөө көз боёмочулук боюнча отуруп чыккан киши. Дагы кимдер келерин Атамбаев гана билет. Анткени ал “Рябушкин кандай команда алып келерин көрөсүңөр” деп айтпады беле. Азыр эми көрүп жатабыз Рябушкин кандай адамдарды алып келип жатканын. Азыр бир көз боёмочуну алып келди.

Александр Ким гезиттин редакциялык жана мазмундук саясаты бийликти колдоого карай кескин бурулду дейт. Ал мисал катары гезиттин 25-сентябрда жарык көргөн санындагы “Бийлик туруктуулугу менен күчтүү” деген макаланы атады. "Бул макала Шайлоо кодексине карама-каршы келет" деп эсептейт Александр Ким.

Гезиттин биринчи бетинде жарык көргөн “Бийлик туруктуулугу менен күчтүү” деген макалада президенттер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин сүрөттөрү коюлуп, бийлик партиясына добуш берүүгө чакырыктар жасалган.

Александр Ким жана аны ээрчип “Вечерний Бишкектен” кеткен журналисттер болсо Zanoza.kg сайттарын ачып, журналисттик ишин улантышууда. Бул сайттардагы маалымат, макалаларда сын көз караш бар. Негизи Александр Кимдин командасы парламенттик шайлоодон кийин өз ишин күчөтүүнү пландаштырып жатышканын белгилешти.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG