Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Тышкы саясаттагы тымызын күрөш


Расмий Ташкен Ошко газ берүү боюнча кыргыз өкмөтү аткара алгыс талаптарды коюп жатканынын чети чыгууда.
Расмий Ташкен Ошко газ берүү боюнча кыргыз өкмөтү аткара алгыс талаптарды коюп жатканынын чети чыгууда.

Кыргызстан кошуналары менен мамилесин бузгусу келбейт. Бирок кошуналардын улуттук кызыкчылыкка туура келбеген талаптарын аткарууга барбайт.

Бул тууралуу айткан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев газ маселесин жөнгө салууда Өзбекстан менен жүргүзүлгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бербей жатканын жашырган жок. Ошол эле кезде министр өлкөнүн тышкы саясатындагы багытты Орусиянын таасири астында калды деген дооматты четке какты. Өзбекстандык саясат таануучу Фарход Талибов эки тараптын саясий жетекчилиги ортодо чыккан маселелердин чыныгы себептерин ачыктабай жатканы кыргыз-өзбек мамилеси курчуп кетти деген сөздөрдүн чыгышына негиз берип жатканын билдирди.

Имиштерге чулганган мамлекеттер аралык мамилелер

Ташкендин газды өчүрүшү, ага жооп катары Кыргызстандын Наманган каналын жабуу демилгеси эксперттик чөйрөдө кошуналардын ортосундагы тымызын тирешүүнүн башаты катары кабыл алынган болчу. Бирок тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев соңку мезгилдеги кыргыз-өзбек мамилесин мамлекеттердин ортосунда боло жүрчү кадимки көрүнүш катары баалады. Анткен менен “муштум” көрсөтүүдөн мурун тараптар маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө барбай жатканы белгиленүүдө. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев газ маселесин жөнгө салуу боюнча Ташкен менен сүйлөшүүлөр натыйжа бербегенине токтолду:

- Мен Өзбекстандын тышкы иштер министрине Эль-Риядда жолукканда бул маселени көтөргөм. Ал киши бул чарбалык маселе деп жооп берген. Анан биз тиешелүү тараптар сүйлөшүп, маселенин тез арада чечилишин өтүнгөн болчумун. Бирок мага азыркы күнгө чейин ал жактан “Кыргызгаз” менен сүйлөшүүгө барбай жатышканы белгилүү.

Ош. 26-апрель, 2014-жыл.
Ош. 26-апрель, 2014-жыл.
Кыргызстандын түштүгүнө Өзбекстандын газды бууп салышынын түрдүү себептери айтылганы менен расмий Ташкен бул багытта турумун ачык билдире элек. Өткөн жумада Ташкен кыргыз өкмөтү аткара алгыс талаптарды коюп жатышынын чети чыккан. Өзбекстандык саясат таанучу Фарход Толибов эки тараптын маселенин чыныгы себептерин ачыктабай жатышы кыргыз-өзбек мамилесинин татаалдашып баратканы боюнча имиштердин чыгышына түрткү болууда дейт:

- Ортодо пайда болгон маселе чечилбей анын себептери ачык болбой жатышы жакшы эмес. Анан эки ортодо ар кандай ушактардын жана имиштердин чыгышы эки тарапка тең абийир алып келбейт. Бирок мына ошого карабастан эки мамлекеттин тең жетекчилиги бул маселенин өзөгү эмнеде экенин ачык жарыялабай турушат. Мындай жагдай эки тараптуу мамилелерге чайкоочулук кылууга жем таштоодо.


Улуттук кызыкчылыкты уттурбоо аракети

Ошол кезде эл аралык деңгээлдеги эксперттер расмий Ташкенге Кыргызстандын Орусиянын толук геосаясий таасирине киргени жакпай жатканын белгилешүүдө. Буга Нарын дарыясындагы ГЭСтерди курулушун курууну Кыргызстан Орусияга берип койгону мисалга алынган. Ошондуктан Өзбекстан ГЭСтердин курулушуна эл аралык экологиялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда. Бул арада расмий Бишкек тышкы саясатын Орусиянын ыңгайына карап жүргүзүп, ал жагдай анын кошуналарынын кызыкчылыгына каршы келип жатканы боюнча божомолдор күчөдү. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мындай кептерди четке кагып, учурда тышкы саясатта улуттук кызыкчылык алдыга коюлуп жатканын белгиледи:

Эрлан Абдылдаев
Эрлан Абдылдаев
- Биз Азия, Европа мамлекеттери жана АКШ менен өзүбүздүн тышкы саясатты натыйжалуу жүргүзүп жатабыз. Бирок мындай бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Стратегиялык өнөктөш мамлекеттер деген бар. Буга биз менен тарыхый байланышы бар жана биз менен чектешкен мамлекеттер кирет. Кошуналарыбыз Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүдө биз “силердин кызыкчылыгыңар кандай, биз аны эске алалы, бирок силер дагы биздин кызыкчылыкты эске алышыңар керек” деп жатабыз. Биз газ, суу болобу же жер маселеси болобу мунаса табууга даярбыз. Бирок биз эч убакта өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды бербейбиз.

Тең салмактуулук

Парламенттик оппозиция өкүлдөрү Кыргызстан Орусияга карай багыт алып, маселени чечүүнүн чылбырын ага толук берип койду деп айтып чыккан. Мында маселени чечүүгө үчүнчү тарап аралашканда анын аягы татаалдашып кеткен учурлар эл аралык практикада көп кездешери мисалга алынган болчу. Ошондуктан Кыргызстан ортодогу маселесин кошуналары менен эки тараптуу шартта чечип алганы дурус болмок деп жүйө келтиргендер да бар. Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстан үчүн дипломатиялык тең салмактуулукту сактоо маанилүү экенине токтолду:

- Коңшу мамлекеттер менен түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Мында биздин Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо оңой болбойт. Бирок биз кошуналарыбыз менен эки тараптуу шартта маселени жөнгө салууга аракет кылышыбыз зарыл. Биздин стратегиялык өнөктөш Орусия менен болгон мамилебиз кошуналарыбызга же алыскы дос мамлекеттерге жакпашы мүмкүн. Бирок эгерде анда биздин улуттук кызыкчылыгыбыз бар болсо аны эске алуу менен саясат жүргүзүшүбүз керек.

Талдоочулар Борбор Азия мамлекеттери ортодогу келишпестиктерди чечүүдө өз ара кызматташуудан четтеп калганын айтып, мындай жагдай алардын арасындагы мамилелердин муздашына жана кез-кезде курчуп кетүүсүнө өбөлгө түзүп жатканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG