Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Сот Илмияновдун доосун колдоду


Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

Бишкек шаардык соту журналист жана коомдук ишмер Уран Ботобековдун үстүнөн ири суммада акчалай доо өндүрүү боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов абройума шек келтирди деген негизде 5 миллион сом доо коюп, сот анын арызын жарым-жартылай канааттандырган болчу. Уран Ботобеков чечимди күчүндө калтырууга макул эместигин билдирип, жогорку турган сотко даттанарын жарыялаган.

“Модага” айланган моралдык зыян

Бишкек шаардык соту журналист жана коомдук ишмер Уран Ботобековдун аны акчалай доого жыккан Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечимине карата арызын карады. Сот “абройума шек келтирди” деген президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун пайдасына Уран Ботобековдон 1 миллион 800 сом өндүрүү боюнча 2015-жылы 7-июлда чечим чыгарган болчу.

Уран Ботобековдун ишин караган соттор. 9-сентябрь, 2015-жыл
Уран Ботобековдун ишин караган соттор. 9-сентябрь, 2015-жыл

Бишкек шаардык сотунун судьясы Акматали Алибаев бул жолку соттук териштирүүнүн башында доо арыздын мазмуну менен тааныштырды:

- Уран Ботобековдун “Вечерканын артында жаш шакалдар эмес, ажыдардын өзү турат” деген маегинде көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка жатпаган жана анын ар-намысына шек келтирген маалыматтар катары табылып, аларды төгүндөөгө милдеттендирилсин деп кайрылган. Жоопкерлер Уран Ботобеков менен “Вечерний Бишкек” басма үйү анын пайдасына моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 миллион сом өндүрүп берүү жагы суралган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен бул доо арыз жарым-жартылай канааттандырылып, моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн доогер Икрамжан Илмияновдун пайдасына аталган өлчөмдөгү акча өндүрүлсүн деген чечим чыккан. Жоопкер тарап буга макул болбой, чечимди Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Көз караш үчүн жоопкерчилик?

Кожоюну алмашкан “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн өкүлдөрү эмнегедир бул сотко катышкан жок. Ошондой эле доогер тараптын өкүлдөрү дагы сотко келбеди. Жоопкер тарап баштапкы сот чечиминде абийирди жана абройду коргоо тууралуу талаштарды кароодогу соттук практика боюнча токтомдун шарттары бузулганын мисалга тартты. Уран Ботобековдун адвокаты баштапкы сот чечиминде 1 миллион 800 миң сомдук доо эмненин негизинде жана каяктан алынганы көрсөтүлбөгөнүн айтты. Бирок доогер Илмияновдун өкүлү сотко келбегендиктен бул багытта териштирүү болгон жок.

Уран Ботобеков (оңдо) жана анын сотуна катышуу үчүн келгендер
Уран Ботобеков (оңдо) жана анын сотуна катышуу үчүн келгендер

Журналист Уран Ботобеков өз маегинде Илмиянов тууралуу маалымат каражаттарына жарыяланган фактылардын негизинде гана анализ жасалганын айтып, мыйзам саясий көз караш үчүн сот жоопкерчилигине тартууга жол бербестигин билдирди:

- Икрамжан Илмиянов менден “кыргыз коому аны орус падышасы Николай IIнин сарайындагы көшөгө артындагы көмүскө иштерди жүргүзгөн Распутиндей жек көрүп калганы анык” деген сүйлөмүмдү төгүнгө чыгарууну талап кылууда. Илмиянов тууралуу маалымат каражаттарында аябай көп макалалар чыккан. Мен мына ошол материалдарга таянуу менен салыштыруу иретинде гана сүрөттөгөн болчумун. Менин мына ошентип салыштыруума негиз болгон мезгилдүү басма сөзгө жана интернетке жарыяланган маалыматтарды чекесинен мисал клетирейин.

Соттор кимге көз каранды?

2015-жылы 30-апрелде “Кабар Ордо” интернет порталына журналист жана коомдук ишмер Уран Ботобековдун «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн айланасындагы абал боюнча маеги жарыяланган. Икрамжан Илмиянов маекте келтирилген ага байланыштуу тогуз мисалды абройуна шек келтирүү катары кабыл алып, сотко берген. Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы дооматты толук териштирип отурган жок. Он мүнөткө чукул кеңешүүдөн соң Бишкек шаардык соту мурдагы сот чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Уран Ботобековдун сотуна бир катар саясатчылар катышты
Уран Ботобековдун сотуна бир катар саясатчылар катышты

Сотко байкоо салганы келген саясатчы Равшан Жээнбеков бул жагдайды сот бийлигинин көз карандылыгынын дагы бир мисалы катары мүнөздөдү:

- Соттун бул кадамы күтүлгөн эле чечим болчу. Кыргызстандагы соттордун бардыгы башынан эле бийликке жана андагы күчтүү саясатчыларга баш ийе турганы белгилүү болчу. Бул жолку соттун чечими мына ошол соттордун көз карандылыгын далилдеген дагы бир көрүнүш болду. Мына ошонун дагы бир далилин алдык. Анткени өлкөдө сот реформасы болгон жок. Ошондуктан бир гана жол – бул саясий күрөш уланышы керек. Биз Кыргызстанда соттордун көз карандысыздыгын жана сөз эркиндигин коргоого жапырт турууга убакыт жетти.

Журналист Уран Ботобеков сот чечимин саясий буюртма деп атап, бул боюнча жакын арада Жогорку Сотко даттанарын билдирди. Эгерде ал жактан дагы сот чечими өзгөрүүсүз күчүндө кала турган болсо, анда ал эл аралык сотко чейин кайрылууга мажбур болорун жарыялады.

XS
SM
MD
LG