Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Түлеевдин чыгымды төлөө убадасы


Нариман Түлеев. 28-июль, 2014-жыл.
Нариман Түлеев. 28-июль, 2014-жыл.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев сотто мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бере турганын айтты.

Бирок Түлеев бул үчүн мамлекеттик айыптоодон Кытайдан автобустарды жана таштанды ташуучу машинелерди алып келүүдө келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктап берүүнү талап кылды. Мамлекеттик айыптоо сотто атайын техниканы алып келүүдө 32 миллион 869 миң сом шаардын бюджетине зыян келтирилгенин белгиледи. Бирок Түлеевдин жактоочулары бул зыянды документалдык негизде тастыктоону соттон өтүнүүдө.

Зыянды аныктай албаган тергөө

9-октябрда өткөн сот жараянында Нариман Түлеев Башкы прокуратуранын өкүлүнөн келтирилген зыяндын өлчөмүн так айтууну суранды. Ал эгерде мамлекеттик айыптоо мына ошол зыянды тастыктаса, аны төлөп берүүгө даяр экенин билдирди. Түлеев мындай билдирүүсүн прокуратуранын өкүлүнүн сотто берген көрсөтмөсүнө карата айткан болчу. Анткени сотто келтирилген зыян эксперттик негизде аныкталбаганы белгиленген. Соттолуучу Нариман Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев мамлекеттик айыптоо келтирилген зыян боюнча сотто так тастыктаманы көрсөтө албаганын айтты:

- Түлеев сотто эгерде мына ошол зыяндын өлчөмүн негиздеп берсеңер, аны төлөп берүүгө макулмун деп айтты. Бирок ал андай негиздеме сотто далилденбесе, анда коюлган айыптоону четке кагам деп билдирди. Мамлекеттик айыптоо мына ошондой документтерди сотто көрсөтүп, зыяндын өлчөмүн аныктап бере алган жок. Күбөлөр сотто эч кандай зыян болбогонун айтып, көрсөтмө беришти. Бирок ага карабастан мамлекеттик айыптоо өзүнүн айыптоосун негиздемеси жок эле алдыга коюп жатат.

Бул жолу сот жараянына Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Жаныбек Салиев күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылган. Жаныбек Салиев бул ишти караган тергөө тобу Түлеевге каршы жетиштүү далил топтогонун жана анда Кытайдан келген техниканы ташып жеткирүү баасы ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталганын белгилеген. Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Алманбет Абдраманов техниканы алып келүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим болгонун айтты:

- Нариман Түлеевге тергөө тарабынан коюлган айыптоонун маңызы кытайлык жүк ташуучу компания менен мына ошол автобустарды Кыргызстанга жеткирүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөндүгүндө. Мына ошонун жыйынтыгында мамлекеттик казынага 32 миллион 869 миң сом зыян келтирилген.

“Эстен кеткис” эсеп-чот

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Жаныбек Салиев автобустарды ташып келүүгө кеткен чыгымды өзү эсептеп, келтирилген зыяндын өлчөмүн адистердин корутундусу жок эле аныктап чыкканы боюнча сотто көрсөтмө берген. “Кандай негизде өзүңүзгө мындай укукту ыйгарып алдыңыз” - деген суроого Салиев мында Кылмыш-жаза кодексин жана Эсептөө палатасынын актысын жетекчиликке алганын айткан. Ошол эле кезде сотто Эсептөө палатасынын актысында келтирилген зыяндын так өлчөмү аныкталбаганы белгилүү болду. Мурдагы мэрдин бир тууганы Нарынбек Түлеев мамлекеттик айыптоо сотто зыянды аныктап бере албай жатканын белгиледи:

- Мына бул жерден мынча өлчөмдө акча желип кеткен деп айта турган бир дагы күбө болбосо, бир дагы далил көрсөтүлбөсө, анда айыптоо четке кагылышы керек да. Бул ишти ачуунун башында турган Жаныбек Салиев өзү башында бакылдап барып, бирок сот далилди талап кылганда унчуга албай туруп калбадыбы. Ал ошол өзү зыяндын өлчөмүн санап чыкканын айтты. Демек, мына ошонун бардыгын асмандан алган болуп жатпайбы. Биз муну эки жылдан бери эле айтып, кыйкырып келе жатканбыз.

Эске сала кетчү жагдай: Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге Кылмыш-жаза кодексинин коррупция жана кылмыштуу кирешени актоо беренелеринин негизинде айып коюлуп, шаардын Ленин райондук соту аны он жылга эркинен ажыраткан. Нариман Түлеев бул сот чечимине даттанып, Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу. Жакында шаар соту Түлеевдин иши боюнча өкүм чыгарары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG