Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Камактагы депутаттардын иши сотко өтүүдө


Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери Бишкек шаардык сотунун алдында. 17-октябрь, 2012-жыл.
Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери Бишкек шаардык сотунун алдында. 17-октябрь, 2012-жыл.

“Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевдин, Талант Мамытовдун жана Садыр Жапаровдун иштери тергелип бүткөнү кабарланууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурган “Ата Журт” фракциясынын депутаттарына байланышкан кылмыш иши тергелип бүттү. Ишти тергөөгө алган Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, ал бүгүн-эртең сотко өткөрүлмөкчү.

Оорулуу депутаттар

Ал аралыкта Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун адвокаттары бул эки депутаттын ден соолугу кескин начарлап кеткенин, бирок аларды УКМКнын ооруканасына жаткырып, дарылоо өтүнүчү канааттандырылбай жатканына нааразы болушууда.

Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун пикиринде, депутаттын күнөөсүн тергөө далилдей алган жок.

- Ташиев ушул тапта абдан ооруп жатат. Медициналык комиссия да муну ырастаса, бул боюнча УКМКнын да аскерий-медициналык корутундусу бар. Бирок эмне үчүн аны УКМКнын ооруканасына которбой жатканын түшүнбөй жатабыз.

Айткулов эми бул ишти карай турган соттун адилет чечим чыгарарынан күмөнү бар. Мындай пикирге вице-спикер Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев да кошулат. Ал да Мамытовдун ден соолугуна кам көрүлбөй жатканына нааразы.

- Дарылап жатабыз дейт, бирок ал эч кандай натыйжа берген жок. Эгер госпиталга жаткырсак, буларга ыңгайлуу шарт түзүп берип койот окшойбуз дегендей болуп жатышат. Эми бул иш сотко өткөндөн кийин эгер мыйзам чегинде карай турган болсо, анда депутатты актап чыгарышы керек.

Депутат Садыр Жапаровдун адвокаты да сотто анын акталып чыгарына ишенет. Ал аралыкта Башкы прокуратура Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиевдин ден соолугуна байланыштуу түшүндүрмө беришти. Башкы көзөмөл органдын маалымдашынча, Ташиев ашказан жарасы менен жабыркайт. Бирок ал тиешелүү медициналык дарылоодон өтүүдө. Маселен, 19-октябрдан 20-ноябрга чейин бир ай УКМКнын ооруканасында дарыланса, азыр тергөө абагынын медициналык бөлүмүнөн жардам алууда.

Ал эми депутат Талант Мамытов 3-декабрда көңүлү айнып, ден соолугу начарлаганын айтып кайрылган экен. Тиешелүү медициналык текшерүүдөн кийин анын баш мээсинде эски зак бар экени аныкталып, он күн дарыланган.

Мындан сырткары ал 13-декабрда кайра дагы бир ирет медициналык кароодон өткөрүлүп, ушул кезде дарыланып жатканын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Атамбаев кийлигишпейт

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда журналисттер менен болгон маалымат жыйынында чуулгандуу сот иштерине да токтолду. Ал сот иштеринин бирине да кийлигишпесин, балким сот өкүмүнөн кийин өз оюн айтышы мүмкүн экендигине токтолду.

- Сот иштери мыйзамдын чегинде сотто гана чечилиши керек. Мен президент катары кайсы бир иштер боюнча ырайым кылышым мүмкүн, бирок сөзсүз сот чечиминен кийин гана. Бул мейли 7-апрел болсун, мейли 3-октябрдагы окуя болсун, бардык сот иштерине тиешелүү. Мен президент катары биздин Баш мыйзамдын жана мыйзамдардын чегинде, сот чечиминен кийин гана аралашышым мүмкүн. Мен муну андан эрте жасабайм.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров 3-октябрда Ала-Тоо аянтында Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, анын арты депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов баштаган бир топ адамдын Ак үйдүн тосмосун ашып өтүүсү менен аяктаган. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" деген айып тагылып, камакка алынышкан болчу.

XS
SM
MD
LG