Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Жаңы темир жолго Кремлдин уруксаты керекпи?


Сауд Арабияга расмий сапар менен барган президент Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугууда. 3-декабрь, 2014-жыл
Сауд Арабияга расмий сапар менен барган президент Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугууда. 3-декабрь, 2014-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабияга сапарында Кыргызстан аркылуу өтө турган Кытай-Иран темир жолу тууралуу билдирүү жасады. Антиорусиялык деп эсептелген бул жолдун Кыргызстан аркылуу курулушуна уруксат берүүгө расмий Бишкектин эрки жетеби?

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай - Иран темир жолун курууга акча салууга Сауд Арабиясын чакырды. Иран менен тирешип турган саудиялыктардын бул жолдун курулушуна акча салуусу канчалык мүмкүн болгонун айтуу кыйын. Бирок бул долбоордун артында акчадан кем эмес Кытай менен Ирандын турганы анын реалдуулугунан кабар берет.

Борбор Азия регионунда бул багыттагы темир жолдун курулушуна Тажикстан абдан кызыкдар. Тажикстан аны менен Өзбекстандын блокадасынан чыгууну көздөйт.

Кыргызстан бул жолдун курулушуна кызыкдарлыгын буга чейин байкатпаганы менен, президент Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин кызыкдар экени аныкталып калды.

Кыргызстан “Темир жолундагы” жаңы темир жолдорун куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциянын башчысы Канат Абдыкеримовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолун куруу боюнча транспорт министрлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр 8-декабрда Дүйшөмбү шаарында болот.

Жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган бөлүгү тууралуу Канат Абдыкеримов буларды маалымдады:

- Бул жолдун транзиттик потенциалы бар. Бул темир жол долбоору ишке ашса, Эркеч-Там аркылуу Тажикстанга кетет. Биздин аймак аркылуу өткөн бөлүгү 215 чакырымды түзөт. Кытайдан Эркеч-Тамга кирип, Сары-Ташка келип, Сары-Таштан Карамыкка барып, андан ары Тажикстанга чыгып кетет.

Канат Абдыкеримовдун айтымында, азыркы кезде жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Ал ушул жылы аякташ керек.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникация жана архитектура комитетинин мүчөсү Нарынбек Молдобаев бул жолдун курулушуна биринчи кезекте Кытай менен Иран кызыкдар, ошондуктан мына ошол өлкөлөр каржылоого тийиш дейт:

- Ушул темир жолду салганда Кыргызстан эч акча чыгарбаса дейм. Анткени ал абдан чоң долбоор. Ага биздин акчабыз да жок. Ал жол менен көбүнчө Кытай менен Ирандын товарлары өтөт. Биз бир да товарды экспортко чыгара албай жаткандан кийин биздин экология бузулат, жайыттарыбыз кетет. Ошондуктан Кытай тараптан каржыланып курулса, анан бизден өткөн үчүн акча түшүп турса, экономикабыз үчүн жакшы болмок.

Маселе жаратчу жол

Нарынбек Молдобаев долбоорго Кытай тарап абдан кызыкдар болуп жатканын кошумчалады.

Орусиянын таасирин азайта турган мындай инфраструктуралык долбоорлорго Кремл кескин каршы чыгып келатканы маалым. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулбай калышына да Орусиянын таасири чечүүчү болгону айтылып келет.

Саясат таануучу Марс Сариев Кытай-Иран темир жол долбооруна катышуу үчүн Кыргызстан Москвадан уруксат алыш керек дейт:

Марс Сариев
Марс Сариев

- Ушул жолдордун баары Орусияга жакпайт. Себеби булар Орусияга кирбей өтүп кетип, Транссибирдик магистралга атаандаш болот. Экинчиден, Кыргызстан, жалпы эле Борбор Азия Түштүк Азияга ооп кетет. Анан Кытайдын салмагы, таасири көбөйүп кетет. Менин оюмча, бул долбоорлорго Орусия кирбесе, анда каршы болот. А биз Орусия менен стратегиялык шерик болуп, Бажы биримдигине, Евразия экономикалык биримдигине киргени жатабыз. Эми ачыгын айтканда, Кыргызстандын тышкы саясатында көзөмөлдөөчү пакетти Орусия кармап турат. Анын сөзүн укпасак эч нерсе кыла албайбыз.

Ал эми Нарынбек Молдобаев Кытай-Иран темир жолундагы геосаясий тобокелчиликтерди Кытай менен Орусиянын ортосундагы азыркы жылуу мамиле жайгарат деп эсептейт.

Биз бир да товарды экспортко чыгара албай жаткандан кийин биздин экология бузулат, жайыттарыбыз кетет.

Бирок тажик тарап Кыргызстан өзүнүн аймагынан темир жолдун өтүүсүнө уруксат бербесе да долбоор турмушка ашат дейт. Анда альтернативдүү вариант болгон Тажикстандын Бадахшан региону аркылуу өтүүчү багыт тандап алынат.

Кытайдын тоолуу аймактарда темир жол курууда тажрыйбасы мол, ошондуктан Тоолуу Бадахшан вариантын турмушка ашырууда көп кыйынчылыктар жаралбайт деген тажик адистери Иран өз темир жолун Ооганстанга, ал эми Кытай тажик чек арасына чейин куруп койгонун белгилешет. Бирок коопсуздук боюнча эксперттер бул жолдун Ооганстандан өткөн бөлүгүндө маселе жаралат деп эсептейт. Анын үстүнө Ооганстанда учурда Кытай жана Иран менен мамилеси дурус эмес Кошмо Штаттардын аскерлери турат.

Ушул күндөрү Иран-Түркмөнстан-Казакстан темир жол курулушунун ачылышы болуп, ага бул үч мамлекеттин президенттери катышты. Казак тарап бул жолдун Казакстан экономикасы жана соодасы үчүн пайдалуу болгонун белгилеп жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG