Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Нааразылык акциялары жайылууда


Абактагы Камчыбек Ташиевдин ачкачылык жарыялашы жана Нариман Түлеевдин, Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштурган нааразылыктар жайылууда. Бийлик маселени сот чечиш керек деген позицияны карманууда.

Митинг, жөө жүрүш, боз үйлөрдү тигүү сыяктуу нааразылык акциялары Кыргызстандын төрт аймагына жайылды. Нааразылык акцияларынын очогу болуп Жалал-Абадда 25 киши ачкачылык кармоону улантып жатат.

Нааразылык акциялары Чүй облусунда да өтөөрү күтүлүүдө. Кубатбек Кожоналиевдин адвокаты Азиз Турдалиевдин айтымында, 19-октябрда Бишкек шаардык соту Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт. Бул күнү Кожоналиевдин тарапкерлери пикетке чыгууга даярданышууда. Алар буга чейин президентке кайрылышып, Кожоналиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсө, чечкиндүү кадамдарга барышарын жарыялашкан эле.

17-октябрдагы митингден бир көрүнүш
17-октябрдагы митингден бир көрүнүш
Буга кошул-ташыл болуп Нариман Түлеевдин тарапкерлери Нарында боз үй тигип, жол тосууларга барууга даярдыгын билдиришүүдө. Ал эми Садыр Жапаровдун тарапкерлери Балыкчы шаарына келишип, Кубакы ашуусуна боз үй тигип жатышканын Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев 18-октябрда маалымдады:

- Эки боз үй тигип, уюштуруу иштерин ушул жерден баштап жатабыз. Дүйшөмбү күнү Жапаровдун ишин карайт дешти. Биз эми ишемби, жекшемби күндөрү адамдарды топтойбуз. Азыр эми эки боз үй, бир чатыр тиктик.

Жумабаевдин айтымында, алар мыйзам чегинде акцияларын улантышат. Жол тосууга барышпайт.

Нааразылык акцияларынын масштабы кеңейип баратышы 18-октябрда Жогорку Кеңеште тынчсыздануу менен белгиленди. Маселен, “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Ахматбек Келдибеков депутаттардын камалышы парламенттик кризиске алып келатканын билдирсе, Исмаил Исаков мыйзамдуулукту сактоо маселесин көтөрдү:

- Сөздөр айтылып жатат, партиянын лидери, фракциянын лидери жана башкалар деп. Эгерде биз Кыргызстанда мыйзамдуулукту орнотобуз десек президент болобу, төрага болобу, партиянын лидери болобу, депутат болобу, Кыргызстандын жөнөкөй жараны болобу - ким мыйзамды бузса, жазасын алыш керек.

Ошол эле мезгилде Исмаил Исаков камалган депутаттарга туура эмес айып коюлуп калганын белгиледи:

- Ташиев, Жапаров, Мамытов, Кожоналиевди 295-берене боюнча айыптап жатышат. Менимче бул туура эмес. Алар 295-берене караган бийликти басып алган жок, бийликти күч менен кармап турган жок. Демек прокуратура бирөөнүн буйругун аткарып, депутаттардан уруксат алуудан качып, ошол беренени коюп, отургузуп коюшту. Жыйынтыгы эмне болуп жатат?

КСДПнын дагы бир мүчөсү Абдыманап Кутушев сабырдуулукка чакырды:

- Биз азыр жоопкерчилик менен мамиле жасап, мыйзамды сактап, мыйзам боюнча кандай чечим болушун күтүп, прокуратуранын да, соттун да ишине кийлигишпей турсак. Жалал-Абадда отурган эже-карындаштарга, энелерге кайрылып, сабырдуулук кылып, күтүп турсаңыздар. Баары мыйзам алдында бирдей болуш керек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана президенттин парламенттеги өкүлү Орозбек Молдалиев нааразылык акциясына чыккандар менен тынымсыз жолугушуп жатышканын, аларды сабырдуулукка жана мыйзамдуулукту сактоого чакырарын билдиришти.

Бирок да нааразылык акциясына чыккандар алардын өкүлдөрүн мамлекет башчысы кабыл албаганына нааразы болушууда. Президенттин ыңкылапчыл айрым жолдоштору камалган депутаттарды бошотуп, кырдаалды жөнгөрүүгө мамлекет башчысын чакырды.

Абакта ачкачылык кармап жаткан Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрыларын билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG