Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:39

Саясат

Биз билбеген Роза Отунбаева

Султан Каназаров бир жарым жыл президент Роза Отунбаеванын басма сөз катчысы болуп иштеди. Ал өлкө жетекчисин “үнөмдүү жана күч-кубаттуу президент” деп баалайт. Султан мырза Отунбаеванын эл билбеген мүнөз, жоруктарын “Азаттык” менен бөлүштү.

Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров, 2011-жыл
Текст көлөмү - +

Маекти  толугу менен бул жерден угуңуз:




"Азаттык": Сиз азыр эле президенттин жанынан келдиңиз.
Роза Отунбаеванын маанайы кандай, эмне менен алек?


Президент менен маалымат катчынын иши учакта дагы токтобойт.
​​Султан Каназаров: Маанайы абдан жакшы. Роза Отунбаева бир аптадан бери түнкү саат бирге чейин иштеп, буга чейин келген каттар жоопсуз калбасын деп, ар бирине жооп жазып чыкты. Убакыт талап кылган, күйбөй турган кагаз каттар ушунчалык көп эле.

Акыркы бир айда Отунбаевага кирем деп кабылдамага жазылган адамдардын саны өтө көп болду. Азырга чейин кезекте турушат. Алардын баары “Отунбаева президент болуп турганда рахмат деп айтып койолу” дегендер.

Кечээ Отунбаеваны катуу сындап жүргөн кишилер бүгүн келип, "президентке рахмат айтып койолу" деп ага жолугууга аракет жасап жатышат. "2 мүнөт, 1 мүнөткө эле кирип, ыраазычылык билдирип, колун кысып койолу" дешүүдө. Алардын баары Роза Отунбаеванын бийликке тырышпаганын баалашууда.


Мектеп окуучулары президенттин иш бөлмөсүндө экскурсияда (С.Каназаров оңдо)
​​
Мен белгилеп өтөйүн, азыр президенттин кабылдамасына кирсеңиз гүл жыйылып калган. Куттуктагандарга кезек жетпей турат. Отунбаевага келген бардык гүлдөр төрөт үйлөрүнө кетет. Жаңы төрөгөн аялдарга президент Роза Отунбаеванын атынан деп ар дайым гүл жеткирип, куттук айтып турушат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Гульмира каяктан: Бишкек шаары
06.12.2011 14:19
Роза Исаковна!
Кээ бир эркек саясатчыларга караганда, сиз кыргыздын чыгаан аялдары катары өзүнүздү көрсөтө алдыныз. Бийликти жалгыз өзү башкаса болот экендигин, бийликти өз эрки менен өткөрүп берсе боло тургандыгын, кыйын өткөөл мезгилде мамлекетти куч менен эмес адамдык бийик сапат менен башкаруу боло тургандыгын, аялдардын колунан да эркектерден кем эмес күч, акыл, энергия, туюм, бийлик бар экендигин тастыктап койдунуз.
Кээ бир саясатчылар сыяктуу, элге карап бирди айтып, өзү башканы жасаган фактыла сыяктуу эч нерсе жасаган жоксуз. Элге адилеттик менен, ак ниет кызмат кылдыныз.
Сиз мен баалаган саясатчысыз.
Таалайлуу адам экенсиз, өмүр бою кылган ишиниздин үзүрүн көрүнүз!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.12.2011 05:17
Roza eje siz abdan akılduu, daanıshman awalsınız. Sizge pahmat!

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
05.12.2011 15:23
Бийликтегилерди ким бузуп, көзүн май бастырат. Кошоматчылык. Ошон үчүн Отунбаеваны көкөлөтө мактай бербей, кылган ишине баа бербейлиби. Анын убагында бийликтен кеткени кийинки бийликтегилер үчүн үлгү болуш керек. Бийликтен кеткенден башка бийликтеги убагында жүргүзгөн саясаты үчүн дагы жооп бериш керек. Отунбаева Америкага барып Президенти, Мамкатчысы менен жолугушуп жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты. Баарыбыз сыймыктандык. Бирок ушул жолугушаларда биз сыймыктанган профбоксер А.Раимкуловдун проблемасын чече албагандан кийин ал жолугушуулар жөнүндө сөз кылуунун кереги барбы? Биздин мекендин патриоту болом деп, АКШны желегин көтөрбөгөнү үчүн эки жылдан бери соттошуп, кандай гана азаптарды башынан өткөруп жүрөт. Отунбаевага 2 жылдан бери кайрылып эч кандай колдоо тапкан эмес. Президенттик аппараттагылар бизге кат келген жок деген шылтоону айтышууда. Акаев, Бакиевдин убагында келген катка отписка болсо да жооп жазылчуу. Азыркы бийликтегилер кат жазсаң жооп жазмак турсун такыр көңүл бөлүп койбойт. АКШдагы биздин элчилик бул маселени билет экен бирок чечип жардам бере алган жок. Отунбаева деле элчиликтен биздин мекендештер жөнүндө сурап, чечкенге көмөктөшсө болмок. Раимкулов бул жөнөкөй атуул эмес, дүйнөгө атагы чыккан кыргыздын боксер уулу. Ушундайларга жардам бербеген бийлик башка жөнөкөй адамдардын проблемасын чечмек беле. Жолугушуу бизге натыйжа бербегенден кийин андай жолугушуунун кереги барбы? Убагында Акаевди эл аралык деңгээлде абройу күчтүү деп мактап, сыймыктанып жүргөнбүз. Көрсө ал бизди эл аралык мафиялардын чеңгелине салып берип жүргөнүн эми түшүнүп отурабыз. Атамбаев да 6 жыл талап тоноп убагында кетип калса, кеткени үчүн мактап, кетирген каталарын кечирип коёбузбу. Ошон үчүн кылган иштерине калыс баа берип, андан соң жакшы болсо сыйлайлы. Одоно ката кетирсе мыйзам алдында жазалансын. Ошондо гана биз укуктук жолго түшкөн, акыйкатты орноткон, демократиянын баалуулуктарын сыйлаган коом түзө алабыз.

кимден: Бурул каяктан: АКШ
04.12.2011 14:51
Эх ! Колумдан келгенде сизди даагы 8 жыл президентибиз кылат элем. Окунучтуу!
Абдан чон ыраазычылыгымды билдируу менен сизге, чын ден соолук жана тугонгус энергияны каалайм!
Кандай Апа бул дуйного жаратты экен сизди? Сиздин Апанызга ийилип таазим кылгым келет. Уй булонуз менен аман болунуз, Роза айым! Кыргызстан суусап турат сиздей глобалдык денгээлде ой жугурткон адамдарга, элинизге талыкпай кызмат кыла бериниз.
Рахмат сизге!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.12.2011 02:04
тили сайрап булбулдай , колунан кокон тыйын келбеген эркектерге караганда Роза айым Кыргызстанды дуйного жакшы иш аракеттери менен корсотуп кетти.

кимден: Айдарбек каяктан: Нарын
04.12.2011 01:58
Роза эже сизге рахмат !!!. Аял да болсонуз , эки эркек кыла албаган иш кылдыныз Кыргызстан учун. Тарыхта жакшы соз менен калдыныз. Эми деги айланайын кудайым Кыргызстандын чондоруна , элине ыйман берсе экен , сураганыбыз,тилегибиз ушу бир жараткандан !!!
Пикирге жооп

кимден: KG каяктан: US/China
05.12.2011 06:13
Кыргыздар, эми биз экономиканы остурушубуз керек! Биз коп билбегени менен кээ бир элдер суктанып жаткан -Потенциал чынында эле бар, ЦА эн онуккон мамлет болушка толук куч жетет. Азыр Грузия, Азербайжан катуу онугуп жатышат. Грузиянын такыр кен байлыктары жок, 4 эсе КР кичине жер. Бирок экономикасы 4 эсе чон. Ушул уят эмеспи бизге. Тоолорубузда алтын, rare earth металдар коп, инвестиция керек чон. Бизде жуздогон миллиард долларга запастар бар. А канчаны дагы табыша элек? Право собственности дегенди чынында аткаруу керек.
"Бизнес кылгыла, Коррупциясыз, Бутунарга тургула" деген инициатива болуш керекго коомдо, биринчи ирет бийликте.
Анан Биз Кытай менен бизнес проектерди тузуу абдан зарыл. Бара бара орустардан, Кытайга конул буруу зарыл. Бугун 2 ки экономика, эртенги 1чи супердержава. Азыр дуйно жузун Кытайдын ресурстарга болгон талабы коп мамлекеттерди байытып жатат. Биз Кытайдын инвестициларын киргизип, Кытайдын капиталы жардам берсе, келечек зор. Кытайлар азыр ай сайын 1 чон Торонто же Бостондой болгон чон шаар, инфраструктуура куруп жатышат. КР Сингапурдай бай жашашы толук мумкун. Реформаны баштоо керек.
Коррупцияны жоюда Жаштар биринчи кадам жасап башкаларга сигнал бериш керек. Бул бют коомго катуу сигнал болот. Анткени "бугунку жаштар - эртен силердин бийлинер"
Пикирге жооп

кимден: Айдарбек каяктан: Нарын
05.12.2011 15:02
Кытай мам-ти менен ото абайлап иштеш керек. Россиянын Дальний Востоктогудай болуп Кытай каптап кетпесин. Бабанов темир жол курабуз деп эле чамынып атат. Бугунку кундо Кытай Кыргыз жол катнашы начар болгондуктан Кытайларды кармап турат. Кытай каптаса Кыргыз капля в море болуп жок болуп кетет .Эч кандай кен-байлыктарды кытайларга иштетуго бербеш керек. Ошондой зарылчылдык болсо Россия менен иш алып барыш крек. Кытай мамлекети Кыргызтарга ( тарыхты карап корсок да ) эч качан жакшылык кылган эмес. дагы да келечекте Кыргызстанды озунун бир провинсиасы катары эсептеп келет. Кыскасы Жетим -Тоо бойунча Бабановко мен такыр каршымын , колуман келген аракетимди кылам жерибизди бербегенге . Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабагандарды да Жетим-Тоо, темир- жол сыяктуу проектилерге каршы чогуу оз салымдарын кошууга, аягына чейин бек туруга чакырат элем !!!

кимден: каяктан: ош
03.12.2011 16:01
Мен дагы Роза Исаковнага рахмат дээр элем. Сиз жаны доордогу Кыргыз Айымдарынын эзелки эркин жана улуу салтын уладыныз! Кочмон рухтуу кыргыздын жаны тарыхындагы Ханышасы болуп калдыныз. Сизге чын ден соолук, уй-булолук бакыт каалайм.

кимден: Нурдин каяктан: Бишкек
02.12.2011 22:48
Роза Исаковна экинчи Курманжан датка болуп тарыхта калдыныз. Сизге рахмат.

кимден: Кыргыз селки каяктан: Жаштар мамлекети
02.12.2011 18:28
Азаттыкка чыккан Кыргыздын экс жана жаңы президенттери ээрчишип бараткан сүрөттү өтө көп санда чыгарып дүйнө жүзүнө таратуу керек!

Ушундай акция башталса кошулам, өз айлыгымдан, ата-энемдин бенсиясынан деле кичине сурап бере алам.

Султан Каназаров - РИОнун жанында жүрүп чоң мектептен өттүң, келечекте жолуң шыдыр болсун!

ААнын жанына Кадыр Токтогулов келет дегенди угуп жыргап жатам.

Жаштар РИО менен ААга жардам кылып, алардан мамлекеттик башкарганды үйрөнүп, өзүбүз өлкөнү башкарууга барайлы!



кимден: anara каяктан: Talas
02.12.2011 15:31
Камчыга сап болчу эркектер элендеп качканда, белди бекем бууп олкону татыктуу башкарып берди
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине