Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Дербишева: Аймактык бөлүнүүгө азыртан чек коёлу


Кыргызстанда жер-жерге бөлүнүү илдети өткөн президенттик шайлоодо да байкалганы айтылууда.
Кыргызстанда жер-жерге бөлүнүү илдети өткөн президенттик шайлоодо да байкалганы айтылууда.

Кыргызстанда аймактык бөлүнүүчүлүктү мыйзам менен тескөө, трайбалисттик ураандарды тараткандарды жоопкерчиликке тартуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Демилгечилердин бири, филология илимдеринин доктору Замира Дербишеваны кепке тарттык.

- Замира айым, мындай демилге менен чыгууга эмне түрткү болду, түндүк-түштүк маселеси ушинтип мыйзам менен тескей турган чекке жеттиби?

- Кыргыз эли башкаларды көзөмөлгө алыш үчүн, башка элдин камын көрүш үчүн өзү даярдыгы жок абалда турат. Анткени азыр аймактык, уруу-уруу болуп бөлүнүү курчууда. Ушунун баарын эмитен чече албасак улут катары коркунучтабыз. Биригүү маселеси ушу тапта эң орчундуу.

Кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек дегенден алысмын, бул оор жаза. Бирок өкмөт тараптан бөлүнүп-жарылууга каршы саясат башталышы керек. Анткени бул жакшылыкка алып келбейт.

- Сиздер сунуштап жаткан долбоордо мындай аракет үчүн кандай жаза каралган?

- Бөлүнүү ар кандай деңгээлде болушу мүмкүн. Адамдардын жөнөкөй баарлашуусунда, бири-бири менен мамилесинде, ошондой эле административдик деңгээлде да. Ошон үчүн ушунун баарын өзүнчө көзөмөлгө алыш керек. Болбосо күчөй берет.

- Жердешчилик, уруучулук сезимди мыйзам менен тыюу мүмкүн деп ойлойсузбу? Анын башка жолдору жокпу? Маселен, ар кандай форумдар, маалымат каражаттарындагы талкуулар дегендей. Анын үстүнө Кыргызстанда мыйзамдар толук аткарылбасы айтылып жүрөт.

- Туура айтасыз. Менин оюмча, жоопкерчиликке тарткандан мурда кандайдыр бир системалуу жумуш аткарышыбыз керек. Башкача айтканда, эл менен сүйлөшүп, ар кандай конференцияларды уюштуруп, ар кайсы жерлерге аттуу-баштуу адамдар менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Өзүңөр билесиңер, элди, улутту биримдикке тарткан дин болушу мүмкүн. Экинчиден, элди бириктирген идеология. Дин азыр ишеничтүү болбой атат. Идеологиябыз да жок. Ушул экөө күчтүү болсо бул маселе жок болмок.

- Аймактык бөлүнүү улуттун бүтүндүгүнө, мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирээрин ошол эле албан саясатчылар белгилеп келишет. Бирок кайра эле саясый өнөктүк күч алганда өздөрү көтөрүп чыгышаарын “Азаттыктын” угармандары менен окурмандары дайыма айтышат. Бул нерсе айрыкча президенттик шайлоо маалында ачык көрүндү окшойт?

- Эми чындыгында эле күчөп баратат. Президенттик шайлоодо да оркоюп чыгып, элдин арасында да кандайдыр бир ыңгайсыздыкты жаратып атат. Эми элди жөн коюшса болмок. Алар өздөрүнчө кудалашып, ынтымакта жашап келе беришет эле. Бирок бул дарт эл арасына тарап кетпедиби...

XS
SM
MD
LG