Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Саясий күрөш күч алдыбы?


Ош облустук акимчилигин митингчилерден коргоп турган милиция кызматкерлери. 2-декабрь, 2013.
Ош облустук акимчилигин митингчилерден коргоп турган милиция кызматкерлери. 2-декабрь, 2013.
Кыргызстанда туруксуздуктун эки очогу пайда болду. Анын бири Cаруу айылында, экинчиси Ош аймагында пайда болду. Оштогу туруксуздуктун биринчи себеби - Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышына барып такалса, экинчиси - Ош шаарынын мэри үчүн күрөшкө барып такалат.

Ош шаарынын мэри үчүн күрөш 2-декабрдагы митингге масштаб кошуп, шаардын азыркы жетекчиси Мелис Мырзакматовдун борбордук бийликке каршы күрөшүнүн ачыкка чыгуусуна шарт түздү.

Бул күнү митингчилердин алдына чыгып келген Мелис Мырзакматов буларды айтты:

- Бул коррупция эмес. Мына “Кыргызгазды” бир долларга 65 депутат сатып жиберди. Мына ошол коррупция. Бүгүн Кумтөрдү чечпей атышат, элдин пайдасына иштетпей атышат. Ошол коррупция. Анан тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетине айткандарды камап жатат. Бул коррупцияга каршы күрөш эмес.

Мелис Мырзакматовдун бул сөзү Ош шаарынын мэри үчүн күрөш чечүүчү мезгилге жакындап калганынан кабар берет.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду теске салууга дароо киришип, аны мыйзамдан чыкпоону эскертти. Өкмөт башчы ошондой эле күч министрлерин чогултуп, мыйзам бузууларга каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү тапшырды. Оштогу митинг учурундагы окуялар боюнча кылмыш иши козголгону да маалым болду.

Тараптардын чечүүчү күрөшү алыс эмес. Анткени Келдибековдун тарапкерлери талаптарын аткарууга бийликке үч күн мөөнөт койсо, Ош шаарынын мэрин шайлоо жакынкы мезгилдерге дайындалышы күтүлүүдө.

Оштогу митингдин талаптарын бийлик башчыларына жеткирүү Улукбек Ормоновго тапшырылды. Ормонов бул талаптар жетекчилер тарабынан кабыл алына электигин 3-декабрда “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле бул карама-каршылык эмне менен бүтөөрү белгисиз экенин айтып өттү:

- Эми мен андай-мындай деп айта албаймын. Талаптарга келе турган болсом: Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылсын, тергөө акыйкат болсун, КТР менен ЭлТРден бир жактуу каралоо токтотулсун, - деген негизги талаптар бар.

Борбордук бийликтин Оштогу митингге реакциясы эки тараптын компромисске келүүсү азырынча мүмкүн эместигинен кабар берет. Маселен, өкмөттүн катаал чаралар боюнча тапшырмасынан сырткары президент Алмазбек Атамбаев 3-декабрда Чүй облусундагы жолугушууда кыйыр түрдө Акматбек Келдибековду айыптап өттү:

- Кары-картаңдарды тоногон, майыптарды тоногондор үчүн жолду бууп, митингдерди өткөргөндөргө таң каласың. Же кайра келсинби уурулардын заманы?! Коррупция менен күрөшүү үчүн бардык жерде күрөшүү керек. Мен болсо көп убакта угуп жатам, коррупция менен күрөшөлү бирок менин тууганым менен, менин айылдашым менен күрөшпөйлүк деп. Мындай болбош керек.

Тасмада: Президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү, Чүй облусу, 3-декабрь

Атамбаев: Уурулардын заманы кайра келсинби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Оппозиция өкүлдөрү болсо коррупцияга каршы күрөштө бийлик оппозиция лидерлерин жана бийликтен кеткен адамдарды гана мелжеп калганын айтууда. Андай билдирүүлөргө козголгон кылмыш иштердин мезгили жана кимдерге багытталганы негиз берүүдө. Ошол эле мезгилде коррупцияга шектелген бийликтеги барандуу фигуралар кол тийбес бойдон калууда.

Мисал катары оппозиция Бишкек арак заводун Чыныбай Турсунбековдун жакындары арзан менчиктештирип алышын, ошондой эле Бакиевдерге таандык “Акылинвестбанктын” “Капиталбанкка” айланып, ал дагы Турсунбековдун жакындарынын колуна түшүүсүн атоодо. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жакын “Градиент” фирмасынын Кумтөр менен бизнеси, тендерлерди утуусу депутаттардын шегин жаратып, алар бул ишти иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүштү. Сарпашев болсо өз ордунда кала берүүдө. Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Батукаевдин бошотулушу боюнча бир гана Шамил Атаханов кетүүгө аргасыз болду.

Мына ушулардын баары оппозиция өз жүйөсү менен көчөгө чыгуусуна, бийликке каяша айтуусуна негиз болуп берүүдө.

Бийлик мындай айыптоолорго кандайдыр бир чекит коюш үчүн Бишкек мэри Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгоого барды. Бирок ал дагы азырынча кызмат ордунда олтурат.


Оппозиция Ысык-Көлдө митинг өткөрүүнү көздөөдө

Кыргызстанда туруксуздуктун дагы бир очогу болгон Ысык-Көлдө “Кыргыз эл биримдиги” кыймылынын координациялык кеңеши түзүлдү. Аны “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров жетектейт. Кадыров координациялык кеңештин иш-максаттары тууралуу буларды билдирди:

- Кеңештин башкы максаты - Кумтөрдү кыргыз элинин пайдасына иштетүү. Бийлик тарабынан уюштурулган чагымга байланыштуу камакка алынган Жети-Өгүз районунун, Саруу айылынын тургундарын тез арада бошотуу, Саруу айылына карата болуп жаткан зордук-зомбулукту токтотуу, Атамбаев бийликке карата адилеттүү сын айткан азаматтарды куугунтуктоону токтотсун деген да талап болду.

Кадыровдун айтымында, Координациялык кеңешти түзүү боюнча жыйынга облустун бардык райондорунан өкүлдөр катышты. Алар жакын арада оппозиция лидерлеринин катышуусу менен митинг өткөрүүнү пландаштырып жатышат.

Оппозиция лидерлери чакырыла турган Ысык-Көл митингинде Кумтөр негизги темалардан болору талашсыз. 23-декабрда Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча өкмөткө берген мөөнөт да бүтөт. Ошондуктан парламент ичинде да өкмөткө каршы чабуулдун күчөшү күтүлөт.

Ошентип саясат аралашкан коррупцияга каршы күрөш жаңжалдары, Кумтөр машакаты Кыргызстанды туруксуздуктун кучагына кайра түртүп, экономика үчүн аба менен суудай болгон инвесторлорду үркүтүп жаткандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG