Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Коалиция эки аткаминерди элдештире албады


Шыкмаматов Нарымбаевден кечирим суроодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Шыкмаматов Нарымбаевден кечирим суроодон баш тартты

Жогорку Кеңештеги коалициялык кеңеш 2-февралда президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовго карата доосун карады.

Ушул эле күнү кечинде юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов түз эфирдеги “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүнө чыгып, шейшембиде кызматтан кетүү тууралуу арызын премьер-министр Жоомарт Оторбаевге тапшырарын ачыкка чыгарды. Ошондой эле президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевден кечирим сурабай тургандыгын дагы бир жолу кайталады.

Өткөн айда жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине "баш прокурор Салянова Нарымбаевдин саясий оюндарынын негизинде кызматтан кеткени тууралуу" юстиция министри Шыкмаматовго шилтеме берген маалымат жарыяланган эле.

Данияр Нарымбаев коалициялык кеңештин жыйынында Алмамбет Шыкмаматовду кадыр-баркыма шек келтирди, жогорку мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпаган кадамга барды деп айыптады. Коомчулуктун алдында кечирим сурасын, болбосо жоопкерчилиги каралсын деген маселе койду:

- Гезитке ошол маек чыккандан кийин мен бир жума күттүм. Анткени мени Өмүрбек Текебаев "күтө тур" деген эле. Ошол гезиттин кезектеги санына ал маекте айтылгандарды төгүнгө чыгарган маалымат чыкты бекен деп карасам чыкпаптыр. Алмамбет Шыкмаматов өзү деле мага чалып, “ал гезит жалган нерселерди жазып жатат, сиз ага ишенбеңиз”, деп бир ооз айтып койсо болот эле да. Бирок андай болгон жок да. Ошол маалымат бир баш прокурордун кызматтан кеткени жана жаңысын дайындоо маселеси каралып жаткан чакта жарыкка чыкты. Бул жалган маалымат президенттин аппаратын жаманатты кылат.

Шыкмаматов менен Нарымбаев
Шыкмаматов менен Нарымбаев

Алмамбет Шыкмаматов болсо Данияр Нарымбаевден кечирим суроодон баш тартты. Журналист менен жеке мүнөздөгү сүйлөшүүнүн мазмуну бурмаланып жарыяланганын, болгону Нарымбаев баш прокурор болушу ыктымал деген божомолун айтканын белгиледи:

- Ал менин жеке оюм, жеке ой жүгүртүүм болгон. Эгер чындап эле туура эмес нерсени айтып коюп, сиздин кадыр-баркыңызга шек келтирсем, барып кечирим сурап, эч кимге айттырбай эле төгүнгө чыгармакмын. Мен дагы сизге окшоп, ушундай ушак-айың менен күрөшүүнү чечтим. Буга маани бербей күрөшүүнү чечтим. Мындай ушактарды андан ары ырбатпайлы деп чечтим.

Бул маселе талкууланып жаткан чакта Жогорку Кеңештеги коалициялык кеңеш бул орган түзүлгөндөн бери алгачкы жолу жыйынга чогулуп жатканы маалым болду. “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындан да маанилүү бир катар маселелер кворумдун айынан үзгүлтүккө учурап келгенин, ал эми гезиттеги бир маалыматтын бул кеңеште каралып жатышын орунсуз деп атады:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Ош шаары газсыз калганда коалициялык кеңеш чогулган жок. Төрт жылдан бери сот реформасы жүрбөй, сот коррупцияга батты, талкаланды деп да айтып жаттык. Же өзүбүздүн демилгебиз менен, же Данияр Нарымбаевдин демилгеси менен “ай, жыйналалык, мыйзамдар өтпөй жатыптыр, тездетели” деп жыйналган жокпуз. Чек арадан кирип келип, биздин жарандарды атып кетип жатканда чогулуп, өкмөткө мамлекетке эмне керек, биз кантип жардам бере алабыз деп, маселени талкуулаган жокпуз.

Коалициялык кеңештин төрагасы Феликс Кулов болсо Шыкмаматов жалган маалымат таратып президентке шек келтирди деп күнөөлөдү. Мунун айынан ал “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен кайым айтыша кетти.

- Феликс Шаршенбаевич, сиз сөздү башка жакка бурбаңыз. Адилет, калыс болуп, аксакал сөзүңүздү айтыңыз. Жыйынды туура алып барыңыз. Сиз маселени өзүңүз эле чечип коюңуз. Алмамбет Шыкмаматов "мен антип айткан жокмун" деп жатат. Сиз болсо "ошентип айтты" деп эле бүтүм чыгарып жатасыз. Сиз, мен жана башкалар күнүгө Атамбаев, Оторбаев, Нарымбаев жокто алар тууралуу деле сүйлөшөбүз. Эгер мен анын баарын гезитке айтып жарыялап жибере турган болсом, бул ошол жазган кишинин күнөөсү. Алмаз Шаршенович менен силер тууралуу болгон сөздү да мен эч жерде айтпайм. Биринчиден, сиз ак-караны айырмалап туруп, анан айтыңыз. Анан калса Нарымбаев баш прокурор болушу ыктымал деген божомолдун жаман жагы жок.

Бул маселеден улам коалициянын ички ынтымагы тууралуу маселе козголду. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов орток пикир табылбаса парламенттик коалиция тарашы керектигин кыйытты:

- Президентке кайрылып туруп, мөөнөтүнөн мурда шайлоого кетишибиз керек. Бардык эле өлкөлөрдө коалициялык көпчүлүк бирикпей, бири-бирин колдобой маселе чече албай калса, ушундай жол менен кетет. Бул жерде көп сөз болуп жатат, талашып-тартышып жатабыз, ушинтип кете берсе бул жакшылыкка алып келбейт.

Жыйынга Шыкмаматовдун маегин жарыялаган журналист башка региондо иш сапар менен жүрөт деген жүйө менен келген жок. “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов акыркы сөздү эми өкмөт башчы айтсын деген тыянак чыгарды:

- Данияр Ильич президенттик бийликтин өкүлү болуп эсептелет. Анын дарегине айтылган сөз президенттин айланасында интрига жүрүп жатат дегенди билдирет. Нарымбаев өкмөткө эмес, бизге кайрылып, саясий чечим кабыл алууну сурап, туура эле кадамга барды. Мен бул жыйын, анда айтылган сөздөр тууралуу премьер-министрге жеткирем. Кандай чечим кабыл алат, бул анын өзүнүн укугу.

Ошентип Нарымбаев менен Шыкмаматовдун ортосундагы араздашуу тууралуу акыркы сөз Жомарт Оторбаевде калды. Канткен менен бул окуя парламенттеги, тагырак айтканда бийликте турган үч фракциянын ынтымагын сынагандай болду.

XS
SM
MD
LG