Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Кастыкты козуткандарга жазаны катаалдатуу сунушталууда


Жалал-Абаддагы тополоң, 19-май, 2010-жыл.
Жалал-Абаддагы тополоң, 19-май, 2010-жыл.

Кыргыз өкмөтү улуттук, расалык, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу аракети үчүн жазаны катаалдаштыруу демилгесин көтөрдү.

Бул мыйзам долбоорго ылайык, кылмыштын мындай түрлөрү боюнча айып пул такыр салынбайт жана сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Өкмөт Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча жазаны катаалдаштырууну сунуштап жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Антитеррордук борбордун директорунун орун басары Таалай Жапаровдун билдиришинче, өзгөртүү кирсе кылмыштын бул түрү боюнча айып пул таптакыр салынбайт. Мындай өзгөртүүгө өлкөдөгү соңку окуялар түрткү болуп жатат:

- "Хизб-ут Тахрир" жана башка экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү кармалып жаза алганда, айып пул менен эле кутулуп кетип, кайра эле баягы кылмыштуу иштерин улантып жатат. Аймак аралык тирешүүгө алып келген сөздөр, кыймыл-аракеттерди да ушул берене камтыйт. Андан сырткары бул жерде улуттук, расалык, аймактык жаңжалды кастыкты козутуу да камтылып жатат. 2010-жылдагы коогалаңда ошого активдүү катышып, уюштургандар биздин азыркы Кылмыш жаза кодексиндеги беренелер боюнча өзүнүн кылмышына ылайык жаза албай калчу. Ошон үчүн айып пулду алып салып, жазаны күчөтөлү деп сунуштап жатабыз.

Бул мыйзам долбоор парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Жогорку Кеңеш качан карай турганы азырынча белгисиз.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова коомдогу кастыкты козуткандарга жазаны катаалдаштырууну колдой турганын айтты:

- Диний касташууга жана башкага жамынып алып, кээ бирөөлөр атайын ошондой карама-каршылыктарды, жек көрүүнү күчөткөндөр болуп жатат. Ошондой аракеттерге барганы үчүн айып пул эле салынып жатат. Биз мындай иш-аракеттердин кесепетин да көрүп жатабыз да.

Адатта аймактар аралык араздашууга түрткөн, өлкөнү түндүк-түштүккө бөлгөн чакырыктар шайлоо өңдүү ири саясий иш-чараларда көбөйөрү айтылат.

Парламенттеги Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрага орун басары, “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин баамында, мындай кылмыштар жазасыз калбашы керек, ошол эле учурда аша чаппоосу да зарыл:

- Кээ бирде биздин саясатчылар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн аймактар аралык, улуттар аралык араздашуу маселесин көтөргөнгө чейин барып жатат. Эгерду мунун жыйынтыгы оор боло турган болсо, кесепети зыян алып келе турган болсо штраф эмес, камаш керек. Бирок албетте аша чаппаш керек. Муну саясий курал кылбоо зарыл.

Антсе да мыйзамды өзгөртүү менен көйгөйлөрдүн чечилишинен күмөн санагандар да бар. Оштогу “Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековдун пикиринде, ар кандай жаңжалды козутуу аракеттерин тыюунун башка жолдорун да кароо керек:

- Бүгүнкү күндө көйгөй, проблема бир гана мыйзамды өзгөртүүдө эмес, ошол мыйзамдын ишке ашышында болуп жатат. Биздеги улуттар аралык, диний, же дагы башка кастыкты козуткан инсандар көбү жоопко тартылбай, жазадан качып жүрүшөт. Ошондуктан бир гана мыйзамды өзгөртүү менен бул маселени чече албайбыз.

Айрыкча июнь коогасынан кийин Кыргызстанда улут аралык араздашуу талылуу маселелерден боуп калды. Жакында эле президент айрым гезиттер улут аралык кастыкты козутуп жатканын айтып, тартип коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган. Андан мурдараак атайын кызмат эл аралык уюмда иштеген чек өлкөлүк жаран Ошто өзбек тектүү жарандарды кыргыздарга кайрап жүргөнүн маалымдаган болчу.

XS
SM
MD
LG