Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Мырзаев аскердик төңкөрүшкө чакырганбы?


Абдымалик Мырзаев, 2010-жыл.
Абдымалик Мырзаев, 2010-жыл.

Улуттук банктын мурдагы төрага орун басары, оппозициялык “Элдик фронт" кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев оор беренелер боюнча айыпталууда.

Ага “куралдуу топ түзгөн”, “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет кылган” деген оор айыптар тагылууда. Мырзаев менен бирге дагы үч адам камакка алынган. Муну оппозициячыл маанайдагы адамдарды куугунтуктоо катары кабыл алгандар бар. Атайын кызмат бул иш өтө олуттуу болгондуктан, азырынча эч кандай маалымат берилбесин билдирүүдө.

Абдымалик Мырзаев ким?

Абдымалик Мырзаев жана аны менен бирге дагы үч адам 18-февралда камакка алынды. 20-февралда сот алардын бирин үй камагына чыгарса, үч кишини эки айга УКМКнын тергөө абагына камакта калтырган. Бул тууралуу оппозициячыл “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев маалымдады. Анын айтымында, Мырзаев баштаган адамдарга оор беренелер боюнча айып коюлууда.

- Анвар уулу Санжар дегенди үй камагына чыгарды. Ал эми Абдымалик Мырзаев, Ормон Мусабеков жана Кылычбек Алыбаевди эки айга камакта калтырды. Аларга “курал алып жүргөн”, “куралдуу топ түзгөн” жана "конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет кылган” деген беренелер боюнча айып коюлууда.

Абдымалик Мырзаев 2010-жылы апрель окуясына чейин “Акшумкар” партиясынын мүчөсү катары Бакиев бийлигине каршы бир катар нааразылык акцияларга катышкан. Ал эми 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт тарабынан Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгына дайындалып, бир жылча иштеген. Кызматынан кеткенден кийин Убактылуу өкмөттү айыптап, аларды банк кутучаларынан мыйзамсыз акчаларды алган деп, айтып чыккан болчу.

Бир жылдан бери “Элдик фронт” кыймылын түзүп, ар кандай жыйындарда, маалымат каражаттарында Кумтөр жана башка маселелер боюнча азыркы бийликти сындап жүргөн Абдымалык Мырзаев 1990-жылдары УКМКда иштеген экен. “Антитеррор” коомдук кыймылынын башчысы Артур Медетбеков Мырзаевдин куралдуу топ түзгөнүнөн күмөн санайт.

- Бакиевдерге каршы акцияларга катышып жүргөн. 7-апрелде төңкөрүш болгондон кийин банкта иштеген. Ал жакта иштеп туруп, Убактылуу өкмөттүн ичип-жегендерин ачык айта баштаганда, аны кызматтан алып салышкан. Ал өзү курч жигит болчу. Менимче, балким сөзү менен айтса, айтып койгон чыгар, бирок эч кандай аракет деле жасаган эмес болсо керек деп ойлойм. Анан ошого такап эле кармап жатышса керек.

Жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев да Абдымалик Мырзаев акыркы кезде бийликти сындап жүргөнү үчүн камакка алынды деген пикирде:

- Бул саясий куугунтук. Абдымалик Мырзаев канча жолу акцияларга чыккан. Микрокредиттик компанияларга каршы акцияларды, “Кумтөр элдики” болсун деп чыккан балдарды колдогон. Коомдук-саясий иштер менен алектенип жүрчү.

Тышкы күчөрдүн тилине киргенби?

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Бириккен улуттук оппозициянын лидери Равшан Жээнбеков Мырзаев тышкы күчтөрдүн атайын кызматтарынын курмандыгы болсо керек деген божомолун ортого салды.

- Ошол эле Казакстан же Орусия болобу, кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтары келип алып, бир бөлүгү азыркы бийликти колдосо, башкалары азыркы бийликке каршы иштеп, адамдарды, саясатчыларды тукурган учурлар абдан көп. Менде ал адам ошондой күчтөрдүн туткунуна түшүп, тилине кирип калышы мүмкүн деген божомол болуп жатат. Мен да башка саясатчылар менен сүйлөштүм, ал күч структураларынын башка адамдарына да “чогулбайлыбы, Кыргызстанда аскер диктатурасын орнотпойлубу” деп айткан экен. Саясатты түшүнбөгөндөр ушинтип, аскер диктатурасын орнотобуз, ошолор аркылуу жашоону оңдойбуз деп айта берет да.

Улуттук коопсуздук кызматы азырынча Мырзаевдин кармалышы боюнча расмий маалымат тарата элек. Мырзаев менен чогуу кармалгандардын бири Ормон Мусабеков 2010-жылдагы апрель окуясынын активдүү катышуучусу болуп, денесинен жаракат алган. Ал “Айкөл-Алатоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү катары коомдук иш-чараларга катышып жүрчү.

XS
SM
MD
LG