Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Жети-Өгүздө өзгөчө кырдаал алынды


Жети-Өгүз районунда митингге чыккандардын бири, 31-май, 2013.
Жети-Өгүз районунда митингге чыккандардын бири, 31-май, 2013.

3-июнда президенттин жарлыгы менен Жети-Өгүз районундагы өзгөчө кырдаал режими алынып салынды.

Жети-Өгүздө абал тынч

3-июнда президент Алмазбек Атамбаев 31-майда Жети-Өгүз районуна киргизилген чукул кырдаал абалын алуу боюнча жарлыкка кол койду.

Жети-Өгүздүн коменданты, ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиевдин айтымында, аймакта абал туруктуу жана район тургундары өзгөчө кырдаалды алып салууну өтүнүшкөн.

- Баардыгы тең менден - коменданттан чукул кырдаалды алып салуу боюнча жазуу түрүндө өтүнүп суранышкан. Ал өтүнүчтү жаштар жана аксакалдар менен талкууладык. Андан соң мен коммендант катары чукул кырдаалды алып салуу боюнча башкы командачы - президентке кайрылдым. Аны башкы колбашчы да колдоп, чукул кырдаал алынды.

28-майда Жети-Өгүздө эл Кумтөр кенине каршы митингге чыгып, окуя 31-майда курчуп кеткен. Эл менен милиция кагылышып, натыйжада президенттин жарлыгы менен 10-июнга чейин райондо чукул кырдаал жарыяланган болчу. Бирок 1-июнда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүзгө барып, эл менен өкмөт Кумтөр боюнча мунасага келгени, кырдаал жөнгө салынганы кабарланган.

Көл тынчыса, Жалал-Абад толкуду

Анткен менен Жалал-Абадда кырдаал курч бойдон калууда. 31-майда Кумтөр боюнча жетиөгүздүктөрдү колдоп чыккан митингчилер учурда Кыргызстандын кыр аркасы болгон Бишкек-Ош жолун Сузак районунан жаап турушат. Жол 2-июнь күнү кечки саат тогуздардан тарта буулган.

Митингге чыккандардын бири, өзүн баатыр эне деп тааныштырган Бүсалима Кимсанова бийликке “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарын, ошондой эле 31-майда митингчилер тарабынан элдик губернатор болуп шайланып, бирок 2-июнда УКМК камакка алган Медер Үсөновду бошотуу талабы коюлууда:

- Айыбы жок балдар камалып турат. Мисалы, Медер Үсөновдун эч кандай айыбы жок. Аны эки-үч аял эле көтөрүп, отургузуп койгон. Бийлик талашкан эмес, байлык талашкан эмес.

Бул күнү жол тоскондордун саны миңге чукул болду. Алар Кумтөр келишимин жокко чыгарууну, Азиз Батукаевди бошотууга катышы бар жетекчилердин жазаланышын да талап кылууда. Жалал-Абаддагы нааразылык акция 31-майда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөр кенине каршы чыккандарга тилектештик иретинде башталып, облустук акимчиликти ээлеп алуу менен коштолгон. Митингчилердин айтымында, талаптары аткарылмайынча, жолду ачуу ниеттери жок.

Ал эми өзүн Салима деп тааныштырган ишкер айым жашылча-жемиш жүктөгөн унаасы жолдо калганына кейип, жол тоскондорго нааразы:

- Жемиштерибиз чирип, күйүп кетип жатат. Же аны ташып бараткан машиналарыбызда муздаткычтар жок. Азыркы бышып жаткан мөмө-жемиштер бир күнгө да чыдабайт.

Тосулган жолдун эки тарабына жыйылган машинелердин саны эки миңге жеткен. Жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү облустук бийликтин жетекчилери жана Жогорку Кеңештен барган айрым депутаттар, алардан тышкары ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жүргүзүүдө.

Ал “Азаттык” менен маегинде жол ачылып калат деген үмүттө турганын билдирди:

- Митингчилерге карата эч кандай күч колдонуу болбойт. Бирок мындай учурду тескери пайдаланып кеткиси келген ар кандай күчтөр да болушу мүмкүн. Ошолор абалды колдонуп кетпесин, мыйзамдуулукту сактайлы деп айтып жатабыз. Митингге чыккандар кечээ кармалган Медер Үсөновду бошотуп бергиле деген талаптарды коюп жатат. Азыр да сүйлөшүүгө барам, баары жакшылыкча чечилет деген үмүттөмүн.

Ташиев ачкачылык жарыялады

Бишкекте болсо президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, Жалал-Абад шаарындагы, жол тосулган аймактагы абалды жана аны жөнгө салуу чараларын талкуулады. Азырынча митингчилерге күч колдонуудан алыс болууга чакырган Атамбаев бирок он миңдеген кыргызстандыктардын укуктарын чектеп, өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирген айыптуулар мыйзамга ылайык, сөзсүз жазага тартылууга тийиш деп билдирген.

Ал аралыкта УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев Жети-Өгүздө жана Жалал-Абадда митингге чыккандарга тилектештик билдирип, 1-июндан бери ачкачылык жарыялап жатканы маалым болду.

Партия төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов мындай дейт:

- Ташиев Жалал-Абаддагы митинг боюнча бийликтин мамилесине, Жети-Өгүздөгү эл менен милициянын кагылышуусуна жана соттун саясий буйрук менен жүрүп жатканына нааразы. Ачкачылык жарыялагандан кийин ашказанындагы жарасы козголуп, кан басымы да түшүп кеткен.

Бирок Улуттук коопсуздук комитети депутат Камчыбек Ташиевдин абалы дурус жана дарыгердин көзөмөлүндө деген маалымат таратты.

Жети-Өгүздөгү окуядан соң өлкөдө түзүлгөн кырдаалды 3-июнда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында талкууламак. Бирок Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция Жети-Өгүздө өзгөчө кырдал алынып салынгандыктан, аны талкуулоонун зарылчылыгы жок деген чечимге келди.

Кезексиз жыйын өткөрүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири Равшан Жээнбеков парламент акыркы окуяларга баасын бериш керек болчу дейт:

- Милиция менен элдин кагылышынан алтымыштан ашуун адам жарадар болду. Жалал-Абаддагы абал болсо, жарылуунун алдында турат. Парламенттик өлкө болобуз деген мамлекетте ушул түзүлгөн абалды талкуулашыбыз керек болчу. Аны карабаган Жогорку Кеңешти парламент деп айтуу да кыйын болуп турат.

Өкмөт да 3-июнь күнү бир канча жолу Жалал-Абаддагы кырдаалды талкуулаганы айтылды.

XS
SM
MD
LG