Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Бишкек: саммит өткөрүүгө жардам бергиле


13-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташуу уюмунун саммити өтөт. Чамасы чакталуу Кыргызстанга саммитти өткөрүүгө Кытай жана Орусия ар тараптан жардам көрсөтүүдө. Саммитте кабыл алына турган документтердин негизгиси Бишкек декларациясы болору айтылууда.

Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкек саммити дүйнөлүк алкактан алганда да, регионалдык алкактан алганда да маанилүү жолугушууларга бай болчудай. Дүйнөлүк саясаттан алганда Бишкек саммитине Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Роуханинин келиши жана бул жерде анын орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу бүйүр кызыткан темалардан. Ал эми регионалдык саясатта Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттеринин жүз көрүшүп, маселелерди ортого салуусу да маанилүү.

Бишкек саммитинин күн тартибине келе турган болсок, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымына караганда, саммитте Шанхай кызматташуу уюмун өркүндөтүү, регионалдык коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык багытта кызматташууларды өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Кабыл алына турган документтер ичинен Бишкек декларациясы өзгөчө орунда турат.

Саммиттин алдында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга сапар менен келет. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Си Цзинпиндин сапары мамлекеттик сапар болот жана ал саммиттин алдында келет.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Си Цзинпин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кол коюла турган документтер даярдалууда деген Сапар Исаков эки өлкө кызматташуусун стратегиялык деңгээлге жеткирүү жолунда баратканын кошумчалады. Ал эми Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине токтолгон Сапар Исаков күн тартибиндеги маселелер тууралуу буларды атады:

- Шанхай кызматташуу уюмунун ички жоболору, андан сырткары экономикалык долбоорлор каралат. ШКУнун Өнүктүрүү банкы жөнүндө сөз болуп келатпайбы, ошону да президенттер талкуулайт. Бирок эң негизги маселе - коопсуздук маселеси болот. Келерки жылы НАТОнун күчтөрү Ооганстандан кетет эмеспи, ошол региондогу коопсуздук маселеси талкууланат.

Сапар Исаковдун айтымында, учурда саммитке инфраструктураны даярдоо жана документтерди, позицияларды тактоо иштери ийгиликтүү жүрүп жатат.

Шанхай кызматташуу уюмунун саммитин өткөрүү үчүн Кыргызстанга Кытай жана Орусия олуттуу финансы-техникалык жардам көрсөттү. Тактап айтканда, Кытай тарап "Кадиллак" үлгүсүндөгү 50 автоунаа берсе, Орусия БМВ үлгүсүндөгү жети машине, 10 чакан автобус жана бир Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак бөлгөн.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстан канчалык жарды болгон күндө да саммитти уюштурууга, автоунаалар менен тейлөө иштерин жүргүзүүгө өзү каражат бөлүп койсо туура болмок дейт:

- Саммитти Кыргызстан өткөрүп жаткандан кийин ошого 10 млн. долларды тапса болмок. Биз ар кайсы жактан сурап, көз каранды болгонго көнүп калдык. Бизде саммит өткөрүп жаткандан кийин, акча, тигиндей-мындай жардам күтүп, майдаланып кеткенибиз менен аброюбуз түшүүдө. Бул мамлекеттин колунан келбейт деп айтышат башка өлкөлөр.

Марс Сариевдин пикиринде, Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкек саммитинде финансы-экономикалык багытта кызматташуудан сырткары Сириядагы кырдаалга байланыштуу көп уюлдуу дүйнөнү куруу маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн.

Шанхай кызматташуу уюмуна алты өлкө - Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Уюмга байкоочу статусуна ээ болгон беш өлкө бар. Алар: Индия, Иран, Монголия, Пакистан жана Ооганстан. Түркия, Беларус жана Шри-Ланка диалог боюнча өнөктөш статусуна ээ.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG