Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Самаковдун айыбы эмнеде?


Карганбек Самаков менен Жаныш Бакиев (аманат сүрөт, качан тартылганы белгисиз)
Карганбек Самаков менен Жаныш Бакиев (аманат сүрөт, качан тартылганы белгисиз)

Башкы прокуратура парламент депутаты Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши жана ага коюлган айыптоо боюнча түшүндүрмө берди.

Анда Карганбек Самаков 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак-жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергени белгиленген. Самаков кызмат адамдары менен өз ара келишип алып иш алып барган коррупциялык схеманы түзүү менен Жаныш Бакиев сыяктуу таасирдүү байланыштарды колдонуу аркылуу арзан баадагы жер аянттарын алып, мыйзамсыз трансформациядан соң, кымбат баада сатып, жыйынтыгында 8 миллион доллардан ашуун пайда көргөнү иликтенип чыккан. Депутаттын тарапкерлери ал кезде Самаков кызмат адамы болбогонун жана коррупциялык схеманы уюштурууга анын ыйгарым укугу жоктугун жүйө келтиришүүдө.

Унутулган убадалар, сатылган тилкелер

Тергөө материалдары боюнча Самаков Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка, Байтик жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү 262 гектардан ашуун айдоо аянттарын мыйзамсыз трансформациядан өткөрүп, андан соң жеке-турак жай куруучуларга майдалап саткан. Башында Самаков айыл чарба багытындагы айдоо аянттарын турак-жай категориясына которуу үчүн ири инвестиция тартыларын шылтоо кылган. Ал Лебединовкада “Силк-Роуд” бизнес борбору, “Лаззана” гольф клубу, Байтикте аквапарк сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду убада кылган. Самаков мына ошол долбоордун алкагында 2008-жылкы маалымат жыйынында өлкөдө жүздөгөн жумуш орундары түзүлүп, казынага олчойгон салыктар түшөрүн айткан. Бирок кийин ошол миллиондогон долларлык инвестициядан дайын болгон эмес. Анын ордуна тескерисинче жер тилкелери жеке турак-жай куруучуларга тез арада сатыла баштаган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов бул иштин жагдайына мындайча токтолду:

- Мына ошол айдоо аянттары эгин эгилет деп ижарага 49 жылга мамлекеттен алынган да. Анан мына ошол жер аянттарын алып, кайра башка категорияга которуп жатпайбы. Мында айыл чарба багытындагы жер аянттарын трансформациялоо тууралуу жоболор одоно бузулган. Анткени айдоо жер мамлекетке өтө зарыл болгон учурда гана башка категорияга өтөт. Бул жерде андай зарылдыкты караган негиздеме болгон эмес. Бул жерде кызмат адамдарын уюштуруу аркылуу ошол схема түзүлүп, анан анын арты менен мыйзамсыз трансформация жасалган. Учурда Самаковдон башка дагы мына ошол ишке аралашкан тараптардын бардыгына укуктук баа берилет.

“Жаныштын таасирине жашырынган жарлык”

2008-жылы 27-августа Самаковдун аталган айдоо аянттарын калктуу тилкеге которуу боюнча суроо-талабынан республикалык жер комиссиясы баш тарткан. Бирок Карганбек Самаков ал айдоо аянттарынын категориясын өзгөртүү боюнча экинчи ирет суроо-талап жөнөтүп, Жаныш Бакиевдин басымы менен 2008-жылы 11-октябрда өзүнүн пайдасына чечим чыгарткан. Анын акысына Байтиктеги “Давос” турак-жай комплексинен Ж. Бакиевге бир нече үй белек кылганы кийин ачыкка чыккан. Бул чечимге ошол кездеги жер комиссиясынын төрагасы, өкмөт башчынын орун басары Искендербек Айдаралиев кол койгон. Бирок Самаковдун санаалаштары айдоо аянттарынын трансформацияланышы мыйзамдуу деген ойдо. Анткени жер аянттарынын көпчүлүк бөлүгү жеке адамдардан сатылып алынган. Бирок мыйзам боюнча үлүш жер 49 жылга ижарага гана берилет. Парламент депутаты Эсенгул Исаков бул жагдай боюнча мындай дейт:

- Жерге мораторий 2009-жылы 31-июлда киргизилген. Анан эми бул жер аянттары ага чейин трансформация болгон да. Негизи 2008-жылы абдан көп жер аянттарын трансформация кылышкан. Анан эми эмнеге ошонун бардыгын чукушпайт?

Тергөөдө Самаковдун жер сатуудан тапкан пайдасы 8 миллион АКШ долларына барабар экени аныкталган. Орточо бир гектар жер аянты 2000-3000 доллардан алынып, трансформациядан соң, ар бир 4 сотых жер тилкеси 4000-5000 доллардан сатылганы аныкталган. Ал турсун Самаков майрамдардын алдында айрым журналисттерге жана жаш активисттерге мына ошол жер тилкелеринен белекке берген учурлары катталган. Ошондой эле ал Манас эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү иш-чарасынын чыгымдарын көтөргөн. Жакында үй камагына бошогон Карганбек Самаков иштин жагдайына байланыштуу суроолорго телефон аркылуу жооп берүүдөн баш тартты. Ошол эле кезде Карганбек Самаков жактоочулары менен жолугушуу учурунда өзүнө коюлган айыптоону негизсиз жалаа катары сыпаттаган:

- Мен өзү кичине бирди көрүшүм керек болчу. Ушул окшойт. Баягы ак ийилет сынбайт дегендей. Бардыгы эле тегиз болбойт экен. Бирөө көрүп сүйлөйт, бирөө көрбөй сүйлөйт экен. Мен болсо Кыргызстандын эртеңки келечеги, балдарыбыз өзүнүн жеринде ижарага жашап калбасын, өзүнүн жерине ээ болсун деп гана чуркап жүргөн адамдардын биримин. Бирок Абыке-Көбөштөр көп экен....

Кезинде Самаков ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бул жер аянттарын өздөштүрүү жагы каралып жатканын билдирген. Бирок ага карабастан эки-үч жыл өтпөй эле аталган айыл чарба багытындагы жер аянттары жеке турак-жай куруу үчүн тилкелерге бөлүнүп сатылганы канчалык мыйзамдуу болгонун сот аныктаган. Башкы көзөмөл органы муну бир нече кызмат адамын тартуу менен ишке ашкан коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы катары карап, кылмыш ишин козгогон. Мына ошондуктан депутат Самаковго Кылмыш кодексинин 303-беренеси менен иш козголгон.

XS
SM
MD
LG