Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Парламент Саляновадан “өч алдыбы”?


Аида Салянова парламентте. 17-апрель, 2014-жыл.
Аида Салянова парламентте. 17-апрель, 2014-жыл.

Парламент мурдагы баш прокурор Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзүү чечимин жокко чыгарды.

Бирок бул депутаттык комиссияга “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары талапкер көрсөтүүдөн баш тартты. Буга байланыштуу башында кабыл алынган чечим кийин кайра жокко чыгарылды. Салянованы жактаган тарап бул ишти саясий буюртма катары баалап, маселени кароо өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган.

Артка кайтарылган чечим

Жогорку Кеңеш мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча комиссия түзүү чечиминен кайра баш тартты. Башында парламент бул маселени кароого макулдук берген эле. Бирок “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары депутаттык комиссиянын курамына талапкер көрсөтүүдөн баш тартты. Мына ушундай жагдайдан соң бул маселени башкаруучу коалициянын жыйынында кароо сунушталды. “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов мурдагы башкы прокурордун күйөөсү кылмыш ишинин мыйзамдуулугу боюнча комиссия түзүүгө негиз жок деп билдирди:

- Мына ушуга окшогон маселени парламенттик комиссия иликтейт деген бир да мыйзамда каралган эмес. Салянова өзү чалмакейдин баарын чалып коюп, анан мына ошол интриганын бардыгына депутаттарды аралаштыргысы келип жатат. Депутаттарды өзгөчө оор кылмыштарга айыптап, камайбыз дегенде бириңер дагы комиссия түзөлү деген эмес элеңер. Анан эми Салянованын күйөөсүнүн кылмыш ишинин мыйзамдуулугун аныктап берели деп чыга калгандарга таң калам. Салянованын күйөөсү өзү ким? Уят деген болуш керек да.

Саясий куугунтуктун кубулма жүзү

Ошол эле кезде мурдагы баш прокурор Аида Салянованы жактоочу тарап анын күйөөсүнө негизсиз жерден эки кылмыш иши козголуп, учурда ага саясий басым көрсөтүү жүрүп жатат деген билдирүү таратты. Буга байланыштуу Салянованын тарабы парламенттен коргоо издеп кайрылган болчу. “Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлү Расул Умбеталиев бул эки кылмыш иши анын күйөөсүнө эмес, биринчи кезекте Салянованын саясий дымагын сындырууга багытталган деп билдирди:

- Салянованын күйөөсү анын кызмат абалынан пайдаланып, кылмыш ишин уюштуруучу болгон деген айыптоо акылга сыйбайт. Анткени анын жубайы чечим кабыл алуучу кызматта болгон жок жана кандайдыр бир чечимдерге таасир эте алмак эмес. Бул саясий буюртма. Салянованын күйөөсүнө иш козгоп, ал аркылуу анын өзүнө басым көрсөтүү аракети болуп жатат. Эгерде андай болбосо эмнеге Салянова баш прокурор болуп турганда мына ушул эки кылмыш ишин көтөрүп чыгышпайт. Эмнеге Салянова кызматтан кетип, биздин партиянын башына келип, парламенттик шайлоого бара турганын жарыя кылгандан кийин гана анын күйөөсүнө кылмыш иши катары менен ачылып жатканы эмнени каңкуулайт?

Буга чейин Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго “Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчисинин кылмыш ишин кыскартып берүү үчүн андан 50 миң АКШ долларын алган деп айып коюлган. Жакында эле ага карата дагы бир жаңы кылмыш иши ачылды. Ал иш Бакыт Абдыкапаров Бишкектеги Жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча былтыр күздөгү тендерге кайсы бир компаниянын пайдасы үчүн аралашкан деген кине коюлган. Мына ошол тендердик комиссиянын мүчөсү Качкын Булатов бул иште эки чоң күчтүн кызыкчылыгынын кагылышуусу болгонун айтты:

- Аида Салянованын күйөөсү “Жезказган” деген компаниянын кызыкчылыгын коргогон топтун башында турган. Камактагы прокуратуранын кызматкери Нуртазин Жетибаев аркылуу көмүр ташып келүүнү өзүбүз колго алабыз деп анан мына ошол компанияны тендерден өткөрүп жатпайбы. Анан Ак үйдөгүлөр байкап калып, “бул номуруңар өтпөйт, бул маселе биздин кароодо болушу керек” деген негизде "Жезказгандын" көмүрүн сапатсыз деп таап, тендерди жокко чыгартып, анан барып кылмыш ишин ачып жатпайбы. Анын ордуна төрт-беш жылдан берки монополист “Прогресс компани” компаниясы киргизилген. Бул компаниянын башында Машкевич сыяктуу олигархтар турат. Бул жерде миллиондогон акча ойнойт. Ошон үчүн талаш-тартыш мына ушундай чиеленишип кеткен.

Жогорку Кеңеште “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун иликтөө демилгесин көтөргөн эле. Ошол эле кезде бир катар депутаттар мындай демилгеге каршы чыгып, баш прокурордун күйөөсүнүн кылмыш ишинин мыйзамдуулугун кароо парламенттин милдети эмес деген жүйөнү келтиришкен. Эске сала кетүүчү жагдай, мурдагы баш прокурор Аида Салянова кезинде бир катар күркүл депутаттардын, саясатчылардын жана айрым аткаминерлердин үстүнөн чуулгандуу кылмыш иштерин козгогон болчу.

XS
SM
MD
LG