Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Акеров: Салянова Буржанадзенин жолун жолдосо болот


Мурдагы баш прокурордун билдирүүсү кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан кез. Буга байланыштуу саясат таануучу Табылды Акеров “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Аида Салянова өз позициясын жарыялап, эми партия түзүп, же башка саясий күчтөр менен алдыдагы парламенттик шайлоого барарын жар салды. Бул билдирүүнүн артында кайсы бир саясий күчтөрдүн карааны байкалбайбы?

Табылды Акеров: Менимче, азырынча байкалбайт. Бирок Аида Салянова саясий процесстерге анализ жасап, балким ар бир партияны талдап, андан башка өзүнчө бир партия менен барууга аракеттенип жаткандай сезилди.

“Азаттык”: Коомчулукта Аида Салянова “Ата Мекен” партиясына кошулушу мүмкүн деген жоромолдор айтыла баштады. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Табылды Акеров: Аида Салянова КСДП менен баралбайт. Себеби ал партия менен баруу үчүн президент өзү чакырыш керек болот. Ошондуктан балким “Ата Мекен”, же “Ар-намыс” партиялары менен барышы мүмкүн.

“Азаттык”: Аида Салянованын саясий келечеги мындан ары кандай болушу мүмкүн, анын эл арасындагы саясий салмагы канчалык деп ойлойсуз?

Табылды Акеров: Кайсы бир партия менен барганы ага көбүрөөк жемиш алып келет деп ойлойм. Анткени ошол партияга добуштарды алып келиши мүмкүн. Ал эми өзү партия түзүп алып барса, анда ошол партияга кадрларды топтоп алып чыкпаса, парламентке кире албайт. Президенттик шайлоо деле ошондой болот. Бул шайлоодон да утуш кыйын болот.

“Азаттык”: Эми Салянованын башкы прокурорлуктан кетиш себептерине кайрылсак. Салянова кызматтан кетишин президенттен саясий колдоо болбой калганы менен байланыштырды. Анын себептери эмнеде, дегеле ошондой колдоо зарыл беле?

Табылды Акеров: Дүйнөлүк тажрыйбаны алып караганда кайсы бир деңгээлде колдоо жөнүндө айтсак болот. Бирок Кыргызстандын азыркы кырдаалын эске алганда, сөзсүз түрдө Саляновага президенттин колдоосу керек болгон. Ар бир чечимдерине өз баасын берип, ой бөлүшүп, колдоо көрсөтүп турушу мүмкүн болчу. Бирок ал акыркы үч айдан кийин андай колдоо байкабаганын айтып жатат.

“Азаттык”: Аида Салянова азыркы бийликке оппозициялык маанайда болоору маалым болуп калды. Ал күчтүү оппозициялык саясатчы боло алабы?

Табылды Акеров: Ооба, чоң саясатка кирүүнүн дагы бир жолу - өзүн оппозициялык саясатчы катары көрсөтүү. Аида Салянова оппозициянын лидерлеринин бири болууга дарамети жетет. Грузиянын тажрыйбасын алсак, Буржанадзенин аракеттери ошондой болгон. Ошондуктан ушундай жол менен да барууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Кайсы бир деңгээлде өзүнүн тегерегине саясатчыларды топтоп, бириктирип, саясий күч болуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG