Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Саналуу айымдарга буюрган мандат


“Бир Бол” партиясы болгону бир аялга мандат берери айтылууда.
“Бир Бол” партиясы болгону бир аялга мандат берери айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген депутаттардын ичинде аялдар 20% жетпей калууда.

Журналист, жалгыз бой эне Бурулай Пусурманкулова “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан 84-тизмеде парламенттик шайлоого катышты. Ал мындай жараянды алгачкы жолу башынан өткөрдү:

- “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан башка аялдарга кандай талап коюлганын билбейм, бирок мен алгачкы сүйлөшүүдө эле лидерге акчам жок экенин айткам. Андан кийинки үгүт иштери учурунда, жарнактык материалдарга акча сурашкан жок.

Ошентсе да ар бир саясий партия шайлоо өнөктүгү учурунда өздөрүнүн талапкери болуп саналган аялдарга түрдүүчө мамиле жасашты. Бирок дээрлик бардыгында эле аял талапкерлерге эркектер менен тең катар “мынча акча төгөсүң же мынча добуш алсаң гана депутат болушуң ыктымал” деген шарттар коюлганы айтылууда. Бурулай Пусурманкулова акча бербегени менен аздыр-көптүр таанылып калган аты менен иштеп бергенин айтты:

- Биздин шайлоо округунан партиядан эки талапкер иштедик. Анын каражаты бар экен, менин журналист катары аздыр-көптүр таанылып калганым жардам берди. Анткени, мага сунуш түшкөндө эле “элдин маселесин, көйгөйлөрүн билесиң, элге жат адам эмессиң, сени таанышат” деп айтышкан. Ошондуктан, КТРКдагы кабарчылык кызматымды парламент депутаттыгына талапкерликке алмаштырдым.

"Ата Мекен" партиясынын катарында экс баш прокурор Аида Салянова да депутаттыкка аттанган.
"Ата Мекен" партиясынын катарында экс баш прокурор Аида Салянова да депутаттыкка аттанган.

Аял талапкерлерге да эркектер менен бирдей эле он миң добуш алсаң, депутат боло аласың деген талап коюлганын “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынан шайлоого катышкан Бүбүкан Досалиева да бекемдеди:

- Биздин партиянын курултайында кабыл алынган чечим боюнча, талапкер аял-эркегине карабай, өзү шайлоого катышып жаткан аймактан 10 миң добуш алышы керек эле. Бирок мынча добушту аялдар эмес, эркектер да алган жок.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо алты партия 7% тоскоолдон өтүп, жеңишке жетишти. Алдын ала бөлүштүрүлгөн депутаттык орундар, партиялар мурда көрсөткөн тизмелерге караганда эми келүүчү парламенттин курамында аялдар өтө аз пайызды түзөт. Бул көрсөткүч партиялардын ич ара депутаттык мандат бөлүштүрүү саясатында дагы өзгөрүүсү толук ыктымал. Анткени мурдагы парламенттик шайлоо көрсөткөндөй, айрым саясий партиялар тизмесинде алдыңкы катарда көрсөтүлгөн аял талапкерлерди “акча бере албадыңыз же добуш ала албадыңыз, эми ордуңузду иштеген балдарга бошотуп бериңиз” деп айтып, депутаттык мандаттан ажыратууга аракет кылышкан. Бул жолу андай болбойт деген кепилдикти БШК да, саясий партиялар өздөрү да бере алышпайт. Жеңишке жетишкен күндө да тизме бузулбай, тизмедеги ордуна ылайык, Жогорку Кеңештен депутаттык орун алат деген ишенимди талапкер аялдар өздөрү да айта албай турган учур.

Мурдагы депутат, кийин вице-премьер-министр болуп иштеген Гүлнара Асымбекова “Республика-Ата-Журт” партиясынан тизмеде сегизинчи болуп катталган. Асымбекова мандат бөлүштүрүү чечимин лидер кабыл аларын айтып, бул тууралуу башында эле сүйлөшүү болгонун “Азаттыкка” билдирди:

- Биз башында бул боюнча кандай маселе болсо да партиянын лидери чечет деп сүйлөшкөнбүз. Ким кандай добуш алганына жана гендердик маселе кандай каралышы керектигине байланыштуу маселе чечилет деген ойдомун. Чечимди лидер өзү кабыл алат. Биз ага ишенебиз. Ошондуктан бул жерде эч кандай маселе болбойт.

Квота кайдан келди?

Кыргызстанда парламентте гендердик тең салмактуулукту кармоо, Жогорку Кеңештин курамында эркектер менен тең эле аялдарды камсыз кылуу максатында Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизилип, аялдар үчүн атайын квота каралган. Буга 2005-жылкы парламентке дээрлик бир өңчөй мырзалар депутат болуп шайланып келгени түрткү берген. Бирок шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгүн аялдар түзгөн Кыргызстанда аялдардан депутаттар эмнеге аз шайланат, аял лидерлерге эмне үчүн ишеним аз деген суроо көптөн бери жашап келет. “Ар-намыс” партиясынан мурдагы чакырылышта депутат болуп шайланган, акыркы шайлоодо “Азаттык” партиясы менен шайлоого катышкан Бөдөш Мамырова буга биринчи иретте аялдар арасында тилектештиктин жоктугу себеп деген пикирде:

Бөдөш Мамырова
Бөдөш Мамырова

- Аялдардын клубун, альянсын ачып, бир канча коомдор, эл аралык уюмдар иштешти. Бирок ошого карабай бул маселе коомго сиңе албай жатат. Болбосо, эркектерден кем калбаган идиректүү, билимдүү, мамлекеттүүлүк үчүн, элдин келечеги, коомдун өнүгүүсү үчүн өз күчүн аябаган айымдар бизде толтура.

Аялдардан депутат, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүчү лидер айымдар чыгарына элдин көзү али толук жете электигин акыркы парламенттик шайлоо көрсөттү. Ошондой эле алардын шайлоодо оңду-солду чачууга акчасы да жок. Мындай оюн “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын талапкери Бүбүкан Досалиева билдирди:

- Баягы эле кыргыздын аң-сезимине сиңип калган “Байтал туйлап, такка чыкпайт” деген мамиле бүгүн да бар экен. Мен муну шайлоого катышкан учурда, үгүт иштери менен жүргөн кезимде жон терим менен аябай катуу сездим. Мен айрым эркек талапкерлерге салыштырмалуу мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө ала турганымды, мамлекеттик маселелерди чечүүгө жетилип калганымды, көзүм жетип турганын далилдеп, айтып турсам да, айрым адамдар “бул аялдын колунан эмне келмек эле?” дегендей мамиле жасашты.

Бүбүкан Досалиева аялдардын ич ара тилектештиги жоктугунан да аял шайлоочулар көп өлкөдө аялдардан депутат аз болуп жатат деп эсептейт.

Аялдарга эмне үчүн ишеним аз?

Аял лидерлерге эмне үчүн ишеним аз деген суроого коомчулукта мурда парламентте депутат болуп же өкмөттөгү жогорку кызматтарда иштеп кеткен аялдардын кемчиликтерин мисал келтирген пикирлер четтен чыгат. Биздин маектештерибиз да мындай пикирлер менен макул. Мурунку депутат Бөдөш Мамырова бийликке келген аялдардын кымындай бир айыбы коомго жат көрүнгөнү башка аялдарга да терс таасирин тийгизип жатат деп эсептейт:

- Элди да бир жагынан өзүбүз иренжитип алып жатабыз. Аялдар мамлекеттик кызматтарга, парламентке келүүдө туура эмес тандалбай калып жаткансыйт. Мисалы, Жогорку Кеңеш элдин көз кырында. Кымындай туура эмес кадамың коомго аябай жат көрүнөт. Мына ошондуктан, аялдар биз өзүбүз да коомду ынандыра албай жаткансыйбыз.

Бүбүкан Досалиева
Бүбүкан Досалиева

Мурда-кийин депутат болуп келген, министр болуп дайындалган аялдардын интеллекти, билим деңгээли, өзүн алып жүрүүсү коомчулукка жакпай, иренжиткени бүгүнкү күнү парламентте аялдардын орду аз болуп жатканына таасирин тийгизип жатат деген ойду “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” саясий партиясынан талапкер болгон Бүбүкан Досалиева да айтты:

- Кошулам. Анткени мурунку чакырылыштагы депутат аялдардын айрымдары албууттанган долулугун көрсөтсө, кээ бири ашканадан чыга албаган деңгээлин көрсөттү. Бул албетте, коомго жакпады.

Бүбүкан Досалиева ошол эле учурда аялдар кандай кызматка келбесин, ачык, так иштерин, отурган ордунан акча жасоого аракет кылбасын белгилеп кетти:

- Бирок аялдар кандай кызматка барбасын, элдин акчасын жебейт. Так, таза иштейт. Мен муну өзүмдөн билем. Эркектер болсо, кечирип коюшсун, бир нече үй-бүлө багам деп, алкымдарын араандай ачат экен. Ошентип отуруп, беш колун бирдей казынага салып жибергенин өздөрү да билбей калат. Ошол үчүн саясатка аралашкан аялдардын көпчүлүгүнүн чөнтөгү жука.

Татыктуу айымдардан уучубуз кур эмес

Санап отурсаң, Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө үлкөн салымын кошкон аялдар четтен чыгат. Мисалы, Кыргызстандын маданият тармагын 22 жыл башкарып турган Күлүйпа Кондучалова XX кылымдагы кыргыз тарыхында мамлекеттик жетекчи кызматка жеткен биринчи аял - саясатчы болгон. Ал маданият министри болуп турганда кыргыз маданиятынын алтын доору башталып, кыргыз мамлекетинин куралышына, кыргыз элинин руханий жактан өсүшүнө зор салым кошкону айтылып келет. Кечээги эле 2010-жылкы апрель окуясынан кийинки өлкө эң оор күндү башынан кечирип турган учурда тизгинди колго алып башкарып, Кыргызстанды кыйын кырдаалдан чыгарган, аягында болгону бир гана жыл мамлекетти башкарып, мөөнөтү бүткөндө мыйзамга баш ийип ордун бошотуп берген Роза Отунбаеванын мисалы деле бүгүнкү күнү аял лидерлерге болгон ишенимди ойгото албай жатабы деген суроо туулат.

Роза Отунбаева Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы аял президент
Роза Отунбаева Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы аял президент

Мурдагы депутат Бөдөш Мамырова коомчулук унчукпай туруп, Отунбаеваны Баш мыйзамды бузуу жолу менен болгону бир жарым жылдан кийин бийликтен алып салдык деп үшкүрүнөт:

- Коомчулуктан бир киши сурадыкпы? Бирөөбүз көтөрдүкпү ушул маселени, “Отунбаева эмне үчүн Баш мыйзам тарабынан жол берилген толук бир мөөнөткө шайлана албайт? Эмне үчүн Отунбаева болгону бир жарым жыл бийликте туруп, ордун бошотуп берүүгө тийиш?” деп сураган жокпуз. Мына, айымдардын эркектерден айырмачылыгы: Отунбаева өлкө башынан оор учурду өткөрүп жаткан кезде мамлекет башына келип, иштеди. Кырдаалды турукташтырып, саясий абал оңоло түшкөн мезгилде, каршылык көрсөтпөй, ордун бошотуп берди. Анын ордунда мырзалардан бирөө болгондо өзүнүн Конституциялык укугунан пайдаланып, толук бир мөөнөткө президент болууга аракет кылмак.

Шайлоо өткөнүнө эки жумадан ашты. Учурда мандат бөлүштүрүү кызуу жүрүп жатканы, депутаттык орунга тизмедеги орду толук укук берүүчү айрым айымдар да жолотулбай жатканы айтылууда. “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын талапкери Бүбүкан Досалиева саясий партиялар бул жолу деле аялдарга тиешелүү орун берүү талабын сактабайт деп эсептейт:

- Мен ишенбейм. Бул жолу деле саясий партиялар катарынан аялдарга тиешелүү орун берет деп көзүм жетпейт.

Кыргызстандагы акыркы парламенттик шайлоого катышкан Эл аралык байкоочулар миссиясынын башчысы, элчи Борис Фрлец “Азаттыкка” курган маегинде шайлоодогу кемчиликтердин ичинде ар кандай квоталар, биринчи кезекте аялдардын квотасы сакталбай жатканын белгилеген:

- Бул квота шайлоо тизмесин түзүүдө гана эмес, депутаттык мандаттарды берүүдө дагы сакталышы керек.

Аялдар аз..

Аялдарга берилген квота депутаттык мандатты бөлүштүрүүдө сакталуусуна БШК кийлигише албайт. Анткени, кодекс боюнча тизмедеги талапкер депутаттык мандаттан өз эрки менен баш тартууга укуктуу. Көбүнчө саясий партиялардын лидерлери талапкерлердин баарынан, аялдардан да депутаттыкка аттанып жатканда эле “депутаттык мандаттан баш тартары” тууралуу арызын жаздырып алганы айтылып келет. Мындай арызы турган учурда БШК партия лидерлерине доомат коюуда алсыздык кылат дешет байкоочулар.

Талаада иштеген аялдар
Талаада иштеген аялдар

Ушундан уламбы, БШК мүчөсү Жаркын Бапанова азыр депутаттык мандат алчулар так белгилүү боло электе бул маселе боюнча сөз айтуу эртелик кылат деп билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча 38 депутаттык орун алган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы катарынан сегиз аялга, 28 орун алган “Республика-Ата-Журт” партиясы болгону эки аялга, 18 мандатка ээ болгон “Кыргызстан” партиясы төрт аялга, 13 депутаттык орун алган “Өнүгүү-Прогресс” партиясы болгону бир аялга, 12 мандаты бар “Бир Бол” партиясы болгону бир аялга, ал эми “Ата Мекен” партиясы эки аялга депутаттык орун берди. Бул дагы али тактала элек тизме.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда сот, прокуратура тармагын, Эсеп палатасын аял башкарып турат. Бирок ошентсе да аялдардын саясаттагы таасири табигый түрдө бекемделе албай жатканын белгилеген пикирлер арбын. Себеби, аялдар бийликке табигый күрөш аркылуу келбестен, атайын квотанын жардамы менен гана келип жаткандыктан, көп учурда алар саясий куралга айланып калышканы айтылат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG