Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Санжар Бакиевге мунапыс иштебей калды


Санжар Бакиев сот залында. Бишкек, 2-ноябрь, 2010.
Санжар Бакиев сот залында. Бишкек, 2-ноябрь, 2010.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жусуп Бакиевдин абактагы уулу Санжар Бакиевге колдонулган мунапыс чарасын атайын прокуратура жокко чыгарды.

Буга чейин жазаны аткаруу кызматы Санжар Бакиев жалпы мунапыс боюнча боштондукка чыгаарын жарыялаган болчу. Бирок анын жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калганына нааразы болгон анын агасы Куштар Бакиев аны саясий басым көрсөтүү чарасы менен байланыштырды. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы чукул өзгөртүлгөн мындай чечимдин себебин түшүндүрүп берүүдөн баш тартты.

Бир күндө өзгөртүлгөн чечим

Быйыл 20-мартта Санжар Бакиев боштондукка чыкмак. Буга анын тергөө абагында 2010-жылдын 25-июнунан бери отуруп, андагы бир күнү эки күнгө эсептелгени себеп болгон. Буга кошумча ал 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин жыйырма жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жаза мөөнөтү кыскартылган эле.

Бирок 20-мартта абак жайларындагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү атайын прокуратура Санжар Бакиевдин мунапыстан колдонуу укугун жокко чыгарган токтомду 15-мартта кол коюлган мөөнөт менен жазаны аткаруу кызматына тапшырган.

Мындан бир күн мурун эле жазаны аткаруу кызматынын маалымат катчысы Эленора Сабатарова Санжар Бакиев боштондукка чыгаарын расмий жарыялаган болчу:

- Эртең 20-март күнү соттолуучу Санжар Бакиевдин жаза өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу анын абак жайынан бошотулушу күтүлүп жатат.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы башында Санжар Бакиевдин жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырууга аталган органдын тиешеси жок экенин айтып чыккан. Бирок кийин жаза өтөө мекемелери боюнча атайын прокуратура Санжар Бакиевдин мунапысын жокко чыгарганы ачыкка чыкты. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы аталган чечимдин себептерин түшүндүрүп берүүдөн баш тартты.

Камакта кармоонун амалы

Мунапысты жокко чыгарган токтомдо Санжар Бакиев мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айып менен соттолгондуктан анын уюшкан кылмыш тобуна тиешеси бар деген маалымат камтылган. Мыйзам боюнча уюшма кылмыш тобунун өкүлдөрүнө мунапыс жарыяланбайт.

Абактагы Санжардын агасы Куштар Бакиев бул боюнча сотко кайрыла турганын айтты:

- Ал кылмыш жаза кодексинин 229-беренедеги кылмыш белгилери боюнча куралдуу топ түзгөн деген айып менен соттолгон. Бирок ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон эмес да. Бул боюнча учурунда тиешелүү далилдер сотто келтирилген эмес. Анан эми анын мыйзамдын негизинде бошонуп чыгаарына бир күн калганда аны УКТ мүчөсү деген шылтоо менен мунапыстын негизинде эркиндикке чыгышын жокко чыгарышты. Биз бул боюнча сотко кайрылып, анын УКТ мүчөсү экенин далилдеп берүүсүн талап кылабыз.

Санжар Бакиев 2010-жылы июнь айында Жалал-Абаддан кармалып, ага улуттар аралык араздашууну уюштурган жана башаламандыктын башында турган деген кине койулган. Кийин сотто ага койулган айыптоолордун көпчүлүгү далилденген эмес. Баштапкы сот аны мыйзамсыз курал алып жүргөн жана куралдуу топ түзгөн деген айыптоо менен он жылга эркинен ажыраткан. Кийин Жогорку Сот анын аталган жаза мөөнөтүн беш жылга кыскарткан болчу.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев башкы көзөмөл органынын Санжар Бакиевге карата мамилесин мындайча мүнөздөдү:

- Мунапыс деген парламент тарабынан кабыл алынчу атайын мыйзам. Соттолуучулардын жаза мөөнөтүнүн өлчөмүнө жана кылмыштын түрүнө жараша бардыгына бирдей мунапыс берилет. Анан анын Бакиевдин тууганы болгону үчүн эле мунапыстан пайдалануу укугун жокко чыгаруу акыйкатсыздык. Муну коомчулук да туура көрбөйт. Бирок эми Санжар Бакиевдердин кармалган бирден-бир өкүлү болгондуктан бул жерде кандайдыр бир саясий маселе болушу мүмкүн. Бирок жазаны аткаруу кызматы аны боштондукка чыгат деп жарыялаардан мурун прокуратура органдары менен эртерээк чечишип алышса болмок.

Санжар Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, маркум Жусупбек Бакиевдин кенже уулу. Ал 2010-жылы 7-апрель окуясынан жана июнь коогасынан кийин кармалып, соттолгон Бакиевдердин жалгыз өкүлү. Буга чейин анын абасы, Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев да кармалып, бирок ачык абак жайына соттолгон жеринен качып кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG