Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Депутаттар соту: Президент үн катты


Жогорку Кеңештин депутаттары: Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында. Бишкек, 10-январь, 2013.
Жогорку Кеңештин депутаттары: Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында. Бишкек, 10-январь, 2013.

Укук коргоочулар кеңешинин камактагы үч депутаттын иши боюнча тынчсыздануусуна президент Атамбаев жооп берди.

Өткөн жылдын 3-октябрындагы окуя боюнча соттук териштирүү соңуна чыгуу алдында турат. 29-мартта айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, андан кийин сот өкүм чыгарууга кетет. Бул арада Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши тергөө ишинин жүрүшүндө мыйзамдардын бузулушу сотко ишенимди кетирүүдө деп билдирип чыкты. Президент Алмазбек Атамбаев ага жооп берип, соттун чечимин күтүүгө чакырды.

Укук коргоочулардан кулак какты


Депутат Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Депутат Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Кыргызстан укук коргоочулар кеңешинин 26-марттын кечинде жарыяланган билдирүүсүндө, 3-октябрда Камчыбек Ташиевдин Ак үйдүн тосмосун ашып кирүүсү коомчулуктун айыптоосуна кабылганы белгиленген. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамдардын, Конституциянын бузулушу, оппозиционерлердин адвокаттарын куугунтуктоо сотко ишенимди кетиргени айтылат.

"Азыркы мезгилде тескерисинче, калктын бийликке кыжырлануусу артып баратат. Аны соңку нааразылык акцияларында элдин санынын көбөйүшү далилдеп турат. Ошондуктан бул тергөө учурундагы мыйзам бузууларды четтетүү үчүн бийликке коңгуроо болуш керек", - деп белгилейт укук коргоочулар.

Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү, “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова коюлган айып менен жасалган кылмыш туура келбейт деп эсептейт:

- Ошолордун жасаган кылмышына жараша берене коюлбай жатат. Биз эч кандай кылмыш жасаган жок же болбосо тосмодон секирбеди деген жокпуз. Ооба, факты болгон. Бирок ошол жасалган кылмышка жараша жоопкерчиликке тартылыш керек. Бул жерде болсо катаалдаштырылган беренелер коюлуп, жоопкерчилик күчөтүлгөн.

Азиза Абдырасулова 3-октябрдагы окуя боюнча соттун жүрүшү Аксы окуясы, Исмаил Исаковду кылмыш жообуна тартууну эске саларын, кыргыз бийлиги тарыхтан сабак алыш керектигин кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоочулардын билдирүүсүнө 27-мартта жооп берди. Мамлекет башчысы сотту сыйлап, анын чечимин күтүү керектигин белгилеген. Ошол эле мезгилде тергөө ишинин жүрүшүндө мыйзам бузуулар орун алгандыгын сот аныктаса, анда тиешелүү кызматкерлер жазаланарын билдирген.

Сот аяктоодо

3-октябрдагы окуя боюнча айыптоочу катары чыгып жаткан прокурор Асаналы Иманбеков укук коргоочулардын билдирүүсү негизсиз экенин айтат:

- 3-октябрь боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Айыптоочу тарап кандай жаза чектөө боюнча өзүнүн оюн билдирди. Анан эми чечилет да. Азыр көчөгө чыгып эле “туура эмес, туура эмес” деп кыйкыра берсе эле туура эмес болуп калат бекен? Ал деген мыйзамдын чегинде козголгон иш, мыйзамдын чегинде иш тергелди, мыйзамдын чегинде сотко жиберилди. Азыр сотто каралып жатат. Биз эми мыйзамды сыйлашыбыз керек да.

Прокурор Иманбеков ошондой эле укук коргоочулардын билдирүүсүн сотко кысым катары бааларын, сот кандай чечим чыгарбасын, аны аткаруу керектигин кошумчалады.

Митингчилер Ак үйдүн короосуна ашып түшүүдө. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Митингчилер Ак үйдүн короосуна ашып түшүүдө. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Укук коргоочулар болсо тергөө мезгилинде кетирилген катачылыктарды сот оңдоого тийиштигин белгилешүүдө. Алар 3-октябрь окуясы боюнча соттун жүрүшү Жалал-Абад, Ош аймактарында көз карандысыз маалымат каражаттары аркылуу толук көрсөтүлүп, калктын пикирин өзгөрткөнүн, алар радикалдашып баратканын эскертишкен.

Оппозиция лидерлери депутаттардын соттолушун саясий куугунтук катары баалап келатат. Бийлик аны четке кагып, 3-октябрдагы окуя боюнча кылмыш ишине сот чечим кабыл алыш керек дейт. Мына ушундай эле пикирди президент Алмазбек Атамбаев 16-мартта Жалал-Абаддан келген аксакалдарды кабыл алып жатып да билдирген.

20-январда башталган соттук териштирүү азыр соңуна чыгууда. Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 29-мартта айыпталуучуларга акыркы сөз берилет. Андан кийин судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетет. Ошондуктан соттун өкүмү 29-мартта же андан кийинки күндөрү чыгып калат.


"Азаттыктын" архивинен: 3-октябрдагы тополоң

Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG